«Жаңы кино» журналы жарык көрөт
Кыргызстанда «Жаны кино» журналынын жарык көрүшү пландаштырылууда. Бул туурасында «КАБАР» агенттигине Кинематография департаментинин деректири Абибилла Пазылов билдирди.
Ай сайын чыгуучу журналдын 1-номери, 17-ноябрда — Кыргыз кино күнүндө жарык көрөт. Басылма кыргыз жана орус тилинде жарык көрөт. Азыркы учурда журналды каттоо процесси жүрүүдө.
А.Бенгард, МА, «Кабар» МА, 12.08.2009-ж.
Соц тармактар: