Улуттук китеп палатасынын директору Талант Ормушов: «Кыргыз башынан китептин кадырын жакшы билет»

Улуттук китеп палатасынын 70 жылдыгы 23-апрелде өтөт. Ошого байланыштуу биз китеп палатасынын директору Ормушов Талант Жумашевичке айрым суроолор менен кайрылдык.

– Сиз жетектеген мекеменин мааракеси качан болот?
– Улуттук китеп Палатасы 1939-жылы Кыргыз ССРинин Комиссарлар Кеңешинин чечими менен түзүлүптүр. Кыргыз башынан сөз кадырын жакшы билген, сөзгө жыгылган калк эмеспи. Китептин кадырын жакшы билет. Анан калса дүйнөлүк адабияттын башында «Манас» баштаган төл эпосубуз турат. Китеп элдин руханий жактан калыптануусунда зор эмгек сиңирип келатат. Кыргыз мамлекетин түптөөдө, калыптандырууда Кыргыз басма сөзүнүн, китептеринин орду эбегейсиз зор. Ошондуктан, буга мамлекет өзгөчө маани берип Китеп палатасын түзгөн.

– Мааракеге кандай камылгалар көрүлүүдө?
– 23-апрелде саат ондо Тарых музейинде чоң салтанат болот. Китеп сүйүүчүлөрдү ал майрамга чакырабыз. Кыргызстандагы мыкты басмаканалардын баары китеп жарманкесине катышып өздөрү чыгарган китептерин көргөзмөгө коюшат. Каалаган авторуңузду таап алсаңыз болот. Чоң концерт уюштурулат. Мыкты иштегендерге мамлекеттик сыйлык ташшырылат. Баса, бул күнү «Китеп күнү» майрамы болгондуктан кош майрам.

– Кош майрамга дагы кандай маданий-иш чара кошулат?
– Кыргыз Өкмөтүнүн 2002-жылдын 1-апрелдеги токтомунун негизинде Китеп палатасы жылда республикалык «Китеп күнүн» өткөзөт. Бул күндү ЮНЕСКО дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү деп 1996-жылы белгилеген. Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунун негизинде «Китеп искусствосу» деген республикалык конкурсту өткөрүп келатабыз. Улуттук китеп саясаты коомдун чыгармачылык кудуретин өстүрүү үчүн шарттарды түзөт жана китеп чыгарууну мамлекеттик деңгээлде жөнгө салат. Азыр китеп чыгаруу, китеп таркатуу, полиграфияны рекламалоодо укуктук база жолго коюлууда.

– «Китеп искусствосу» конкурсунун максаты эмне жана кандай сыйлыктарыңыздар бар?
– «Китеп искусствосу» конкурсун мамлекет өткөргөнүн ата мекендик өндүрүштү колдоо деп түшүнүүбүз керек. Себеби, улуттук китеп чыгаруунун жетишкендиктерин даңазалоо, китеп жасалгалоо искусствосун өнүктүрүү, таланттуу сүрөтчүлөрдү, жасалгалоочуларды, дизайнерлерди китеп жасалгалоого, иллюстрациялоого тартуу эң негизги максат. Бул конкурстан жеңип сыйлык алган китептер түрдүү Эл аралык китеп-ярмаркаларына, конкурстарга катыша алат. Былтыр Кыргызстан КМШдагы Эл аралык конкурста баш байгени жана биринчиликти алганыбыз өтө кубанычтуу тарыхый окуя болду. Конкурстун эң жогорку сыйлыгы «Алтын мукаба». Бул сыйлыкты жеңген басма ээси диплом, статуэтка, чоң акчалай сыйлык менен сыйланат. «Сыймык», «Чеберчилик», «Замандаш», «Өнөр» ж.б. сыйлыктар бар. Булар дагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышат. 23-апрель күнү Тарых музейиндеги чоң салтанатта конкурстан жеңгендерге сыйлыктар тапшырылат.

– Бул сыйлыктар кандай жетишкендиктер үчүн берилет?
– Китептин көркөм графикалык чеберлиги эң жогору, сапаты мыкты, дизайн деңгээли жогору, макети кынтыксыз, чыгармачылык жоопкерчилик менен иштегендер сыйлыкты жеңет. Ар бир сыйлыкка ар бир басма өз сунушун киргизип талапкерлерди көргөзөт. Муну басмагерлерден, сүрөтчүлөрдөн, редакторлордон, акын-жазуучулардан турган атайын комиссия карап жыйынтыгын чыгарат. Каржылоону Маданият жана маалымат министирлиги көтөрөт.

– Китеп Палатасы бул кош майрамга өзүнүн эмгектерин да алып чыкса керек?
– Өзүбүздөн чыккан китептер бул конкурска катышпайт. Бирок, Китеп палатасынын 70 жылдыгына карата «КР жылнаамасы» деген библиографиялык көрсөткүч китеби, «Кыргызстан басмасы-2008» деген статистикалык жыйнак, «Кыргызстан» басмасы-2008» деген сүрөттүү, аннотация берилген электрондук каталог чыгат. Бул китептерди 23-апрелде китеп жарманкеде алсаңыздар болот.

– Китеп палатасынын орчундуу милдеттери эмне?
– Республикадагы бардык басылмалардын сигналдык нускасын Өкмөт белгилеген тартипте, өлчөмдө алып, бир нускасын китеп палатасынын архивине сактайбыз. Калганын тийиштүү китепканаларга, мекемелерге жөнөтөбүз. Тендер өткөрүп китептерди сатып алып китепканаларга жеткиребиз. Басылмаларга мамлекеттик эл аралык номер берип ал аркылуу басылмалардын чыгышын көзөмөлдөйбүз. Түрдүү библиографиялык китептерди, каталогдорду, статистикалык жыйнактарды чыгарабыз. Биздин архивде 2 миллиондон ашык нуска басма продукциясы сакталуу.

Маектешкен Кален Сыдыкова, «Zaman-Кыргызстан», 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.