Тушоо кестирүүгө Ала-Тоого келгенде…

Айша Айтикеева – биздин активдүү авторлордун бири. Мурда жазгандары балдардын «Кулунчак» бетине чыкчу. Ал азыр мектептин жогорку классында окуп калды, ошол эле кезде музыкага, адабиятка кызыгат. Бир нече китептери орус, кыргыз тилидеринде чыкты. Жакында анын дагы бир китеби – «Жылкычы кыздын сыры» аттуу повесть, аңгемелер, новеллалар китеби жарык көрдү. Чыгармаларында балалык баёолук менен бирге турмушка олуттуу ой жүгүртүү да кадыресе сезилип турат. Биз китептин тушоосу кесилип, жүрүшү узак болсун деп тилөө менен андагы бир макаланы тартуу кылабыз.

Мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишип, өз тагдырын өзү чечкенден бери, мурун болуп көрбөгөндөй иштерди иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы баарыбызга белгилүү. Эгер мурун чет мамлекетке барууга, чет мамлекеттерди кабыл алууга, алар менен экономикалык, социалдык, маданий жана башка иштерди жүргүзө албасак, азыр бардык жактан бүткүл дүйнө менен каалашыбызча мамиле түзүүгө жетишип отурабыз. Ошондой мезгилде бизге тааныш үй-бүлөнүн баккан жээн небереси Зайна Улуттук университетибиздин чет тил факультетиндеги француз тили боюнча бөлүмүнөн мыкты окуп, кызыл диплом менен бүтөт. Ал тилмечтик ишке чегилет. Ар кандай иш менен чет мамлекеттен агылып келип жаткан француз тилинде сүйлөөчүлөргө тилмеч болуп жүрөт. Тилмеч болуп 2-3 жыл иштеп калган учурда, Зайнаны туулган күнүнөн бери багып-тарбиялап, окутуп жүргөн таята-таене жана өз энеси да кайтыш болуп кетет. Мындай оор кайгыга басынбай ишин тынымсыз иштеп, чет өлкөгө чейин өзүбүздүн делегация менен барып жүрүп чоң машыккан тилмечке айланат. Аны түшүнгөн бир нече ирет тилмечтигин пайдаланган французча сүйлөгөн Швейцарец Себостьян Зайна эже менен баш кошууга убадалашып үй-бүлө куруп алышат.

Мен Зайна эжеге суроо берип калдым.

– Сиз башка мамлекеттин – улуттун келини болуп бара жатканыңызда, кандай тагдырда болоор экемин деп тынчсыздандыңызбы?
– Албетте, буйрукка сөз жок экен дегендей, мурда алардын салт-санаасын, үрп-адатын билбегендиктен, ал мамлекетте болбогондуктан, эми кандай болот? – деп аябай кабатырланганмын. – Анын үстүнө мени чоңойткон таята-таенем жана өз энем да кайтыш болуп кеткендиктен сайсөөгүм сыздап, жүрөгүм ооруп, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, дегендей жүргөн кезим болучу. Мына ушундай учурда биз баш кошуп калдык. Бирок бактыма жараша жакшы үй-бүлөгө тушукканым, алардын босогосун аттагандан баштап эле сезилип турду. Дагы эле тынчсыздануу менден тез эле кете койгон жок. Акырындап, Себастьяндын ата-энесинин акылмандуулугу, мээримдүүлүгү, өз балдарына кылган мамилелериндей эле мага кылган теңчилдик, адилеттүүлүк иштери кубандырып, курчап алды. Эч кысылбай, эркин жашоого көнө баштадым. Убакыттар тез эле өтүп, кызыбыз – Сорая төрөлдү. Ал эмдиги жылы мектепке окууга барат. Бүгүн болсо уулубуз бир жашка толуп, басууга аракеттенип жүргөндө тушоосун кессе дайыма мүдүрүлбөй түз – ак жолдо жүрсүн деп отурабыз. Атын – Илим – деп кыргызча койгонбуз.

«Алма багынан алыс түшпөйт» дегендей Себостьян да жакшы тарбияланыптыр, биз бардык ишти акылдашып чечебиз. Биздин баш кошконубузга он жылга жакын болуп калды. Анын эч качан өкүмдүк кылганын көрө да, уга да элекмин. Менин сөзүмдүн көпчүлүгүн эки кылбай аткарат. Бир туугандары биздин ишке кийлигишпейт. Бизге мамилелери жакшы. Баарыбыз ынтымакта жашайбыз. Мактануу эмес, мындай үй-бүлөгө тушукканыма дайыма тобо-топук кыламын.

Эми уулубуз Илимдин тушоосун Кыргызстанга келип кестирип кетүү жөнүндө Себостьян экөөбүз чечип, ата-энебизге айтсак, алар силердин чечимиңерди колдойбуз дешти. Анан бул жактагы атабызга телефон чалсак, келе бергиле Кыргызстанга деди. Ошентип биз балдар менен бир жума мурун келип, мындагы тууган-туушкан жолдоштор, досторду чакырып 1-майда Илимдин тууган күнүндө тушоо кесүү салтанатын өткөрөлү деп келип калдык.

Алар тушоо кесүү үчүн жарышка чыгуучу балдарга эң сонун кооз, бири – ырдаган, бири – бийлеген, бири – музыка чалган сүйлөгөн оюнчуктарды алып келишиптир. Чуркап келген кезегине жараша оюнчуктардан берип, балдарга кубаныч тартуулашты. Келгендер дасторкондон даам татышып, гитара чертип, ырдашып, баарлашып отурушту. Танапис учурунда Себостьян жездеге да бир суроо менен кайрылдым. Ооба, суроо-жооптор Зайна эженин которуусу аркылуу болду.

– Швейцарияда да балдардын тушоосун кесеби?
– Жоок, бизде андай адаттар болбойт.

– Анда эмне үчүн сиздер уулуңуздардын тушоосун Кыргызстандан кестирүүнү туура көрдүңөр?
– Ар бир ата-эне балдарынын бактылуу болушун тилеп тарбиялайт да. Биз Зайнаш экөөбүз дагы ошондой тилекти орундатууга аракеттенип, алгачкы кадамынан баштап мүдүрүлбөй басууга, чоңойгондо ишинде жолу шыдыр болуусун камсыздоону максат кылдык ырымдап. Ошондой эле, сиздердин үрп-адатыңар, салтыңар, менталитетиңер бизге абдан жагат,-деп кошумчалады жезде.

– «Баланы жашынан» дегендей бүгүнкү тартылган сүрөттөрдү, видео кассеталарды көрүп, уулубуз эс тартканда таяке-тайларын таанып-билип, катташып, сыйлашып адамгерчиликтүү болсо деген ойдобуз,-деди Зайна эже.

– Ыракмат маегиңиздерге! Ылайым эле баарыңыздар бактылуу болуп ак жолдо жүрүшүңүздөргө тилектешмин!

Алар тушоо кескендин эртеси күнү Бишкек – Москва – Женева аба жолу менен жөнөп кетишти. Ооба алар үйлөнүшкөндөн кийин эле аба – таякесин үй-бүлөсү менен Швейцарияга чакырып шаарларын бүт көрсөтүп эки жумадан кийин көп белектерин берип, жол киресин төлөп жөнөтүшүптүр.

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ, «Zaman-Кыргызстан», 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.