Рамис Рыскулов: “Мен токойго жашынган ыр каракчысымын”
– Раке, чыгармачылык кандай болуп атат?
– “Есениана” деген жыйнак даярдап койдум.
– Есенин менен кандайдыр бир жакындыгыңыз бар, ээ?
– Есениндин чыгармасында менин атым бар. Израмистил чыгат деген.Тил дегени мен жаңы тил ойлоп чыгарам. Мен сөз оорусу менен ооругам да. Маяковский айткан эң улуу максатты коюш керек. Мен эң көп псевдоним алып атпаймынбы. Бүтүн ааламдагы периштелер мага иштейт.
– Псевдонимиңиз күн сайын эле алмаша берет го?
– Менин жүздөн ашуун псевдонимим бар. Аййей болуп чыгат, Айфей болуп чыгат.
Ыр жазышым сөз уурдаган мышыктай,
Гезит окушум ит сөөк мүлжүгөндөй.
Бошонгон иттей болуп жулунуп,
Күндө шаарга чыгам.
Бишкек лабиринтинде адашып жашап келатам.
Ырларымдын радиусу, градусу жогору,
Мидин, Байдыкенин ырларындай.
Жаш кезде Мидин менен Байдыкени жоготсом, буфеттерди кыдырсам таап алчумун. Мариям Булар-киева, Алыкул, Вознесенский менин поэзиядагы устаттарым.
– Мидинди буфеттен табат элем деп жатпайсызбы. Сизди издегендер каерден тапчу?
– Психушкадан. Психушке я написал свои стихушки.
– Сизди акын Жоробек Султаналиев менен дос эле дешет?
– Экөөбүз бири-бирибизди таптачубуз да.
О, Раке, кандай абалың?
Мен Таластан келген баламын.
Дайыны жакшы экен деп,
Калкыма айта барамын.
Анда мен:
Архивдерди эңшерип,
Аябай катуу текшерип.
Жоробек досум өзүңө,
Жүз жылдан кийин коюлат эстелик.
– Ал кишиге дале эстелик коюла элек болуш керек?
– Эстелик мындай турсун, архиви жок. Мен үйүн нечен жолу аңтардым, баласы, аялы экөө эчтеке таппай коюшту. Сонун кезде, жаңы эле отуз жетиге караганда кайтып кетпедиби.
– Раке, сиз кимсиз?
– Мен токойго кирип жашынган ыр каракчысымын.
– Эмне үчүн каракчы?
– Акындардын баарын тоноп атпаймынбы.Чоң балык майда балыктын баарын жеп коет да. Мен да чоң балыкмын. Муса Жангазиев менин кислородный подушкам болчу. Кууса да кетпей, такай жанында жүрчүмүн. Эки жыл жалаң чай ичиштик. Ошондо да башка жерге барбай, ачка болсо кошо ачка болуп, чай ичишсе кошо иччүмүн. Бир жолу дарбыз алып баргам. Даже дарбыз алып жеген эмес экен да кайран киши. Жалаң айлык менен жашаган да. Өзү тегирменчинин баласы болчу. Атасы арыктын ичинен таап алган.
– Бир жолу мен конфуцианистмин дедиңиз эле?
– Конфуцианство – это самообразование. Гений женьшенге окшоп көлөкөдө өсөт.Толубай жөн жерден атын кырк күн жердин астында күн көрсөтпөй таптаган эмес да. Мен да үч-төрт күн үйдөн чыкпай иштейм. Арашанда он беш жылдан бери эс ала элекмин. Йога болгонум үчүн мага курортко, дом отдыхга барганга тыюу салынган. Чарчасам аялым арак куюп берет. Эс алып калам. Эгер жарма ичсең арактын деле кереги жок экен.
Эки жыл жарма ичип окугам. Мүшөктүн түбүндөгү талкандын теңи кум эле. Ошодон жарма жасап ичип алып лекцияга кетчүмүн. Оросулбай Айникенов деген башкарма мага колхоздон он сом стипендия бычып берген. Ал өзү Ленинге барган, номур бешинчи партбилети болгон. Бай өзүнүн баласын акча берип алып калып, анын ордуна согушка барган. Өзү жетим болчу, ошон үчүн жетимдерди колдогон жактан рекорд койгон.
– Жашоодогу максатыңыз эмне?
– Улуулуктан, генийликтен качып, жөнөкөйлүккө баргым келет. Массанын алдына чыгып ыр окуганга, сөз сүйлөгөнгө кызыкпайм. Жыйналыштарда да отура албайм. Отунбаева, Атамбаев, Баяс Турал –баары мен жакшы көргөн кишилер бийликке келип атат. Отунбаева беш тилде сүйлөйт да. Роза жаш кезде аябай сулуу болгон. Ага “Легковойдо бирге келдик” деген ыр арнагам. Отунбаевага бакыт келди. Менин айткан сөзүм, берген батам келет. Таза кыргыз бокко жарабайт, таза орус бокко жарабайт. Таланттуулардын, генийлердин көбү эле метис болгон. Мен деле метисмин. Немис десе немис, иран десе иран, кытай десе кытай болуп кете берем.
– Канча пенсия аласыз?
– 10 миң сом.
– Бай турбайсызбы!
– Эл акынымын да. Сооронбайлар менен тең эле алам. Курсагым тойгонуна эки-үч жыл болду. Мурда пенсиям 300 эле сом болгон. Эки неберем колумда. Жакшылап тамак жасап беришет. Азыр водолейлердин эрасы келди. Водолейлер Гениалдуу болушат экен да. Менин аялым да водолей. Легковойду аялым айдайт. А мен трактор айдайм…
Маектешкен Мамат Сабыров, “Кыргыз Туусу”, 17.09.2010-ж.