Кайыпов: Эне тилди өздөн чыккан жаттар өнүктүргөн эмес

Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш кандай жүргөн? Кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйынындагы маанай? Кандай тоскоолдуктар жана оорчулуктар болду? Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз.

– Сулайман агай, ушул мыйзамды даярдоодогу кара жумуштарды аткарган, аны талкуулоого жана кабыл алууга катышкан кишилердин бири катары анын тарых-таржымалын өзүңүздөн угалы. Бул аракеттер качан башталган, мыйзам кайсы учурдан тартып даярдалган?

– Мамлекеттик тил маселеси мурдатан эле козголуп келген. Айрыкча Кавказ, Балтика боюндагы өлкөлөрдө “ар бир мамлекеттин өз тили болуш керек, эне тилибиз орус тилинин көлөкөсүндө калып жатат, ошондуктан тилибиздин макамын көтөрөлү, мамлекеттик тил болсун, ар бир жаран эне тилин билүүгө тийиш” деп, башта эле аракеттер болгон. Негизи алар мурдатан эле өз тилдерин өнүктүрүп келген. Ага эч ким каршы деле болгон эмес. Мен 1975-жылы декабрда университетти жаңы эле бүтүп, академияга жумушка орношкондо Литвага илимий командировкага баргам. Орус тили анча-мынча эле колдонулбаса, алар негизинен литва тилин колдонушарын ошондо эле байкагам. Кишилер көп деле орусча сүйлөбөйт экен. “Булар эмне үчүн орус тилинде сүйлөбөйт, биз орус тилинде сүйлөбөсөк өзүбүздү адам сезбей калабыз” деп, абдан таң калганбыз. Көрсө, ал өлкөлөр өзгөрүүгө даяр экен, ал эми биз даяр эмес экенбиз.

Биз мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдук. Мисалы, 41 беренеден турган мыйзамдын текстин депутаттарга түшүндүрүү кыйын болду. Чабаны, сугатчысы болуп, 350 депутат бар эле. Аларга түшүндүрүп баратсаң эле, “орус тили кандай болот?” деп суроо беришет. Орус тилинин тагдыры тууралуу ойлончу кишилери бар, Орусия деген өз мамлекети бар. Алар кандай кылышты өздөрү билет. Биз өзүбүздүн эне тилибиздин мартабасы тууралуу кеп кылып жатабыз, эне тилибиз жоголуп кетпесе экен деп, ошого аракет кылып жатабыз деп акырын түшүндүрдүк. Болбосо койчусу деле, уйчусу деле, интеллигенти деле “орус тили болбосо болобу, орус тилин үйрөнүш керек” деп башташат. Ушундай психология таптакыр сиңип калган экен.

Мыйзамдын биринчи тексти кол жазма түрүндө даярдалды. Ал кезде машинкеге бастыруу да өзүнчө маселе болчу, компьютер деген жок. Кол жазма түрүндөгү алгачкы текстти азыркы академик, белгилүү тилчи Сыртбай Жолдошевич Мусаев үйүндө даярдап келди. Эртеси биз аны карап чыгып, оңдоп-түзөп, кошумча-алымчаларды киргиздик. Башында Бүбүйна Өмүрзаковна Орузбаева турган төрт киши – Сыртбай Мусаев, мен жана Сыдыков деген окумуштуу кара жумушун аткардык. Талкууда айтылгандарды улам жазып алып кошумчалап отуруп, төрт айдын ичинде 41 беренеден турган мыйзамдын текстин даярдадык.

Мыйзамдын долбоорун талкуулаганда азыркы Кыргыз эл баатыры Медеткан Шеримкулов башында турган жыйын өттү. Талаш-тартыш көп болду. Айрыкча орус тилдүү кыргыздар өтө чоң душмандык жасады. Орус тилдүү болуп калган кыргыз эне тилин үйрөнгүсү келбейт экен, аны кадимкидей жерийт экен. Ошондо биз “өзү кыргыз болуп туруп, кыргыз тилине ушунчалык каршы болобу?” деп таң калганбыз.

Тил мыйзамын кабыл алып жатканда, отурумга биз дагы катышканбыз. Депутат болбосоңор дагы отурумга катышып, байкап отургула, керек учурда депутаттар менен иштешкиле дешип, бизди да кошуп коюшкан. Архивде ошол видео материалдар сакталып турат. Биз бул ишти абдан толкунданып, зор үмүт менен, ушундай болсо экен деп, зарыга күтүп орундаганбыз. Мыйзамдын ар бир тамгасын, сөзүн жазып жатканда кыргыз эли үчүн анын маани-маңызы, келечеги тууралуу ойлонуп отуруп жазганбыз. Мыйзамдын түп нускасы абдан мыкты иштелген. Бөлөк өлкөлөрдүкүнө салыштырганда биздики өтө демократиячыл болчу.

Ачык, түз колдонууга мүмкүн болгон мыйзам даярдалган. Кийин алымча-кошумча кылып отуруп өзгөрүп кетти. Расмий тил деген түшүнүк кирди. Бул башында жок болчу. Мыйзамга ар нерсени кошо берсе, анын мааниси кетип, иштеши да абдан кыйын болуп калат экен. Мисалы, азыр кайсы бир соода түйүнүнө соода кылайын деп барсаң, сатуучу сага орусча сүйлөсө, “кыргызча сүйлөбөйсүңбү” десең, ал “расмий тил деген бар” деп, беттен алат. Ансыз орус тили такыр кыйрап кала тургансып, анын коргоочусу болуп чыга келет.

Ал кезде мындан бетер болчу. Ошол биз катышкан отурумду белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков алып барып жатты (Жогорку Кеңештин төрагасы Таштанбек Акматов эле). Ал улам бирөөгө сөз берет – ал кезде баары мурдатан даярдалчу – сөзгө чыккан киши да даяр текстти окуйт. Кыргызстандын Иванцов деген башкы прокурору бар эле. Ошол отурумда ал сөз алып, кыргыз тилин жерден алып-көргө салган. “Кыргыз тили феодализмден калган тил, анын лексикасы начар, муну менен кантип илимий иштерди жүргүзөсүңөр, кантип саясатты сүйлөшөсүңөр” деп, орусчул турумдан туруп кыргыз тилине сокку урган. Биз орустарга каршы эмес элек, айрымдарыбыз Орусиядан билим алганбыз. Орус тилинин өзүнүн орду бар, бирок Кыргызстанда кыргыз тилинин да орду болсун эле деген ниет болгон. Ал аны туура эмес түшүнөт экен. Кыргыз тилин да үйрөнүп алса болот да, башка өлкөлөрдө үйрөнүп эле жатышпайбы. Ал кыргыз тили эч нерсеге жарабайт деп, өтө катуу кетти. Залда отурган депутаттардын баары полду тепкилеп, каршылык көрсөтүп, ызы-чуу кылышты. Апсамат Масалиев “мага сөз бериңиз” деди эле, Тургунбай Садыков укпай калды окшойт. Ошондо ал өзү эле трибунага жүгүрүп келип, башкы прокурорду катуу жемелеп, барскан менен төбөдөн чапкандай кылды. Мен эми бул дароо арызын жазып, кызматтан кетет болуш керек деп ойлодум эле. Жок, ал кийин да иштеп жүрдү. Апсамат Масалиев:

– Эмне ызы-чуу кыласыңар! – деп залдагыларга кайрылды. – Мыйзамды кабыл алуу же кабыл албоо силердин колуңарда, кол көтөрсөңөр өтөт, колдобой койсоңор өтпөйт, – деди.

Кийинчерээк Апсамат Масалиев жөнүндө “ага жогору жактан телефон чалышкан”, “ал бир күн күттүргөн” деген сыяктуу чындыкка коошпогон мифтер айтылып жүрдү. Анын баары калп. Ошондо Апсамат Масалиевич менен Аскар Акаевич чоң роль ойногон. Муну айта кетишибиз керек.

– Ошол кезде өлкө жетекчилеринин туруму кандай болду эле? Москваны кылчактап карап, эки анжы, илең-салаң турумду кармангандар болдубу?

– Андай болгон эмес. Таштанбек Акматов өткөрүп жаткан акыркы талкууда бирөөлөр “өзүңүз эле өткөрүңүз” деп суранды окшойт. Апсамат Масалиевич келип, чогулушту кайрадан өткөрдү. Адегенде мыйзамга каршыларды сүйлөтүп алып, “эми адистерге сөз берели” дегенде, биз Орузбаева эжени чыгардык. Ал эже баарын ынандырып сүйлөп бүткөндөн кийин Масалиев күлүп туруп: “Туура, адистер бизден жакшы билет”, – деп койду.

Ошентип, парламентте Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын ар бир беренеси каралып, добушка коюлган. Акимбаев деген райондун акими бар эле, ошол киши редакциялык комиссиянын төрагасы болуп шайланган. Өлкө башындагылардын кайсы бири тайсалдап, Мамлекеттик тил мыйзамына каршы болгонун көргөнүм жок. Мен отурумдардын ар биринин мөөнөтүн, кимдин эмне деп сүйлөгөнүнөн бери жатка билем. “Москвадан телефон чалышып, отурум бир күнгө кармалып, Масалиев каршы болгон, мыйзам эртеси күч менен кабыл алынган” деген мифтерди айткан кишилер оозду ачырат. Качан ошондой болду эле? Ошол отурумдарга биз катышпадык беле?

– Ошондо депутаттардын канчасы колдоду, мыйзам канча пайыз добуш алды?

– Депутаттар жүз пайыз колдоду.

– Ошол мезгилде эл арасында тил маселесине тиешелүү саясатка кабатыр болгондор, ичи чыкпай жүргөндөр көп болгон окшойт. Анткени тил мыйзамы кабыл алынардын алдында калайык-калктан толгон-токой каттар түшүп, аны борборго куржунга салып алып барышканын белгилүү окумуштуу Лутфилла Жусупакматов агай эскерип калар эле.

– Куржун эмес, вагондоп каттар келген. Машинеден студенттердин жардамында түшүргөнбүз. Түштүктөн каттар таңгак-таңгак болуп келген. Студенттерди чакырып алып, ал каттарды тактап-териштирип, тиркеп чыкканбыз. Жүйөлүү, зарыл бир нерсеси болсо пайдаланалы деп, миңдеген кагаздарды карап чыкканбыз.

– Эч ким уюштурбай эле, ал каттарды эл өзү жазган да.

– Ооба, мамлекеттик тилибиз болсун деп, эл өзү жазган. Мамлекеттик тил маселеси козголгондо биз тилибиз мамлекеттик макамга ээ болуп калса, бизге кылымдар бою илешип келе жаткан кээ бир жаман сапаттарыбыздан ошол күнү арылабыз деп ойлогон элек.

Тилибиз мамлекеттик тил болуп калган күнү жердешчилик түп тамыры менен жоголот, Түндүк-Түштүк, тиги-бу деп бөлүнүү унутулат, эне тилибиз бизди бириктирет деп үмүт кылганбыз.

Отурум бүткөндөн кийин депутаттар бири-бирин куттуктап кучакташып жатты. Биз сыртка чыксак, короодо кишилер жүргөн экен. Жалынып-жалбарып бизди кучактагандар болду. “Тилибиз мамлекеттик тил болду!” деп, атүгүл ыйлап жүргөндөр бар эле (айрыкча аялдар арасында). Рухий тазаланууга, улуттук ынтымакка келүүгө ушул окуя түрткү болот деп кыялданганбыз. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен. Мыйзам иштей баштагандан кийин баарын кыргызчага которууга туура келди. Ага көп акча бөлүндү. Ал акча туура эмес пайдаланылды. Бирөөлөр бирдеме ача койду. Тааныштары менен келишип алып, миңдеген сомду чөнтөккө салгандар болду. Мамлекеттик тил мыйзамын иштеп чыккан, азабын тарткандар акысыз которуп жүрдүк. Өзүбүз баштаган иштен акча алмак белек деп, канча котормолорду бекер жасадык. Ал эми шылуундар котормого бөлүнгөн миңдеген акчаны кымырып жеп жүрдү. Ошентип, коррупцияга оңой эле жол ачылат экен, жемкорлук схемалары түзүлөт экен. Муну жашыра турган эмнеси бар, азыр да улантылып жатпайбы. Миңдеген, жүздөгөн китептер чыкты, канча акча кетти, кайсы авторлордуку, кимдердики чыкты, саны мынча деп коюп, канчасын чыгарды – белгилүү эле да.

Тилекке каршы, мамлекеттик тил маселеси азыр да чечилбей келет. Бирок ошол кезден бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик тилге болгон көз караш бир топ өзгөрдү. Башкача айтканда, мамлекеттик тилибизди сактап, өнүктүрүп калуунун жол-жобосу өзгөрүп кетти. Мисалы, мурда тил билбегендерде тил үйрөтүү керек дечүбүз. Азыр анын кереги жок болуп калды. Ошого жумшаган акчаны кыргыз тилинин өзүнүн өнүгүшүнө жумшаш керек болуп калды. Учурда Каныбек Осмоналиев жакшы иштерди аткарып жатат. Тил корпусу деген болот. Тексттердин такталган корпустары түзүлөт. Кайсы сөз кандай мааниде колдонулду, ошол күндө чыгарып турат. Ошондо жандуу тилибиз кандайча өнүгүп жатат, сөздөр кантип өзгөрүп жатат – ушунун баардыгы көрүнүп турат. Азыр аталган иш башталды.

Ошол иш гана биздин тилибизди өнүктүрөт. Айтылып, жазылып жаткан бардык тексттерди тактап туруп, күндө колдонулуп жаткан сөз кандай контекстте, мааниде колдонулганын чыгарып, БУУда белгиленген алты тилдин которулушун интернетте берип турсак, ошондо биздин кыргыз тилибизде жазылган ар кандай чыгарманы ошол алты тилге которуп, окуса боло турган деңгээлге жетебиз. Мына ошондо тилибиз дүйнөлүк тилдер менен теңтайлашып жашай турган абалда болуп калат. Ал эми тил билбегендерге тил үйрөтөбүз деген түшүнүк эскирди, эми ага акча коротуштун кажети жок.

– Сиздин студенттик дооруңуз 70-жылдарга туура келет турбайбы. Ал кезде Кыргызстандагы саясий элитанын, чыгармачыл аттуу-баштуу кишилердин уул-кыздары орус тилинде сүйлөп, орусча чала-чарпыт сүйлөгөндөр же билбегендер сабатсыз эсептелген заман эле да. Өкүнүчкө жараша, азыр деле ошол түшүнүктөн арыла элекпиз. Сизден сурайын дегеним, 80-жылдарга чейин тил маселесине Москва кийлигишүүчү күч беле же биздин эле жетекчилер мажирөөлүк кылып, “Мекен дебей Родина дейбиз” деп, ошондой саясат жүргүзгөнгө өздөрү ушундай шарт түзгөнбү?

– Ачыгы, мен Москвада билим алдым. Ал жакта эки жыл стажировкада жүрдүм. Үч жыл аспирантурада окудум. Мен биринчи барганымда (фольклористика боюнча баргам): “Сен кыргыз тилин жакшы билесиңби?” – деп сурашкан. Жакшы билем деп жооп бергеним үчүн алышкан. Себеби ал жерде орусча акцент менен сүйлөсөң да, эне тилиңди жакшы билсең баалашчу. Илимий чөйрөдө ошондой эле. Албетте, саясий чөйрө башка болчу. Негизи, Москва дайыма эле кыргыз тили болбосун, тиги-бу деп асыла берген эмес. Азербайжандардын тили Брежневдин маалында эле мамлекеттик тил макамына ээ болгон. Мажирөөлүк деп жатпайсыңбы, ошол мажирөөлүк дайыма биздин кендирибизди кесип келет. Азыр да мажирөөбүз. Жагалданып, мамлекеттик тилдин жанына расмий тил деп кошо койгондук ошол да. Калгандарды да кыргыздардай болосуңар деп, болтурушту да. Биз жаман өрнөк көрсөтүп койдук.

– 1970-жылдары советтик өлкөлөрдүн көбүндө, анын ичинде Кыргызстанда эне тилге болгон мамиле абдан начарлаган деп айтып жүрүшөт. Маселен, ошол кезде борбор калаа Фрунзеде (азыркы Бишкекте) бирин-экин гана кыргыз тилдүү мектеп болгон турбайбы.

– Бир гана мектеп бар болчу, №5 мектеп бар эле. Андан кийин Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп ачылды. Баарыбыз балдарыбызды ээрчитип барып ошол мектепке бердик. Орус тилдүү өзүбүздүн эле кыргыздар “мунун эмне кереги бар?” деп, дароо каршы чыгышты. “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан дарт жаман” дегендей, орустар үндөбөсө деле өзүбүздүкүлөр ушинтишкен. Өз улутуңдун баалуулуктарын өз адамың танып турса, мындан өткөн трагедия жок. Бул биздин башыбыздан өттү.

– Ошол 80-жылдарда Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы жарык көрүп жатпайбы. Андагы маңкурт окуясы кыйла кишиге дем берип, улуттук иденттүүлүктү ойготсо керек деп ойлойм. Аталган чыгарма ошол кездеги коомго, муунга чын эле таасир эттиби?

– Бүт дүйнөгө таасир этип, жалпы адамзаттын акыл-эсин буруп таштагандан кийин, кыргыздарга эң акырында таасир этти. “Кокуй күн, маңкурт болуп калбайлы” деп, башка элдер, улуттар, мамлекеттердин баары ойгонгондон кийин “Чыңгыз Төрөкулович ушундай жазып койгон экен, чын эле маңкурт болбойлу” деп, мен билгенден, кыргыз менен казак бул нерсени эң акырында баамдады.

Маңкурт деген адамзаттын акыл-эсине таасир эте турган чоң философиялык түшүнүк болуп калды. Кыргыздар ошону азыр деле сезе элек, кыргыздын интеллигенциясы сезе элек. Айтматовдуку деп, жөн эле окуп коёт, бирөөлөрү угуп коёт. Анын маани-маңызына парасаты жетпейт. Анткени бизде маңкурттар өтө көп. Дардаңдап, сыртын карасаң Европанын калыбын кийип алган, а ичи – Айтматовдун маңкурту. Ушундайлар бизде абдан көп. Биз ошолордон арылмайынча, улуттук баалуулуктарыбызга кайра кайтмайынча оңолбойбуз. Байыркы эл экенбиз, ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою жашап келиптир, бизде момундай улуттук касиетибиз, нарк-насилибиз бар экен деп, алардын кадырына жетсек гана өсөбүз.

Биз башкаларга окшоп улуттук дөөлөттөрүбүздү жазып, архивге таштап карабай койгон эл эмеспиз. Баары биздин акыл-эсибизде, мээбизде сакталып, муундан-муунга оозеки өтүп, кырдаал түзүлгөн убакта ошону колдонуп келген элбиз. Башкача айтканда, биздин байыртан тартып жыйнаган тарыхый тажрыйбаларыбыз, философиялык, маданий тажрыйбаларыбыздын баардыгы жандуу түрдө, ар бир кишинин башында жашаган. Биздин башкаларга караганда артыкчылыгыбыз ушунда.
Биз жазууга абдан эле чоң маани беребиз. Ырас, жазуу болбосо өсүш болмок эмес. Бирок жазып салып китепканаларга же архивдерге таштап койсоң, муундардын ортосундагы байланыш оңой эле үзүлөт. Себеби аны окуп туруш керек, бирөөлөр-бирөөлөргө түшүндүрүш керек. Биздики акыл-эсте, аң-сезимде жат болуп келе жатпайбы. Кырдаал түзүлө калганда ар бир кишинин эс-тутумунда сакталып жүргөн модель иштей баштайт. Ошол себептүү биз рухий баалуулуктарыбызды оңой эле жандандырсак болот. Бирок баягы эле ааламдашууга шылтоолоп жатпайбызбы. Негизи ааламдашуу бүттү, ал азыр жок, биз дагы эле ааламдашып жатабыз. Учурда ар бир эл, ар бир мамлекет – эгерде ал чын эле мамлекет болсо – биринчи иретте өзүн-өзү камсыз кылууга тийиш деген тезис иштеп жатат.

– Отуз жылдан ашуун убактан бери постсоветтик өлкөлөр өздөрүнүн тилдик эгемендигин чыңдоого умтулуп келет. Бирок ал канчалык ишке ашууда, маселе ушунда. Жакында эле кыргыз тили боюнча мыйзам кабыл алдык, Орусиянын тышкы иштер министри баш болуп, буга кескин реакция жасашты. Мисалы, Лавров аталган мыйзамды орус тилин басмырлоо катары чечмеледи. Ал эми кыргыз бийлиги биздин өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонулат деген жообун билдирди. Чакан өлкөлөр канткенде ири мамлекеттердин басым-кысымынан кутула алат?

– Анын баарын уктук, бирок азыр Орусияда кырдаал башкача. Ал жакта бөлөкчө бир саясий дискурс түзүлүп калды. Мына ошол дискурстун алкагында Лавровго ошентип айтуу туура көрүнсө керек. Бирок биздин турумдан алганда ал туура эмес. Анткени ким болсун, кандай өлкө болсун – дүйнөдө кичинекей өлкө менен чоң өлкөнүн укугу бирдей эле. Сөзсүз башка тил катар жүрүш керек деп эч ким таңуулай албайт. Ар бир өлкө өзү чечет.

– Бирок болбой эле түз жана кыйыр басым, айдоочулук күбөлүктөрдү жаратпайбыз дегендей ишаараттар болуп жатпайбы.

– Алардын баардыгы артта калгандык. Советтер Союзунан чыккан өлкөлөр чындыкты моюнга алыш керек да. Биз башкаларды ээрчип, же Батыш эмес, же Чыгыш эмес арабөк калып жатабыз да. Булардын баары биздин келечегибизге терс таасир эте турган көрүнүштөр болуп эсептелет. Ар ким өзүнүн эс тутумуна, менталитетине, тарыхына жараша өнүгүшү зарыл. Антпесе болбойт. Башка бирөөнүн көрсөткөн жолу, акыл-эси менен жашай албайсың да. Ошон үчүн ар бир мамлекет, эгерде мамлекет экени чын болсо, улуттук мамлекет, унитардык мамлекет боло турган болсо, ошол унитардык мамлекеттин касиеттерине жараша иш алып барганы оң.

– Сиздер кабыл алган Мамлекеттик тил мыйзамы башында сиздер ойлогондой мүдөөгө жеттиби?

– Албетте, жеткен жок. Себеби биз ал кезде жалындын ичинде жашап жаткандай, катуу толкунданганбыз. Кийин карасак, андай болбоду, эч нерсе ишке ашпай, тилдин тагдыры кайра татаалдашып, баары кедерине кетти. Менин күйгөнүм, ошого бөлүнгөн акчанын баарын шылуундар жеп жатты. Мамлекеттик тилди өнүктүргүлө деп, мекемеге акча бөлүнөт, аны башкаргандар бир таанышын чакырат, сөздүн ачыгы, ошентип ал акчаны экөө бөлүп жешет. Тилге анын эч пайдасы тийбейт. Анан сабатсыз китептер чыгат, саны көп көрсөтүлөт. Иш жүзүндө андай китептерди китепканалардан таппайсың. Ушундай коррупциялык схеманы жоймоюнча, иш алдыга жылбайт. Башка тармактардын баарында да ушундай.

Бул өнөкөт мындан отуз жыл мурда эле каныбызга сиңген. Андан тазаланыш, арылыш үчүн дагы отуз жыл керек. Бирок оңойчулук менен арыла албайбыз. Көйнөккө, денеге жуккан кирди жууп кетирсе болот, бирок көкүрөк-көөдөнгө, дилге, эс-тутумга сиңген жаман адаттан оңой менен кутулбайсың.

Айбек Абдылдаев, “Азаттык”, 18.09.2023

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.