Базарбү МЕДЕТОВА

Базарбү Медетова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Базарбү Медетова, акын: «Ушул күз жан дүйнөмдү жаркытты…»

 

Ырлар

ЭКӨӨБҮЗ…

Тоо башына түшүп келип,
маңдайымды күн өптү…
Чачымды улам чача берип,
жылуу шамаал жүдөттү.

Ошонусу жакты мага,
күн да шамаал күлгөндө,
ушул аалам кандай сулуу,
сен жанымда жүргөндө…

Буудай аңыз… Бир кулак суу…
Ойдолоду… Шоктонду…
Жалт деп карап… Жылт деп кулап…
Кылт деп жылып жок болду…

Чегирткелер кубангандан,
куурайлардан жылмышты…
Алдыбызга өзүлөрүн,
гүл ордуна ыргытты…

Сайдагы суу шаркыраган,
ырдап турду … Тынган жок…
Экөөбүздү жактыргандан,
бир ордунан жылган жок.

Экөөбүздү тоолор сүйөт…
Шамаал сүйөт… Күн сүйөт …
Экөөбүздүн дем алуучу,
абабыз да бир жүрөт…

Жыгылгамын… Түзөлгөмүн…
Мүдүрүлгөм… Жаңылгам…
Сенин жаның менин жаным,
бөлө албаймын жанымдан…

Ушул жашоо чалды-куйду,
тагдырлар көп адашкан…
Экөөбүздүн таалай үчүн,
экөөбүздү жараткан…

 

ЧЕКИТТЕН СОҢ

Билип туруп, өзүң жагарды,
чийип туруп чекти тоңдоосун,
басып кеттиң аттап жанарды,
бакыт кетти таштап олжосун.

Аздап барып мээм чыңалып,
баштап алып элес экчеген,
курагымды жокко чыгарып,
куладымбы сүйүү текчеңен?…

Сүйүлүүдөн калып аргасыз,
сүйүлүүгө сага келбегем,
мейли сени тагдыр жалгасын,
мейли мени калтыр… Эңсеген

өттү мезгил… Кайттың… Үн катпай
көптү сездим, көзүң табышмак.
Ээлетпеген бакыт жылмакай,
мээнет деген кандай жабышкак.

Өзүң коюп тыныч белгини,
сөзүм болуп өчтүң… – Оюңду айт?…
Бекиткен оң өкүт катаңды,
чекиттен соң үтүр коюлбайт!…

 

МӨНДҮР

Алай-дүлөй асман бети,
таяк жешип булуттар,
кыйсыпыры чыга берип…
Көк булкулдайт… Куруп кал…

Булуттарга жаман болду,
удургушуп качышып.
Асман дале токтоно албай,
жаны мынча ачышып…

Чагылгандын оту менен,
уруп жүрөт бирөөнү.
Ачуусуна кимдер тийип,
ким кылды экен күнөөнү?…

Карегинен мөндүр агып,
жердин баарын сабады.
Тооба, тооба… жер бетинде,
тирүү жандар калабы?…

Азим байкем, комуз менен
ыр-күүлөрдү орот, жейт…
“Жети мөндүр терип жеген,
эң бактылуу болот”, – дейт.

Турмак белем, чуркап чыктым
мөндүрлөгөн эшикке.
Чыда, чыда… таягына
Эки-үч эмес… Жети… же…

Кайра кирип, күлүп жатам,
— Жети мөндүр алам деп…
жетимиши уруп кетти,
маңдайымды жарам деп…

Байкем аста жылмаят да,
— Ал айтканың жөн экен…
жети жүз миң таяк жесе…
күйөө бала көк экен…

Жети мөндүр терип же деп,
ошон үчүн алдадым…
— Чычалатпа! – апам анын
айттырбады калганын.

Жалт карадым, терезеден…
кирип кеттиң үйүңө…
Дөңсөө жерде үйүң сенин,
тиктейт мени күнүгө…

 

КӨЗҮМ ОТ СЕНИ ИЗДЕГЕН

Түшүнбөй мага таарынып,
бүтүндөй дүйнөм өрттөдүң.
Жалынды жиреп баарын ук,
шагымды кыйып өтпөгүн.

Жанымды чокко кайырып,
барымды төгүп салдымбы?
Нуруна көздүн кайыгып,
кунуна сөздүн калдымбы?

Күтүүсүз жерден жар кулап,
Күтүүбүз кайда?… Күзүндө
чыгынып жүргөн жалбырак,
чыңырып барып үзүлмөк…

Сөзүм көп, бирок айталбайм,
көзүм – от, сени издеген.
Бурулуп артка кайталбай,
буулугуп келем из менен.

 

КЕПЕ

Ай утурлап алдыбыздан,
аккан суунун шоокуму…
Алда кайда жалгыз сызган
каркыранын доошубу?…

Көз тийбесин делет тура:
“Кош кайыңдай ыргалып…”
Кадам таштап келет удаа
көлөкөбүз чырмалып.

Аруулукка кирди кошпо,
башкалардан башка бол.
Айдын бетин булут тоссо,
мүргүй түшөт кашка жол.

Өз экенин сезген окшоп
жайды кепе кучагын.
Тардыгынан ачуу козгоп,
камдайт бирөө тузагын.

Ушул жолку теребелге,
жандыгынан жан чыдайт.
Хан сарайын белек берсе,
бул кепеге арзыбайт.

 

ЖОМОКСУҢ

Жолукпайм сага эми,
Жолукпайм! Жолукпаймын!…
Ээ бербей сезимдеги,
эчкирем солуктаймын.

Кылымдар жеңген үчүн,
деңизде кечүү болбойт…
Жомоксуң сен мен үчүн,
жомокко жетүү болбойт…

Ооматы төгүл-чачыл,
оопасыз дүйнө келет.
Таянган сүйүүнүн да
кудайы болуу керек…

Теңдешсиз сен бар үчүн,
туу тутуп жашап келем,
билбегин мени, түшүн,
чындыктан качып келем.

Дилимде үндү сезбе,
өксүүнү угайын дейм,
эч качан кечүү бербе,
калтооруп турайын мен.

Жомоксуң сен мен үчүн,
жолукпайм… Жолукпаймын…

 

ЖАЛГЫЗ ТАМ, ЖАЛГЫЗ ТЕРЕЗЕ…

Жалгыз там, жалгыз терезе,
бет алды жакта чоң кашат.
Чанда бир адам келбесе,
унутта калган жол жатат.

Адашып түшкөн жол жатат,
чөнтөгү жыртык бирөөдөн…
Кай кылым келип дүйнөгө,
кай жылы анын күнү өлгөн.

Үстү жок, бекем дубалы,
мал гана ага байырлайт.
Булуттар кайтпас сыяктуу,
күндөр да артка кайрылбайт.

Таятам айтат: «Бул өзү,
жүз жылдын кирин тундурган,
кылымдын улук коргону,
Сатыкей манап курдурган».

Кылымды уйпап, жалмаган,
жалгыз там, жалгыз терезе.
Унутта калган жол жатат,
адашкан бирөө келбесе …

 

БҮТПӨГӨН ЫР

Буйгасы көп бейтааныш жолдор менен,
агып келет адамзат, ашпайт, соолбойт.
Өмүр арты өлчөлүү болгон менен,
тирүүлүктүн өзүнө ченем болбойт.

Үмүт менен өр таяп умтулабыз,
карек кадап, ой кулайт ат жалында.
Уттук дейбиз, өмүрдү уттурабыз,
бийиктик бар бийиктин арт жагында.

Дарыяны багынбас көргөн менен,
арык-арык суу кылып жыкса болот.
Булуттарды бырчалап бөлгөн менен,
чагылгандын өмүрү кыска болот…

 

* * *

Бутубуз басса, шибер жапырылып,
чычкан суу кайнаган сүт атырылып.
Күлкүбүз күндү барып кытыгылап,
кайрадан кулап жатат сапырылып.

Күлкүдөн жигиттерден алдыдабыз.
Алты кыз, үч жигитке алдырабыз.
Канчалык кармашсак да улам бир кыз,
чыңыртып Чычкан сууга салдырабыз.

Ойнубуз жаш карыга жагып турат.
Көйнөктөр шөмтүрөп суу агып турат.
Карегиң карегимди жалтайлатып,
тынымсыз от ыргытып жанып турат.

Жигиттер каткырышып, тосот жолум,
аларга каршылык да коротподум.
Коргоочум ишенимдүү шок жигитсиң,
досторуң мага жакын жолотподуң…

— Сууга ыргыт каалашыңча башкаларды…
Кыздардын суу издери ташта калды.
Капыстан сени кармап сууга салдык,
каткырык солкулдатты аскаларды…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.