Толкун Ади уулу. «Ак төшөк»

(аңгеме)

Олуттуу окуя той түнүнүн эртеси болду. Жаңы той жасаган кыз-жигит алигиче ордунан турушпай уктап жатышкан. Той түнүндөкү бой кошуу алар үчүн эч кандай кызык деле сезилген эмес, ак никеленип, адал бир жуп болуп баш кошкону болбосо мурдакыдан айрымасы жок, тескерисинче бул жерде кеч жатып, чоңдордон корунуп түзүк уктай алышпады. Шаарда болсо аларга жолтоо болгон киши жок, жатам дегененинде жатышып, турам дегенинде турушуп, өздөрүн ыракат сезишчү…

– Ай, балакай… келинчек ордуңардан тургула. Чоңдор төшөгүңөрдү көрөбүз деп жатышат?!…-деди. Эшиктен баш баккан жеңе алардын алиге чеин суналып уктап жатышканын көрүп, жеңеси кечте өз колу менен дайындап койгон суу менен чоң тепшинин ошол бойдон иштетилбей турганын байкап аларды шаштырды:

– Уят болосуңар тургула эми, тезден чайканып алгыла…

Алар ошондо гана эстерине келишип, шашылыш ордуларынан турушуп, олдоксон кыймылдап боюн сууга салышып, кийим-кечегин кийишип даяр болушту. Жигит али жакшы кургай элек ным чачын таранып сыртка чыкты. Алиги жеңе жаңы келинге жардамдашып дастагы сууну сыртка алып чыгып төктү. Ага чеин эле кызды жеткизип келген жеңелери, эжелери, уулдун энеси бир тууган эжелери болуп кыз жаткан үйгө киришти. Жаңы келин корунуп ным чачынын үстүнөн жоолугун эптеп салынып, этек-жеңин кымтынып тамдын бир бурчунда отурду бүжүрөп.

-Мынаке, көргүлө! – деп, алиги жеңе кыз-жигит жаткан жуурканды оодарып ача салды. Кыз-жигит үчүн атайын жасалган мамыктай жумшак кош кишилик төшөктүн бетинде кенедей да кыр жок, аппак төшөк аппак бойдон жаркырап көргөндүн көзүн уялтып, аялдарды айран таң калтырып турду…

– Апей көтөк, төшөктө эч кандай белги жок да?!…- деп, кыйкырып жиберди аялдардын бирөө.

– Ээ,кокуй, кудагыйлар, бул эмне иш?- деп чочуп үн катты, жигиттин энеси.

– Чоң кудагый силер сыртка чыгып тургула, биз жеңелери кыз-менен жигиттен сурап көрөлү, азыркы жаштар той күнүнө деле үлгүрбөйт эмеспи?- деп кепти оңго бурап, ортолуктагы үрөй учурган таңыркоону бузуп жиберди кыз тараптан келген кеп ооздуу бир жеңе.

Кыз менен жигит шаарда кызматтанышат болучу. Алар шаарда оюн-зооктун үстүндө жүрүп таанышып, кол учун беришип сүйлөшүп, эрктүү түрдө махабатташып, анан көпкө узабай эле той жасоого бүтүшкөн. Экөө тең жогорку окуу жайын бүтүрүп келген студенттер. Алар таанышып той жасоого бүтүшүүдөн мурда башкалар менен аралашып, махабатташып көргөн тажырыйбалуу, кыйла эле чоңоюп калган жаштардан эле.

Бирок, кыз менен жигит таанышып, махабатташып, чыныгы той жасоого бүтүшкөн соң, мурдагы өтүп кеткен иштерди тергебей турган болушкан:

– Чынымды айтсам, ушул күнгө чеин сенден бөлөк бирөөнө мынчалык тартылып көргөн эмесмин…- деп, жүрөгүндөгү сөзүн айткан Талантбек.

– Менин жүрөгүмдү да сенден бөлөк бырөө мынчалык ээлей алган эмес…-деген, Таңнур дагы жылмайып.

Талантбек менен Таңнур экөө экы башка айылда туулуп өскөн. Талантбек -чоңбагыш, Таңнур- кыпчак уруусунан болчу. Алар мурда бет көрүшүп баккан эмес. Окууну бүтүрүп келип борбор шаарда чогуу кызматтанышып, сыртынан көз тааныш болуп той-тамаша, ойун-зоокто жолугушуп жүрүшсө да, чыныгы сыр чечишип, кеп күрмөшүп көрбөгөн. “Дидар кайып” дегендей болуп, алар ойдо жок бир орой менен таанышып калышты. таанышкан жерден тил табышып, экөө тең башы бош экенин билишип, ошондон кыйын ат изын суутушпай уландуу көрүшүп, издешип турушту. Алардын издеген жогу асмандан табылгансып, мурдараак таанышпай каяктарда каңгып жүрүшкөнүнө ичтен өкүнүшүп, анан кечигип болсо да бет көрүштүргөн тагдырларына миң ыразы болушуп, бир мүнөт айрылганга көздөрү кыйышпай, үзүлүп түшүп жакшы көрүп калышты.

Алар чоңойуп, бойго жетип калышкан кыз-жигит болгондуктан, жаш баладай тартынышып, назданып жүрүшпөй эле сүйүшкөн жерден жүрөктөрү кыналышып, жалындуу сүйүүнүн кызыгына батышып, күнү-түн дебей бирге болушуп, чогуу жашап калышкан. Анан алар той жасамак болуп жатышканын ата-энесине айтышып, алардын ыразычылыгын алышып, эки куданы бет көрүштүрүп, той күнүн бекитишкен. Той жасоонун алдында эле алар шаардан бийик кабаттуу үй алып, үйлөрүн заманга шайкештирип кооздоп жасатышып, бирге жатып-кооп жүрүшкөн. Буюрса той болуп, айылдагы тартиптер бүткөн соң, шаардагы жасалгалуу үйлөрүнө келип,өмүрдүн жыргалын сүрмөк болушкан.

Той берекелүү күз айларынын касиеттүү күнүнө туш келди. Уул тарап той камылгасын толук бүтүрүп, убада бюнча ишемби күнгө тууралап, кыздын үйүнө кудалыкка барды. Алардын дайындыгы толук, ээн баш уулунун көзүнө карап, анын кайдан болсо да өзү сүйлөшүп түгөй таап, оозунан “той жасайм”деген сөздүн чыгышын узунтадан бери күтүп жүрүшкөн. Мына эми бүгүн аралыгы күнчүлүк алыс жол болсо да, кудалашкан жери илгери көз көрүп, кулак укпаган кишилер болсо да ак же көк деп сыныгын чыгарышпай, мулжулуңдашып кубанышып, айтылуу кыпчак элинен кыз алмак болуп кудалап келишти. Эки журттун салт-санаасы окшош болбосо да кудалар өз ара тил табышып, эч кандай көңүл оруутулар болбой, той каада-салты менен дууманды өттү. Ошентсе да кечки ойнотордон кийин кыз менен жигитке байланыштуу бир кызыктуу окуя болду. Кыпчак уруусунун кыз чыгаруу салты боюнча кыз тарап кечте кыз менен жигитти “жаткызабыз” деп туруп алышты. Ал эмы чоң багыштар болсо кызды үйүнө көчүрүп барып никесин кыйдырып, ак төшөккө жаткызып, эли-журт, колум коңшусун чакырып, жаңы келиндин абийирдүү, ыймандуу чыкканын куттуктап, кыздын урматына деп чакан той берет болчу.

Ошентип ойнотор соңуна чыккан соң айылдын жаштары “кыз менен жигитти жаткырсын” деп, тамаша көрмөк болуп дүүлүгүп турушту. Салт боюнча кыз менен жигитти жаткызып, кыздын абийрдүү чыккан чыкпаганын элге жарыялаш керек. Эгер кыз абийирдүү чыкпай калса, уул тарап тойду токтотуп, берген калыңын жандырып алып кайтып кетишмек. Муну кыз тарап деле мойнуна алмак, айылдын салты ушундай, мындан эч кимдин орунууга акысы жок. Бирок, ал күнү кыз менен жигит бүтүшүп алышкансып “жатпайбыз”деп такыр көнбөй коюшту. Бул маселени кандай бир жаңсыл кылууну билбеген жеңелер кеңеш сурамак болуп чоңдордун алдына барышты.

– Бизде салт ушундай, кызыбызды төрүбүздө сындан өткөзүп, колуңарга абийири менен сак тапшырып беребиз..-деди, кыздын энеси эч нерседен камырабай. Эне кызынын актыгына абдан ишенет болчу.

– Кызыңарга ишеним көрсөткөнүңөргө чоң ыракмат, сылерден ыраазыбыз, кудагый! Келинди үйгө алып барып, атайын арнап жасап койгон ак төшөгүмө жаткызып, мен дагы эл-журтумдун алдында бетимди жарык кылайын. Кызыңыз абыйирдүү чыкса кайдале болсо сиздин сыймыгыңыз эмеспи?…- деди, жигиттин энесыи да ыраазычылыгын билдирип.

– Кыз менен жигит да бүгүн жатканга көнбөй жатышат, алар дос-курбуларынын алдында кыжаалат болуп жатышса керек?…- деди, ортолукта кыздын бир жеңеси.

– Бул кыжаалат боло турган иш эмес, жаштардын эркине коё берсе салттан чыгат. Кыз деген элдын бүлөсү, кыз чоңойткон адам кызын ар-намысы менен адалдап тапшырып бербесе, кайын журтуна барганда кор болуп калабы деп кабатыр боло турган кеп…-деп, кыйытып сүйлөдү кыздын энесы.

– Кабатыр болбоңуз, кудагый, “эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” дейт, сиздин салтты бек кармаган асыл жан экениңизден кызыңыздын бетибизди жарык кыларына ишендим… кызыңыз эч качан кор болбойт.-деди, жгыттын енесы сөз берып. ошону менен сөз бүтүп, Таланбектин ата-энеси каадалуу жерден кыз алганынан аябай ыраазы болушуп, келинди кастарлап үйлөрүнө көчүрүп кетишкен.

Ошол ошол болуп, бүгүн жаңы көчүрүп келген келиндин урматына деп, Таланбектин ата-энеси колум-коңшусун, айылдагы жакындарын койбой чакырып той бермек болуп жатышты. Салт боюнча кыз-жигит жаткан төшөктү талаага алып чыгып, элге ашкере көрсөтүп жайып коюшмак. Тойго келгендер төшөктөгү кыздык белгини көрүп, жаңы келиндин абийирдүү чыкканынан сүйүнүшүп, ак тилектерын айтып куттукташмак. Бирок, ал күнү ойлобогон жерден кыз-жигит жаткан төшөктүн бетинде эч кандай белги жок, ак төшөк аппак бойдон жаркырап, төшөк көргөнү кирген аялдардын үрөйүн учуруп турду.

– Бул эмне болгону?… сүйлөбөйсүңбү?- деп тамдын булуңунда бүрүшүп олтурган кызды суракка тартып жатты жеңеси.

– Билбейм…-деди, Таңнур башын жерден көтөрө албай алсыз сүйлөп.

– Кандай билбейсиң? Мурда бирге болгон белеңер?

– Ооба…

– Бетбак десе, ушундай күндүн болорун ойлобогон белең? Ата-энеңдин төрүндө болгондо баарыбызды карабет кылмак экенсиң…-деп жекирди, кыздын жеңеси. Ошонтсе да ал бир акыл тапкансып, акырын ордунан туруп сыртка чыкты. сыртта аны жигиттин үйүндөгүлөрү чыдамсыздык менен күтүп атышкан.

– Кызыбызда күнө жок экен, иштин жагдайын уулуңардан сурагыла…-деди, Таңнурдун жеңеси, өзүнө тешиле карап турушкан кудагыйларга кыска жооп берип.

– Бул кандай сөз, абийирин бек сактамак кыздан да, эми  эл-журтка эмне дейбиз?- деди, жигиттин бир эжеси.

– Азыркы жаштар той жасоонун алдында эле бүтүшүп болот турбайбы, өздөрү ыраазы болушкан соң мейли да…-деди, кыздын жеңеси актанып.

– Чакыргыла тигил шүмшүктү, сурап көргүлө ачыгын…-деп ачуулуу сүйлөп, терс бурулуп басып кетти, Талантбектин энеси.

Эми кезек Талантбекке келген болчу, аны чакыртып кирип жеңелери андан кеп сурап жатышты:

– Аялың менен мурда бирге болгон белең?

– Ооба…

– Кыз бекен?

– Билбейм…

– Билбей туруп кандай алам дейсиң?

– Жакшы көрүшсөк эле болбодубу, анын эмне зарылчылыгы бар?…

Талантбектын акыркы суросунан анын сөзүн угуп аткан жеңелери уккан кулактарына ишенишпей нес болуп катты да калышты. Талантбек ошол сөздү айтып болуп, алардын таңыркоосуна маани бербей артына кайрылып талаага чыгып кетти.

Тойдун даамы дайар болуп, көпчүлүккө тартыла баштады. бирок, алиге чейин кыз менен жигит жаткан төшөк талаага ашкере жайылбай кечеңдеп жатты. Үйгө кирип-чыгып жатышкан катын-калач күбүрөп-шыбырашып, жууркандын жайылбаганынан улам күмөнсүнүшүп, ушак-айың тарата баштады. Жууркан жайылбай калса жаңы келиндин абийирсиз чыкканы маалым болуп, той берип жаткандардын бети түшөт, аны эч кандай себеп менен түшүндүрүүгө болбойт. Ал эмы аппак жуурканды аппак бойдон жайып койсо келинге <<кесим>> чыгарганга барабар, нике бузулат, кыз жеткизип келгендер кызын төркүнүнө алып кетпей амалы жок. Ошентип бул маселеге кыз тараптын же уул тараптын жеңелеринен эч ким батымдуулук кылганга далалат жасай алышпай чоңдордун оозун карап тунжурап турушту.

– Эне, кантебиз?- дешти Талантбектин эжелери баятан анын айткан сөздөрүн энесине маалымдашып. Бул үйдө ушул кемпирдин айтканы айткан болот, анын абышкасы да кемпиринин сөзүнөн чыкпайт, Ар кандай маселеде ушул кемпирдин өкүмүсүз куурай сынбайт бул үй-бүлөдө.

– Жайгыла төшөктү…- деп корс этти, көпкө чейин ээгин жөлөп үнсүз олтурган кемпир бир окумда чарт этип жарылып:

– Ошол бойдон элеби?- деп сурашты. Кыздары сөз анык болуп турса да ишенкире беришпей.

– Ооба, ошол бойдон, аппак төшөктү аппак бойдон ошондойунча көрүнүктүү жерге жайгыла…

«Айткан сөз- аткан ок», кеп бүттү. Уулдун жеңелери кыз-жигит жаткан тойлук төшөктү короого алып чыгышып кермеге кере жайып асып салышты. Атайын жаңы келинге деп жасаган кештелүү чоң төшөктүн бетинде кыпындай да кыры жок ай жүзүндөй аппак болуп, күн нурунда чагылышып ансайын жаркырап турду…

– Аттиң арман десе! Келиндин такымы канабаган экен…

– Тексиз жердин кызы экен да чунак?

– Эми төркүнүнө кетирет экен да бейбак кызды…

– Кеткен менен эле иш бүтөбү? Ар эки тараптын бетине чиркоө болду да шоруң каткырдыкы…

Тойго келген айыл-ападагылар ушундайынча жан кейиткен ачуу сөздөрдү айтышып, акырындап тарап кетип жатышты. Жаңы келинди көрөбүз деп дүүлүгүп турган аялдардын демдери сууп, абийирсиз келинге эмне деп сөз таап айтыштарын билбей, ага-буга шылтоолоп, үй еесыне кош да айтышпай уурданып терс бурулуп кетип жатышты.

“Той” тарап, эл аягы басыккан кезде Талантбектин ата-энеси аны алдына чакыртып кирип, акыл-сөздөрүн айтышты.

– Өзүнүн ар-намысын, кудай берген аманатын куттуу күнүнө чейин сактай албаган кыз сага түбөлүктүү түгөй болуп жарытпайт, уулум. Бүгүндөн калтырбай шаарга алып кирип үй-жайыңды бөлүштүрүп, алам дегенин берип ыраазы кылып жолго салып кой – деп, кепти чорт үздү энесы.

– Уул балага деген катын жолдо, бала белде уулум, калыңдан камсанаба, алтын башың аман болсо бул жолу абыйирдүү жерден кыз алып беребиз…-деп уулуна дем берди, анын атасы.

Талантбек дагы эле үндөгөн жок, анын кабагы салыңкы, кимдерге капаланып жатканы белгисиз. Бир ооз ак же көк деп ырайын билгизбей шымаланып ордунан туруп талааны көздөй басты. Кыз жеткизип келгенедер Таңнурдун эмирек-семирегин жыйнаштырып, кетүүнүн камылгасын кылып жатышты. Иштин мындай болорун алар да ойлогон эмес, эгерченде алардын төрүндө ушул маселе көрүлсө, алар деле ушундай кылмак. Эмики кеп, эки жашты өздөрү каалашып бүтүшкөн жумуштарын эң соңунда дагы эле өздөрү кандай жыйнаштырар экен деп, аз да болсо үмүттөрүн ошолорго байлагандан башка аргалары да калбады.

Талантбек Таңнурду жеңелери менен кошуп жеңил машинага салып, эрте пешим менен шаарга жетип барды. Алар эч жакка кайрылбай тойдун алдында эле дайын кылып коюшкан баягы жасалгалуу үйлөрүнө барышты. Кыз менен жигитти үйлөрүнө киргизип коюшуп, кыз жеткизип келгендер күндүн кеч болуп кеткенин шылтоолошуп, көчүк басып олтурганга даай алышпай шашылышып, ошол эле күнү айылга кайтып кетишти.

Күн кеч кирип, айлана тез эле түн жамынды. Талантбек менен Таңнур эчак эле түтүн булатып, бирчама жылытып койгон үйлөрүнө жетип келишип, кадимки эле эрлүү-зайыптуудай болушуп эч нерседен корунушпай эмин да, эркин, өздөрүн жайдары сезишип, азын-оолак окаттанышып, эртелеп орун салып жатып калышты. Алар артыкча эч нерсени ойлошкон жок, “өткөн иштерди тергебейбиз…”деген убадаларында бек турушуп, айтышпай айыпатарын билишип, “абийир”жөнүндө кайра сөз конго далалат кыла алышпай ичтеринен тынып тим болушту. Ошентсе да Талантбектин эмнегедир ал түнү уйкусу келбей бир оокумга чейин караңгы үйдүн устунун кадала тиктеп, айылдагы ошол кермеге кере жайылган аппак төшөктүн аппак бойдон жаркырап көздү уялтып турган элеси көз алдынан кетпей оң-солуна ооналактап, уктай албай онтоп жатты…

2012-жыл, 8-айдын 29-күнү.

 

Толкун Ади уулунун башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

One thought on “Толкун Ади уулу. «Ак төшөк»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.