Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ: Чыныгы поэзиянын “Дон Кихоту”
Адабий этюддардан
Акын Жолдошбек Зарлыкбеков адабиятка өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында, 80-жылдардын башында келди. Бул мезгилде “кыргыз совет адабияты” алтын доорун баштан кечирип, адабий процесс шакардай кайнап, бардык жанрларда өсүү болуп, улуттук адабиятта революциялык кайра жаралуу жүрүп жаткан.
Улуттук адабияттын жаңы барагын ачкан “алтымышынчылардын” желбиреген желегин жетимишинчилер улантып, адабий айдыңда Табылды Муканов, Алым Токтомушев, Аман Токтогулов, Эсентур Кылычев, Самсак Станалиев, Акбар Рыскулов, Дайырбек Стантегин, Беганас Сартов, Роза Карагулова, Алмаш Чойбекова, Тургунбай Эргешов, Азада Бегимкулова, Айгүл Узакова, Үрүниса Маматова, Маркабай Ааматов, Мая Осмонкулова, Салтанат Орозобекова, Турсуналы Бостонкулов баштаган калеми курч калемгерлердин жылдызы жанып, баралына келип, бышып-жетилип турган мезгили эле. Аларга куйрук улаш келишкен Нуралы Капаров, Кемел Белеков, Баяс Турал, Гүлжамила Шакирова, Бектуруш Табалдиев, Алик Акималиев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Дүйшөн Жапаров, алардан кийинки Чыныбай Турсунбеков, Фатима Абдалова, Кожогелди Кулуев, Жедигер Саалаев, Өмүрбек Тиллебаевдердин ар бири ырдын генийи болгусу келип, андагы Фрунзе шаары ыр жыттанган жылдар болчу.
Улам жаңы ысымдар аталып, адабият айдыңы күн ара жаңылыктарга бай эле. Жаш калемгерлер өзүнүн ыр жаза алаарын, шык-дарамети бар экенин далилдөө үчүн чымыркана изденип, адабият менен дем алып, адабият менен жашашчу.
Салтка айлангандай, акын-жазуучу болгусу келгендердин дээрлик баары Кыргыз мамлекеттик университетинин филфагына тапшырып, филфактын жатаканасынын жарыгы түнү менен күйүп турчу. Жаштар жарышып ыр жазышчу, жаза салып, бири-бирине окуп бергенге шашчу. Анан ал ырлар ыр күйөрмандарына айланган филфактын студенттеринин талкуусуна алынып, дароо эле ал ырлардын жакшысы жатка айтылып, жаманы сынга алынчу. Мунун өзү ошол кездеги “чымыны бар” жаштардын чыгармачылык менен узанып иштөө үчүн жагымдуу шарт түзүп, адабий атаандаштык жаратып, бул өз кезегинде адабияттын табигый өсүүсүн шарттаганы талашсыз.
“Алдейлеп турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен” дегендей, чыныгы чыгармачылык чөйрө бул муундун өкүлдөрүнө чыгармачылык менен узанып иштөө кеңири мүмкүндүктөрдү ачты. Ошол эле учурда аларга чоң жоопкерчилик жүктөдү. Бул муундун өкүлдөрүнүн начар жазууга, чабал болууга акысы жок эле. Кечиримсиз да болчу. Эгер өзүнүн чабал экенин сезсе, анда калем кармабай коюшу керектигин, ошол жылдары адабият асманында жылдызы жанган О.Султанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, Т.Мукановдордон кем жазса, ыр жазып кереги жоктугун Ж.Зарлыкбеков да, анын замандаш калемдештери да жакшы түшүнүшчү. Адабияттагы мына ушундай курч кылычтын мизиндегидей абалда эч ким орто саар болгусу келчү эмес. Жокебиз да, анын калемдештери мына ушундай “же ыр жазып акын болобуз, же экинчи колубузга калем кармагыс болобуз” деген шартта, кызыл чоктун үстүндө отургандай, адабиятка жанын таштап иштешти. Натыйжада, алар Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналарындай” эрте жетилишти.
Жолдошбек Зарлыкбеков адабияттын алтын доорунун соңундагы муундун ирдүү өкүлү эле. Аны таланттуу акын катары калемдештери баары сыйлачу. Анын чыныгы талант экенин моюнга алышчу. Азыр айта берсек болот, ал студент кезинде эле тирүү классикке айланып, анын замандаштары, анын ичинде, биз кийинки муундагылар, анын ырларын өз оозунан угуп, окуп, андан сабак алып, үйрөнгүбүз келчү. Биз аны окумал, интеллектуал акын деп билчүбүз. Антип биз анын ырларына кызыккан сайын, ал болсо ырларын ошончолук бизден жаап-жашырчу. Окутчу эмес, өзү да окуп берчү эмес. Окуса да, мурдатан тааныш болуп калган ырларын окучу.
Жокем минтип өз ырларын башкалардан коруп жашырышынын дагы бир сыры бар эле. Аны адабиятка өтө аяр, чоң жоопкерчилик менен караган чыныгы акындардын, чыныгы поэзия үчүн жашагандардын чөйрөсү курчап турган. Жездеси Алым Токтомушев да, эжеси Шербет Келдибекова да чыныгы акындардан, ырга чоң жоопкерчилик менен караган адамдар эле. Мына ушул жагдай да Жолдошбек Зарлыкбековдун поэзияга өзгөчө мамиле жасашына, чыныгы поэзия жаратуу үчүн күрөшүп жашаш керектигин эрте түшүнүшүнө себепчи болду көрүнөт.
Жолдошбек Зарлыкбеков экөөбүз бир жылга жакын бир кабинетте, маңдай-тескей отуруп иштеп калдык. Ал эрте менен эрте келип, же жумуштан кеч кетип, кээде түшкү тамактануу учурунда бекинип алып, ыр жазып отурар эле. Эгер жазып жаткан ыры жакшы чыгып калса, жылдызы жанып, чечекейи чеч болуп, улам кайталап окуп берчү. Менин бир байкаганым кээде бир эле ырын бир ай бою улам оңдоп жазган учурлары болчу. Улам кийинки варианттарын окуп берип, мунусу кандай болуптур, мунусунда бул сабын алмаштырдым, бул сөзүн оңдодум деп, өзүнө өзү окурман, өзү угарман, өзү сынчы болгонуна күбө болгонум бар.
Поэзия – бул уйкаштыктар же образдуу ойлор, ширин сөздөр, көркөм салыштыруулар эле эмес. Поэзия бул иралды кубулуш, жан дүйнөнүн төгүлүп-төгүлө албаган, чачылып чачыла албаган абалы.
Уйкаштырып койсо эле ыр болуп калбайт. Бизде эки сөздү эптеп-септеп уйкаштырганды үйрөнүп алып, же образдуу ойлорду, кооз ыр саптарын таап алып: “Мен акын болуп калдым” дегендер кездешет. Албетте, бул чоң жаңылыштык. Чыныгы поэзия болуу үчүн уйкаштык да, кооз саптар да жетишсиздик кылат.
Жоке мына ушул айныксыз чындыкты жакшы түшүнгөн.
Коңур үндүү, доошу коңгуроодой мукам, укканда жүрөктү бир селт эттирип, бир элжиреткен комуздар көп, бирок Карамолдонун комузу жалгыз гана. Биринен бири мыкты комуз усталар өтүшкөн, арийне алардын бири да ошол үндү таба алышкан жок.
Залкар комузчулардын соңкуларынын бири Нурак Абдырахманов “Карамолдонун комузунун үнү ай” деп, кайран Карамолдонун комузунун керемет үнүнө ашык болуп, ошол үндү издеп жүрүп өттү.
Не бир кооз, не бир кымбат жыгачтан жасалган скрипкалар бар. А Страдиваринин колунан жасалган скрипкалар саналуу гана. Бүгүн анын скрипкаларынын куну жок, миллиондогон доллар менен бааланат. Мунун өзү Страдивари жасаган скрипкалардын канчалык баалуу экенинен, үнү канчалык керемет экенинен кабарлап турат.
Чыныгы поэзия да Карамолдонун комузу, Страдиваринин скрипкасы сыңары кайталангыс.
Мыкты акындар, мыкты жазылган ырлар көп, бирок чыныгы поэзия сейрек гана.
Поэзия болуш үчүн баары кайталангыс болуш керек. Жазган адам да, ыр да, ой да, уйкаштык да кынтыксыз болгондо мыкты ыр жаралат.
“Жоголуп кетти” деген Карамолдонун комузу кимдир-бирөөнүн колунда болушу мүмкүн, бирок ал комуздун бүгүнкү ээси аны Карамолдо сыңары миң кубултуп күүгө келтире албайт. Страдиваринин скрипкасы да бардык колго тийсе эле, өзүнөн өзү мукам обон салбайт.
Мыкты ойлор, кынтыксыз уйкаштыктар, кооз, тамшандырган ыр саптары бардык эле ыр жазгандарга берилет, бирок баары эле ошол саптардан, ойлордон чыныгы поэзия жарата албайт. Мыкты ырлар көп эле акындарыбызда кездешет, анткен менен ал ырларда бир нерсе жетишпей жаткандай, бир тузу кем болуп жаткандай сезиле берет.
Ойдун мына ушул өңүтүнөн алганда, Жолдошбек Зарлыкбеков чыныгы поэзиянын үлгүсүн жараткан акын катары адабият тарыхында калат. Болгондо да ал кынтыксыз, чыныгы шедеврлерди, интеллектуал поэзияны жаратты.
Чыныгы акындар гана чыныгы поэзияны издейт.
Ж.Зарлыкбеков кыргыз поэзиясындагы өзгөчө кубулуш. Анын ар бир жазган ыры кайталангыс, ар бир ыры шедевр. Анын калеминен жаралган ар бир ыр чыныгы поэзиянын мыкты үлгүсү боло алат:
БУЛ ӨМҮР – БЕРЕР ЖООБУ КЕЧЕҢДЕГЕН…
Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
Дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.
Жетелеп сансыз майда толкундарын,
Дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
Эки чал маңдай-тескей унчугушпай.
А бул жол – алда неге сунулган кол,
Арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —
Жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.
А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
Жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
Бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?
Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
Сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
Басаңдап бабыргандын ыйлаганы.
Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
Же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
Өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
Өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген.
Бул ыр чыныгы поэзиянын үлгүсү эмей эмне?
Аял көзү-башын боенсо эле сулуу болуп калбайт. Анысы кандай, ыр саптарынын уйкаштыгы кыналып, көркөм, кооздугу жарашып калса эле ыр болуп калбайт.
Сулуулукту көз менен көрүп, жүрөк менен тааныгандай, чыныгы поэзияны да акыл менен таанып, жүрөк менен сезе аласың. Себеби, чыныгы поэзияга адабий эрежелердин чегине сыйбай, уйкаштыктары да өзгөчө болот. Чыныгы поэзия эмне дегенде, анын мыкты үлгүлөрү катары Жолдошбек Зарлыкбековдун ырларын мисалга тартсак болот.
Акындын “Сүрөттөгү өскөн жерин” окуп көрөлү.
СҮРӨТТӨГҮ ӨСКӨН ЖЕР
Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
Талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
Суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.
Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —
Эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
Жанымдын дабаасына жазылган ыр
Жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.
О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин
Көгүндө күмүш канат булут шашып,
Төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
Жээгинде шамал дуулап, толкун ташып
Жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
Берилеп, улам жылган сайын дагы,
Берилеп… илкип-салкып араң жетет
Апамдын сөөгү жаткан айылга бу.
Мында өскөн жерди натуралисттик сүрөттөө жок. Мында терең психологизм бар. Автор жол, жолду жээктеп кеткен талаа менен каарманынын жан дүйнөсүндөгү өскөн жерге болгон кусалыкты, эңсөөнү айтып жүрүп отурат.
Жокемдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!