Талант Өгөбаевдин таланты…

Кыл калем чебери Талант Өгөбаев жөнүндө сөз айтуу бир эсе оор, бир эсе жеңил. Себеп? Себеби, адамдын мүнөзүнө жараша го? Ал бир кезде Москвада окуур астында кыргыздын чыгаан пейзажчысы “Кыргыз уулу” Эр Сёменден бата алган. Эр Сёменубуз кыргыз философу Чоюн Өмүралиевдин аныктамасы – С.А.Чуйков. Чокемдей эч ким Чуйковго баа берген эмес! Чуйковдун кыргыз элине кылган жакшылыгын санап отурсак кагаз түтпөйт. Андыктан бул адамдан пайгамбарлык бата алган кыргыздын кыйын живописчиси Талант Өгөбаевдин чыгармачылыгына кайрылалы…

 

* * *

“Кыргыз баласына” айланган С.А.Чуйковду кимдер гана билбейт. Кыргыз жергесинде төрөлүп, элдин жашоо-тиричилиги менен бала кезинен тааныш Сёмен үчүн кыргыз эли-журту абдан ыйык болгон. Күндүзү кымыз ичип, ышкын терип, түн ичи жылкычылар менен койчулардын ырын да уккан ЭР СЁМЕН. Төтөн, Сёмен Афанасьевич достору менен Байтиктин Бозбөлтөгүнө чыгып жылып бараткан ак булуттарды карап жата бергенин көп эскерет. Константин Коровиндин эскергенине караганда Исаак Левитан да булуттарды карап жатчу экен. Балким, Улуу адамдар ушундай болобу?

Семен Чуйков
Семен Чуйков

Бозбөлтөктүн жонунан Бишкек алаканга салгандай. Кыргыздын ыр-күүлөрүн тыңшап, манасчылардын алка-шалка тердеп Манас айтканына да күбө болгон. Мына ошол бала чагынан берки элестер сезимтал баланын ышкылуу жүрөгүнөн түнөк таап, кыл чебер болгондо баары кайра ассоциацияланып көөнөрбөс чыгармаларга айланды. Кыл чебер чыгармасын айлап, жылдап тарткан. “Советтик Кыргызстандын кызын” жаратууда композициялык эскиздерден жыйырмадан ашуунун жазыптыр. Чоң-Арык менен Орто-Сайдын кыздарынан он этюд жасап, андан кийин гана картина жазууга киришкен экен.

"Советтик Кыргызстандын кызы"
“Советтик Кыргызстандын кызы”, автору С.Чуйков

Мындай чыгарманы сюжеттик картина десек да болот. А бирок сүрөттүн түзүлүшү портретке жакындайт. Бизди таң калтырганы кыл калем чебердин он кыздын ичинен Айымжамал Өгөбаеваны тандап алганы кызык? Башкалардан Айымжамал Чуйковго эмнеси менен жакты экен?! Ал эми атка учкашкан Айымжамал менен анын иниси Бакирди кыл чебер жетээр жерине жеткизе сыпаттаган. Кыйналып-кысталып жатып чогулткан этюддарынын аркасында акыры лирикалык маанайдагы “Кеч” картинасы жаралган.

Аталаш инисинин баласына ак жол каалаштын өзү мекенчил эр-азаматтын иши го? Кыргыз элинин таланттуу уулунун өз эл-жерине болгон сүйүүсү чексиз эле. Мына ошо кыргыз көркөм сүрөтүнүн алгачкы карлыгачы, баштоочусу, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин коллекциясын топтоочу (72 картина), пайдубалын орноткон, С.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын негиздеген, Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр кошуунун уюштурган адам – Сёмен Афанасьевич Чуйков Талант Өгөбаевге пайгамбарлык батасын берген. Бата жөн жерден берилбейт. Бата жуккан адамга жугат. Бата алган адам ошо батага татыктыбуу? Аны келечек көрсөтөт. Бирок биздин Таланттын дээринде бар экен Эр Сёмендун батасын улап кетти. 1975-жылы Фрунзедеги С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрдү. 1982-жылы болсо В.И.Суриков атындагы Москва мамлекеттик көркөм сүрөт институтунан атагы таш жарган, станкалык живопистин профессору Т.Т. Салаховдун өнөрканасынан таалим-тарбия алды. Устат жана шакирт. Азербайжан Таир Салахов жана кыргыз Талант Өгөбаевдер. Буларды кимдер билбейт?

 

* * *

Живописчи Талант Өгөбаевдин С.А.Чуйковдун “ Советтик Кыргызстандын кызына” – прототоби Айымжамал Өгөбаева эжесине бир аз таарынычы бар. Бирок бул таарыныч эмес, тескерисинче өткөн ишке өкүнүү.

“Талант Өгөбаев считал, что это было неправильное решение. Ведь девочка упустила редкую возможность изменить свою судьбу. Если бы Айымжамал получила образование в Москве, говорил он, то могла бы стать выдающимся общественным или государственным деятелем. Как, к примеру, первый министр иностранных дел и глава министерства культуры Киргизской ССР Кулийпа Кондучалова. Эта обычная киргизская девушка, благодаря полученному образованию и своей целеустремленности, сумела сделать блестящую карьеру и многое сделала для своей страны. Именно во время её работы на посту министра искусство Киргизии получило международное признание”. Не кылабыз? Тарыхтын тай күлүк ташын артты карай чимирилте албайт экенбиз. Не болсо да, Айымжамал эже өз тагдырын өзү чечкен тура?!

 

* * *

Ачыгын айтыш керек. Тээ 80-жылдардын аягында эле искусство таануучулар Талант Өгөбаев жөнүндө жылуу сөздөрүн айтышкан. Жылкычы Жакыпов, Эмил Токталиев, Эркин Салиев жана башка сүрөтчүлөр менен бир катар “Жаңы толкундун” балдарына өз бааларын беришкен. Кыргыз көркөм сүрөт өнөрүн Кайра куруунун жел аргысы каптап турган мезгилде кыргыз живописинде өз барагын ачкандардын бири Талант эле. Анын картиналарынан ар дайым бир социалдык подтексттерди сезчүүбүз. Бир кезде, тактап айтканда 1987-жылдары Москва шаарынын Манежинде “Шаарга кеткен жол” жана “Аялдама” эмгектеринде анын борбордук цивилизациядан артта калган кыргыз элинин түпкүрдөгү турмушу чагылдырылган болучу.

 

* * *

Советтик доордо сүрөтчүлөрдө айлык акы деген түшүнүк деле жок боло турган. Анткени алар үгүт-насаат иштерине буюртма тапшырмаларды алып, китептерди жасалгалап жанын багышкан. Бул совет мезгилинин жакшы жагы, тактап айтканда, чыгармачылык эмгек мамлекет тарабынан колдоого алынган. Албетте, идеологиялык канондор болгон. Бирок алар чыгармачылык менен алектенүүгө кедергисин тийгизген эмес. Москва менен Ленинградда билим алышкан сүрөтчүлөр ар кандай агымдардын таасиринде болушкан, бейтарап көргөзмөлөр өтүп турган. Негизи мындай чөйрө келечектеги кыл калем ээлеринин көз караштарын аныктаган. 90-жылдардын башталышы кызык болду.

“Баягы бейтарап жашоо кайдадыр безип жоголду. Анын ордуна социалдык беймазалык каптады. Бардык тарабыбыз кыйрай баштады. Ак дилинен кызмат кылган карапайым кыл калем чеберлери, чагылдыруунун экспрессивдик формаларын талап кылып, ошол мезгилдин маанайын сыпаттоону өз иштеринде бере албай калышты. Постреалисттик аллегориялар жаралып, сюра жаратууга аракеттер башталды. Искусство таануучулардын айтымында кыргыз көркөм сүрөт өнөрүндө ошондо өз алдынча айбанаттар стили пайда болду: марал-эненин мүйүздөрү, төөлөрдүн кербени, кериктер (носорогдор), кандайдыр бир фантастикалык шумдуктар пайда болду. Ал мезгилде живописттик пейзаждарды тарткандарды башкача карап калдык… “

Т.Өгөбаевдин эскергенине караганда, ал учурда самандан жасалган короолорду, эшектерди жазган коллегалар-сүрөтчүлөр бирин-бири кекээрлеп сүйлөшүп башкача болуп бараттык. Капитализмдин келиши менен бир сааттын ичинде сенин Ата Журтка болгон кусалыгың да, нака турмуш тартып жатып социалдык жиреп чыгууң да, келишим менен иштеп берүүңдүн да тамтыгы чыгып жок болду. Сүрөтчү колун шилтеп койду. Мага ал эки колун жансап жаткандай туюлду…

“Баякы мамлекеттин ордуна заматта олигарх болуп алган мурунку райкомдун инструктору башкы заказчикке айланды. Анын тыйынды жакшы таап жанын баккан чыгармачылык интеллигенцияны класс катары жашыруун жаман көрөөрүн жакшы билчүүбүз. Анткени биз дүйнө кезип көп жүрөбүз. Жакшы тыйын табабыз. Күтүүсүздөн эле экс-инструктор бай болду да калды. Билбейм. Эмне тартыш керек? Кайсы бөлмөгө илиш керек? Заказдарды биринин артынан бирин биздин моюнга иле баштады. Бат эле башкы заказчикке айланды…”. Талант ийнин куушурат. Коомдогу мындай көрүнүш учурунда көптөрдү тан калтырган. Деги мындай окуя Кыргызстанда гана болот го?

“– Ошентип кайсы бир учурда сүрөтчүлөр башка катмарды тейлөөчү персоналга айланды. Идеологияны итиндей кылып жетелеген компартиянын бийлигинин тушунда да мындай эмес эле, мындай абал өтө коркунучтуу болчу. Компартиянын тушунда жазганыңды жазып, жаратканынды жаратып, каалаганынды жасап, системага болгон каяшаңды айтып калчуусуң. Азырчы? Эркиндик, бирок эмне кылыш керек деген маселе кабыргасынан коюлган? Көп сүрөтчүлөр байларга иштеп, алардын табити боюнча жараткандарын элге тартуулай башташты. Акырын стилдешкен салондук живопись пайда болду. Ырас, “искусство ушундай болот го?”- деп жаш муундагылар ойлоп калышы мүмкүн. “Картинасы чет элдик жеке коллекцияда дейт го?”- деп шыбырашышы ыктымал. Жок. Жок. Мындай иштерди бизге келген ар бир чет элдик сувенир катары сатып алып кетишет, же калпбы? Мындай жагдай Кыргызстанда азыр да сакталууда”. Таланттын үшкүрүгү таш жарат. Кайран гана сүрөтчү? Сенин үнүңдү ким угат? Ким угат азыр кыл калем чеберинин жан дүйнөсүн? Ким угат? Уккандар калды унутулуп, утулгандар алды.

 

* * *

Талант Өгөбаев өткөн тажрыйбасына таянып, техниканы чебер пайдалануу сүрөтчү болуп калдым дегенге жатпайт деп эсептейт.

“Күн сайын өзүң менен өзүн иштешиң керек. Маданий потенциалыңды чыңда, акыл-эс жөндөмүңдү кеңейт. Жеке өзүндүң кризистериңди жеңе бил. Эл аралык көргөзмөлөргө катыш. Сени сындаган искусство таануучулардын бир эки жолу башка же. Эс аласың. Тажрыйба топто. Мындай таалим-тажрыйба ар дайым керек болот. Өсүп-өнүккөнгө жакшы. Өмүр бою таалим-тарбияга жетем дейсиң. Токтоп калсаң, деградация болсуң – кээриң кетет.

Эгер Сен бир таякты же чырпыкты жерге түшүрүп ийсең, аны өйдө көтөрүү кийин кыйын болот. Сенин чеберчилигиң, Сенин табиятты сезе билүүң, кыскасы, чыгармачылык күч кубатың – даяр болбосоң баары алеки замат кулап түшөт“, – кыл калем чеберинин жан дүйнөсү куруп баратты. Кур-уп барат. Жан дүйнө. Кыл калем чеберинин жаны. Сүрөт го? Көргөн билгени сүрөт го?

Деңгиреп каласың. Качандыр бир кезде Өгөбаевге Советтер Союзунун булуң бурчтарынан келген сүрөтчүлөр менен баарлашуу өтө чоң жардам болгон. Сенеждеги базага – Чыгармачылык Үйгө барганда ар бир сүрөтчүнүн деңгээлин максаттуу бир багытта баалаган атайын комиссия бар. Ооба, Бишкекте бир мезгилде чыгармачылыгы жагынан кандайдыр бир жарк эте түшкөн адамдар болгон. Бирок аларың мезгилине жараша эле.

 

* * *

Живописчилердин арасында азыр заманбап искусство жанрында (contemporary art) иштегендер өтө аз. Көбүнесе интерьер үчүн жаратышат, декоративдүүлүктү, стилдешүүнү колдонушат. Этноэпикалык символикаларды каалагандай эзип пайдаланышат. Таланттын “Өткөндөн кат” эмгеги. Эң сонун иш. Бир жарым сааттын ичинде европалык импрессионисттерден кем эмес иш жаратууга Талант Өгөбаевдин дарамети жетет. Деги кыргыз элинин жигиттери кыйын? Сүрөтчүлөрү дегеним.

Кыл калем чеберлери майдаланып отурбай, биринчи көрүп туюган нерсени бузбай сактап калуу менен бир дем менен картина жазууну башкы билген нерсеси катары карашат. Анын кайсы гана ишин албайлы: Эркиндик бульварыбы, же Бишкек шаарынын жакшы булуң-буйткаларыбы, же эски үйлөрбү, жаан жаңыдан гана жаап өткөн Чүй проспектисинин жаркыраган асфальттанган жолубу? Баары автордун талантынан кабар берет. Ата Журтуна, тууган жерине – шаарга болгон атуулдук сүйүүсү, тынч, ыңгайлуу, эл аз жерлерге болгон ностальгиясы, кусасы. Анын ар бир картинасынан живопись чеберинин эн тамгасын сезебиз: түс жана жарык, жеңилдик, фактура – бөтөнчөлүгү.

Шаар проспектисиндеги эски үйбү же борбордогу карга чулганган бульварбы, баарында тең кыл калем чеберинин объектиге болгон ички мамилеси байкалат. Мындай иштер Т. Өгөбаев үчүн сүрөткерлик дараметин сактап туруш үчүн керек. Бирок анын ою боюнча “Чыныгы кыл калем чебери өз миссиясы менен чыгармачылык жолун таанып билүүсү керек!”. Мына ушуну туу тутат. Чыгармачылыгында ал жолдон тайган жок…

“Чыгармачылык гана турмушту толук сезүүгө жана түшүнүүгө жардам берет, ар бир күн сенин акыркы күнүң экенин эске алып, өлүмгө момундук менен тике кароого алып келет. Чыгармачылык гана сенин кыйынчылыктарың менен таң калууларыңды четке кагып, өзүңдү кубаныч менен шаттыкка бөлөйт. Жаңы долборлор менен курч темалар мээңде күйө баштайт…” Бул унутулгус абал. Талантты ой басты. Чыгармачыл адамдар өтө сезимтал болот эмеспи…

 

* * *

“Жан дүйнөнүн жарыгын жана турмушка болгон мамиленди чагылдырган, бирок көзгө толумдуу эмес бир нерселерди жаратсаң болот. Ооба. Менин сатам деген иштерим көп. Шаар пейзаждары, натюрморттор, портреттер, бирок алар ары-бери чүргөй салган иш эмес, чын ниеттен тартылган эмгектер. Эгер жаза билсең, эмне үчүн тартпашың керек? Эки колуңду бооруна алып: мен гениймин деп отура бергенде Сени ким түшүнөт? Биздин шартта нан таап жегенге тыюу салынбайт го? Анын үстүнө Сен бирөөнүн күйөөсү, бирөөлөрдүн атасы болгондон кийин үй-бүлөнү шартка жараша багыш керек, балдарыңды окутушуң керек! Мунун көп жолу бар эмеспи, Сапаш!” Чын эле Талант айткандын чындыгы бар.

 

* * *

“Жаңы экономикалык сөздүк. “Миллионду аралап тааруу” түрмөгү ушинтип аталат. Буга дагы эки иш кошулат. Бири “Үстөгүн берсең”, экинчиси – “Сактап калабыз”. Иштер Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кыл калем чеберинин берген жообу. Сүрөтчүнүн өз мезгилинде учурдагы процесстерге кайтарган олуттуу мамилеси. “Миллионду аралап тааруу” ишинде электр араасын кармаган эркектин келбети. Заманбап турмушубуздагы актуалдуу түшүнүктөргө болгон сүрөтчүнүн кайтар дүйнөсү. Өлкөдөгү саясий экономикалык абалга болгон кыл калем чеберинин сарказмы. Кыйытып айтуу. Шылдың.

 

* * *

Кыл калем чебери өз чыгармачылыгында жылуу сөз айтуу менен ностальгия темасына кайрылат. Ал неореализм стилиндеги “Балдардын оюну” деген иштердин түрмөгүн жазган. Анда ата-энелеринин балалык курагына терендеп кирип, каармандарына өткөн доорду ички туйгулары аркылуу калыбына келтирет. Картинада өткөн доорго болгон анын каттары, балалык кези өткөн Ата Журтундагы каралбай калган жерлер боюнча Таланттын кусалыгы камтылган. ..

“Ысык-Атага жетпей жайгашкан Красный Восток айлы эске түшөт: кээде биз баш паанек кылуучу шуулдаган жүгөрүлөр, орулбаган жүгөрү талаасы, четин отоо чөп баскан камыш үйлөр, алыстан бүлбүлдөп көрүнгөн шаар оттору, ата-энеңди эске салып адамды муңга батырган сарысанаа!” Талант саамга ойлонуп калды. Куса болуу жан дүйнөсүн каптап кеткендей.

 

* * *

Башка бир ишинде Кенес-Анархайдагы кыштоо. Учурунда биздин малчылар казак тааласында коюн жайып, кыштап жүрүшкөн. Качандыр бир кезде биздин сүрөтчү ал жерде болуп, киши эмес ит өлчү жерлерди, бирок койлорго ыңгайлуу мемиреген ээн талааларды, катаал жерлерди этюддарында сыпаттаган. Бала деген бала. Ушундай жерде топ ойногон балдар. Балага эмне? Башка бир эмгегинде согуштан кийинки кыздар жылмайышат. Бул каармандарынын кебете-кешпирлери да бир башкача. Алар азыркы цивилизацияга манчыркаган заманбап маңбаштар эмес. Живописчи Жылкычы Жакыпов айткан дөңбаштар эмес.

 

* * *

“Азыр идентификациянын жигердүү процесси жүрүп турган кез, ошол мезгилдеги кыргыздарда эмне баалуу эле, аны түшүнүүгө жана кармап калууга аракеттер жүрүп жатат. Биздин элдин бүтүндүгү бар эле да. Карыялар кандай эле?. Азыркы дүжүр чалдарга караганда алар башка топурактан алынган сыяктуу. Нарктуу, кадырлуу, акылман, топуктуу.

Эсимде. Айылда той болгондо, жаш курагына жараша уй мүйүз болуп отурушчу. Каада-салтты катууу сакташчу. Улуу сөздөн кеп салышып, кийинген кийимдерин айт. Алардан ички нарктуулук билинээр эле. Ошондо биз алардан кыргыздар байыркы эл экенине, келечеги кең эл экенине ишенчүүбүз. Курулай кыйкырбай эле кыргыздарды байыркы эл деп айтса болот. Болгону күн сайын майыңды чыгара иште. Жаак ылдый тер куюлуп турсун. Болду. Көйгөйлөрдөн кеп козгоп, чычкандын мурду өткүс чытырман токойго кирип кетебиз да, мурдубузга жакын турган өз тарыхыбызды билбейбиз. Билбей келатабыз го, азырынча?”

 

* * *

“Мен таза болсом, сен таза болсоң, ал таза болсо, коом дагы таза болот” деген Исхак Раззаковдун сөзү бар го? Өткөн жүз жылдыктын орто чендеринде ушундай мамлекеттик кызматкерлер бар эле. Балким, азыр да бардыр. Мезгил бизден ири формаларды, жашоо тууралуу, жана эл жөнүндө ой жүгүртүүлөрдү талап кылат?”

 

* * *

“Адабияттан да, кинодон да масштабдуу эч нерсе көрбөй турам. Балким бул биздин маданияттын жалпы көрүнүшүдүр? Адабият Айтматов жана Ибраимов менен чогуу өлдү. Мурунку керемет кыргыз фильмдер азыр бош резина упчу сыяктуу, эл түшүнбөгөн фестивалдарда эч кимге түшүнүксүз сыйлыктарды алып жатышат. Мен музыканы жакшы түшүнөм, баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Ооба, киночу акчасы жок кино тартпайт, ырчыбыз бош бөлмөдө айкырып ырдай бербейт, жазуучу басмаканасыз жазгандарын чыгарбайт. Бирок живопись эркин да! Картинаны тартып салдың, ары каратып дубалга жөлөп кой. Башкасын тарта бер. Менин оюмча, кептин баары мамлекет акча төлөп бербей койгондо эмес. Башкада. Эгер эртең каражат бөлүнсө, ошондой эле картиналар жазылат. Бирин-серин гана адамдар жаратат чыгарма. Тарыхты түзүшөт. Ушундай болуп келген, боло бермекчи. Бирок эмнеге мурунку заманда мындайлар көп болгон. Мүмкүн, баары чөйрөгө байланыштуудур? Ырас, француз кыл калем чеберлери-постимпрессионисттер да ачка болушкан, бирок аларың жемиштүү жана эң жакшы жагдайда жашашты го…”

Сүрөтчүбүздүн тамагы кургап калды окшойт. Талант жакшы сүйлөйт. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көбү сөзгө чоркок болушат. Болгон дараметтери холст бетиндеги мейкиндикте сыналат. Таланттын күйгөнү – мекенчилдиги! Күйүп-бышып Эл, Жер, Тил триадасы үчүн кызмат кылат. Мунсуз жашоо болбойт. Мамлекеттин идеологиясы жөнүндө кеп кылыштын кажети жок. Өгөбаев кыргыз элинин тагдырын ойлогон адам…

 

* * *

“…Мамлекет алтын корун толукташы керек. Эң мыкты делген биздин иштерди музейлерге сатып алып, мамлекеттик мекемелерде иштеген искусство сабагын берген мугалимдерди жакшы маяна менен камсыз кылышы зарыл. Америкада да, Европанын батышында да ошондой. Европада же Америкада музейдин температуралык режимин сакташ үчүн акчасын аяшпайт. Бизге эки музей керек. Бири классикалык музей, экинчиси заманбап искусствонун музейи. Маселен, Азербайжанда биринчи леди Алиева Мехрибан Ариф кызынын демилгеси менен дүйнөлүк деңгээлдеги укмуштуудай заманбап искусствонун музейи курулган. Анын сүрөтчү-кеңешчиси болгон. Ал үйлөрдүн чатырларынан эчак сөөгү сөпөт болгон сүрөтчүлөрдүн эмгектерин, мурун ичип кеткен, сүрөтчүлүк таланттары чаң басып көмүлүп калган инсандардын эмгектерин таап чыгууга жардам берген. Биринчи леди унутулган ар бир сүрөтчүдөн үч картинаны көрүүчүлөрдүн назарына койгон. Жыйынтыгы.

Дүйнөлүк музейлерге татыктуу бизде баалуулуктар бар да. Авангарддын эң сонун коллекцияларынын бир бизде. Кумтөр бүгүн бар, эртең жок. Уурдашты. Качып жоголушту. Алтын да түгөнөт. Искусство – кылым кыйырына кетчү баалуулук!”

 

* * *

Т.Өгөбаев бирде кайгырып, бирде ойлонуп жатты. Сүрөтчүнүн турган турпаты, кебете-кешпири көп нерседен кабар берет. Өгөбаевди карап туруп, бул адам мурунку жашоосунда кыргыздын бир философу болгонбу деген ойлордун мухиттинде калкып кетем. Ойлору терең. Күйдүрүп сүйлөйт. Сөз кунун жакшы билет. Кеп наркын баалай алат.

“Искусство эмнеге керек? Сүрөтчүнүн картинасы акча менен бааланып, кымбат сатылышы керекпи? Искусство доорду документтештирүү менен жана мезгилди бере билет го.

Музейлерди кыдырып, картиналар сакталган жайларды көрүп чыккандан кийин биз маданият жана тарых боюнча бүтүндөй бир түшүнүккө ээ болобуз. Адамдардын маанайын чагылдырган мезгилдин концентрациялашкан маалыматын алабыз. Өткөн 20 жыл кыргыз мамлекетинин бурулуш жылы жаңы доорунун калыптануусу болуп, элибиздин кескин өзгөрүшүнө алып келди. Бирок бул масштабдуу процесстер Улуттук көркөм сүрөт музейинин коллекциясында олуттуу чагылдырылбайт. Заманбап гана кээ бир сүрөтчүлөрдүн эмгектерин тапсак болот, бирок ал жылдары канчалаган эмгек жазылды эле? Канчалаган? Көп иштер, жеке коллекцияларга сатылып кетти. Ачыгын айтсак, бүтүндөй бир доор кыргыз мамлекетине кереги жок болуп чыкты. Менин оюмча, бул биринчиден, ошол кездеги бийликтин, Маданият жана маалымат министрлигинин иштебегендиги. Сүрөтчүнүн картинасын сатып алдымбы, аны музейге өткөзүп берейин деген меценаттар тарабынан да көзгө көрүнөөрлүк сыпайгерчилик болгон эмес”. Талант Өгөбаев дагы эле болсо элинин келечеги үчүн тынчызданат. Ал ошондой адам. Бекер жеринен символдордун тилинде “Жаңы экономикалык сөздүк”, “Миллионду аралап тааруу”, “Үстөгүн берсең”, “ Сактап калабыз” түрмөгү жаралып жаткан жок да?

Мен сыйлаган маркум искусство таануучу Анна Воронина сонун адам эле? Учурунда Талант тууралуу орошон оюн айткан: “Искусство Таланта Өгөбаева привлекает многообразием творческих импульсов. Художник всегда разный. Лиричный и созерцательный станковизм уживается у него с откровениями концептуального жеста. Любование красотой предметного мира органично соседствует с абстрактными отрешениями от него, ради более интенсивного поиска выразительности”. Аннадан артык Өгөбаевге баа бериш чекилик болоор?

Деги кыргыздын сүрөтчүлөрү кызык кишилер. Чыгармачылык боюнча кеп козголсо, бүттү, каны-жини аралашып калышат. Ичишет. Тойлошот. Бирин бири мурдун жарат. Кызуу кандуу. Кайра кучакташып достошушат. Ичишет. Эн негизи алардын духу жана сүрөтчүлөрду колдогон чөйрө болсо болгону?

Т.Өгөбаев “Жайкы өргүү мезгилдери”, “Аба батпереги” аттуу тематикалык картиналардын, “Жетинчи ыр”, “Чабалакейлер”, “Раджаб”, “Агрессия” сыяктуу абстракттык-символикалык чыгармалардын, “Шамал”, “Эски Нарын” өңдүү пейзаждардын автору. Дагы көп иштер айтылбай калды.

Анын пейзаждардагы живописттик тили көркөм, дайыма өзгөрүп туруучу ыкмада, ошол эле мезгилде анын кыл калеминен кенен жана ачык (pastoso) форманы берүүдө боёк катмарын калындатып бере алат “Ысык-Көл пейзаждары”.

Мисалы ал “Бак III” жана “Сирень гүлүнөн бир байлам” иштеринде ал кылдаттык менен эң жука, жарым жартылай тунук шилтемдер аркылуу жана кургак калың катмардын үстүнөн иштеп отуруп жазган картинасын бирдиктүү бир өңдүк палитрага алып келет же тактап айтсак акырын гана олуттуу бир түстүк гаммага такайт. Талант фреска техникасынын да майын чыгара иштейт. “Фреска менен иштөөдө мага атактуу И.Гётенун “Западно-восточный диван” деген китеби дем берди, анткени анда Чыгыш элинин тарыхы, адабияты менен дини кенири баяндалган”, – дейт. Көп окуйт. Казып окуйт. Чыныгы интеллектуал. Окурмандардын эсине: бир кезде ал “Махабат космосу” картинасы үчүн Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы болгон Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган.

Бизде кимдер гана батперек учурбайт. Учургандар көп болгон. Мурунку доордо батперекке байланыштуу жыйырмадай картина жазылыптыр. Алардын бири биз суктанган Марк Шагалдын “Воздушный змей” (1926) картинасы, экинчиси Талант Өгөбаевдин “Аба батпереги” (1987-1988). Жазган жылдарынын айырмасы 62 жыл. Шоңшойгон боз үйлөр. Үрккөн музоо. Бала. Кызыл. Кызгылт жер шаары. Батперек учурган бала боз үй алдында чуркап жүрөт. Марк Шагалдын каарманы болсо тамдын чатырына чыгып батперек кармап алыптыр. Таланттын таланты ушунда ачылган, ал картинаны биздин улуттук калыпка салган. Баланын баё дүйнөсүн биздин күндөргө жакындаштырган. Картина бала чактын ностальгиясына толуп калган. Мага ал кыргыз Марк Шагалындай туюлат. Түй-ата, мага дагы бир Марк Шагалдын сөзү эске түштү: “Вместилище эмоций-художник!” деген. Бирок, ал Талант Өгөбаев.

“Батперек”, 1955
“Батперек”, 1955

Мен Талант Өгөбаевди мактагандан алысмын. Анын иши – анын өмүрү. Эмгеги менен элге жаккан кыргыз живописчиси.

“Живопись – это моя жизнь, и я отдаюсь ей полностью. И этим все сказано!”. Талант Өгөбаевдин бул сөзү анын чыгармачылык кредосун аныктайт.

Кептин акыры, 25-сентябрда биздин кыл чебер ТАЛАНТ ӨГӨБАЕВ 68 жаштын суусун ичет.

Жерге түшкөн күн кут болсун.

Талантты элибизге тартуулаган Ата-энесине ыраазыбыз!

Кыл калем чеберине аманчылык тилейли!

This slideshow requires JavaScript.

Талант Өгөбаевдин башка сүрөттөрүн бул жерден көрсө болот.

Сапалкан АРИПОВ, 20.09.2023

Баш сүрөт https://kaktus.media/ сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.