О’Шакир: “Камакта жазылган казал”

1.

Өжөр, кежир, азоочалыш о такыр,
Өз ысмымды жаратамын – О’Шакир!

Бийлик канча көрсөтсө да айбатын,
Бир мокобойт миздүү, өткүр кайратым.

Мага каршы мейли түмөн жоо чакыр,
Майышпаган менмин көкбет – О’Шакир!

Таң эрте маал терезеден тамып нур,
Айтты: “Менден дем, шык, кубат алып тур”.

Салкын аба салам айтты таң атпай,
Мен жашаган үйүм Көк-Жар тараптан.

Эмнегедир тереземе конуп нур,
Элестеди эрке мүнөз колуктум.

Жаншеригим төгүп мага ажарын
Шыбырады: “Жалгыздыктан жададым…”

 

2.

Далай өмүр сая кетти адатта,
Бош күндөрдөн өч алгым бар абакта.

Мокоп келсем өз үйүмдүн бурчунан,
А түрмөдөн мүнөз таптым курчуган.

Сот өкүмү каралайбы, актайбы?
Бирок менде жок кенедей сап кайгы.

Дайра болуп турганымда ташкындап,
Бийлик мени сындыра албайт басмырлап.

Күнү-түнү өзүм жаткан керебет –
Чыгармачыл өнөркана, керемет.

Мен эс алып жүргөн сымал өргүүдө,
Ыр, аңгеме, эссе жазам эргүүдө.

Кош саптарды жазган ушул казалым,
Чагылдыруу – элдин муң-зар, азабын.

 

3.

Өткүрлүгүн ноктолотуп алгандар,
Кошоматчы болор жалгыз аргаң бар.

Эркин оюң, эркин сөзүң айталбай,
Эки жүздүү наадандарды кайтарган.

Жасакерлик жашоо сага буюрган,
Сөөк аңдытып: сөөлөттөнгөн зулумдан.

Жийиркеничтүү сендей менен көрүшкөн,
Дудук жашооң, жашоо эмес, көрүстөн.

Кузгундардын кубаттасаң жыргалын,
Бүркүттөрдүн ким мокотпойт тырмагын!

Чөөлөр менен бирин-экин карышкыр,
Үйүрү жок кантип жалгыз алышсын…

Алгыр куш да тап берүүчү түлкүгө –
Заман келди кабылуучу күлкүгө.

 

4.

Кайсыл элде эркиндигин коргогон –
Канга тойбос диктатура орногон?

Карт тарыхта элин эзип келгендер,
Калк бийликти жеке адамга бергенден.

Айтканынан кайтканы тез жетекчи,
Мамлекеттик маселени чечетпи?

Хан тайыса убададан, антынан,
Каргыш тийген кан какшаган калкынан.

Эр уул-кызын камап жатса түрмөлөр –
Эл бийликтин кулу болуп үйрөнөр.

Караламан калк сыймыгы курулай –
Калпты бийлик чууртуп турса шурудай.

Арбыганда кошоматчы, жасакер –
Азап, шор, муң, кайгы тартып азат эл.

 

5.

Жийиркенгенсип иттин сасык заңынан,
Наадан соттун чуркап чыктым залынан.

Түрмөлөрдөн алып чыгар ачкыч бар –
Прокурорго берер калың капчыктар.

Жемкор соттор чыйт түкүргөн чөйрөдө,
Өлкө кантип көтөрүлөт өйдөгө?

Тергөөчүбү, сотпу – айткан карасын,
Бере салсаң “адилеттик” табасың.

Көз каранды сот тутуму – жан эзмей,
Өз элине жогору жак – кара өзгөй!

Сот, тергөөчү – ордулары абакта,
Айыпсыздар жаткан үчүн а жакта.

Күнөөсүздөр бошогондо түрмөдөн,
Жашамакпыз бай өлкөдө гүлдөгөн.

 

6.

Чыгыш үчүн жакырчылык сазынан,
Ойлондукпу, кайдан толот казына?

Мусапырлар түрмөлөрдө олтурган,
Чоң күч болмок казынаны толтурган.

Кылмышкерлер сыртта жүрөт сайраңдап,
Эл ырысын тоноп, уурдап, тайраңдап.

Коррупция терең түптөп тамырын,
Ашпозчусу – Акүй… камдап жайымын!

Өрдөк уурдап, өзөгүнөн кан сызган,
Колония, түрмөлөрдө алсыздар.

Мамлекеттик кылмышкерлер акталып,
Карьерасы өскөнүчү макталып!

Жумушчу күч, чөнтөк пулу жокторун,
Түрмөлөргө шыкап салган сотторуң.

 

7.

Тынбай иштеп маалыматтык каражат,
Фейктер түрдүү миф чыгарды мага жат.

Ушул дагы чоң кеп кылар бир ишпи?
Үй-бүлөмө мурдуларын тыгышты.

Өң-келбеттүү транс-жигит балама
Асылышты. Унчукпадым ага даа…

Жалган жалаа, калп жаадырмай – мелдешпи?
О’Шакирди бузуку бир гей дешти.

Мени аташты ЛГТБ өкүлү,
Бирөө жарым аңдагынсып көтүмү!

Адеп-аклак ушул болсо бийликте,
Наадандарга башыбызды ийдик де…

Окурманым узартпайын ар жагын,
Өзүң талда – ким пастыкка барганын.

 

8.

Каруу, күчтүү кармашып топ жигиттер,
Карс-карс сынып кетүүчүдөй жиликтер…

Бири дагы жеткени жок мөрөйгө,
Баш байгени ыйгарышты дөдөйгө.

Төрдү ээлеп төрөпейил берендер,
Босогодо отуруптур кеменгер.

Ажо төрдө. Кабагы суз. Сурданган.
Жалгыз менин саламымдан кур калган.

“Не кол мага бербейсиң!” деп заарланды,
Тайсалдабай жаагын жаптым наадандын:

“Сен колуңду далай мерте булгадың,
Таза колду ошон үчүн сунбадым!”

Түшкө кирген бул эмине болучу?
Түкшүмөлдөп бурадарым жоручу…

 

9.

Түнү бою казал жаздым, иштедим,
Уйку бербей элес, туюм, түштөрүм:

Арасында жүрүптүрмүн достордун,
Баарыбызды идеялар кошкон бир.

Ортобузда жандуу, кызуу талаштар,
Ой-пикирлер, жуурулуп көз караштар.

Тилегибиз – куруу эркин өлкөнү,
Тынчтык жашоо, өсөр эртең өркөнү.

IT доору, VIP туризм, прогресс…
Курулуштар, завод, жети дубан ГЭС…

Экспорттоп энергия кубатын,
Чечиптирбиз коңшу өлкөлөр муратын.

Дүйнөгө дүң бүтүн Борбор Азия…
Чекит койдук хандык бийлик – таажыга!

 

10.

Жаншеригим, теңшеригим, колуктум,
Ушул күндөр эң оор сага болуп тур.

Жокмун үйдө. Көздөн учуп карааным…
Абактагы мени ойлосоң – санаа, муң.

Кыз-уулдарчы, кеткен беттеп туш-тушту,
Сага бул кез: түш сыяктуу укмуштуу.

Кыз-уулдарым жүрөт жандап тең-теңин,
Түрмөдөмүн. Жаныңда жок мен сенин…

Бул күндөрү чөкпө, муңба, асылым,
Шайыр жан бол, көтөрбөй кан басымын.

Мен жөнүндө ар ким түрдүү кеп кылат,
Маани бербе. Ушак сени жеп тынат.

Мен таянган тоосуң, бийик аскасың,
Мени сендей тайай албайт башкасы.

 

11.

Билем, ар ким өз алдынча мактанат:
“Аргымак, – деп, – алдымдагы чапкан ат”.

Мактайт бири: кыраан кушун, алгырын,
Дагы бири короо толо жандыгын.

Ооз көптүрүп бири: там-таш, бакчасын,
Бири мактап: самолётун, яхтасын.

Мактайт кээси: итин же бир мышыгын,
Ата-тектен берки даңктуу ысымын.

Ооба, ар ким мактанууга жөнү бар,
Мактангыла! Мактанбасаң – өлүп ал.

Ай-ааламга, көөдөнүмө батпаган,
Мен мактансам мына мындай мактанам:

Катыным бар: мен жиндини көтөргөн!
Мага түтүп, мага чыдап көшөргөн.

 

12.

Калп ооруган адам сымал акын бар,
Эч кур эмес наам, сыйлыктан – сатылган.

Мекенчил деп андай акын анткорду
Көптөр сүйдү. Кечесине калк толду.

Ырын окуйт, көз жашылдап, жөөттөнүп,
Бийликтин ал ити жүргөн сөөк кемип.

Ата журтту бейиш сымал сүрөттөйт,
Табиятты даңктабаса – күнү өтпөйт.

Үзөңгү-Кууш, Каркыранын артынан
Кемпир- Абад кетти. Жүрөк жанчыган.

Акын үнү угулган жок баягы.
Тоо-таш, Мекен, Жерди “сүйгөн” аялуу!

Бирок анын эл акындык наамы бар!
Мекен “сүйгөн” ырларынын даамы – бал…

 

13.

Мен бийликке ыраазчылык билдирем,
Дүйнө андан болуп калбайт – бирди кем.

Акүй мага өтө сонун жооп кылды,
Түрмөсүнө камап мени сооп кылды.

Анык Акын болуп чыгам абактан,
Эки доско алкыш мени каматкан!

Жан дүйнөмдө болсун үчүн дүрбөлөң,
Эл турмушун көргүм келет түрмөдөн.

Гуманизм темир торлор артына
Жетмейинче – муң-азаптын зарпынан.

Өлкөбүздүн ар бир ыйык жараны
Боздоп жатса – жаным тынчтык табабы?

Ойду сыгып, жаза берсем ардеме –
О’Шакир дээр атым өчсүн андале!

11-13-сентябрь, 2023, 30-камера

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.