Режиссёр Эрнест Абдыжапаров: «Махабат уурусу» кылмышты даңазалаган тасма эмес…

Жакында «Махабат уурусу» деген аталыштагы тасма жарык көрдү. Режиссёру Эрнест Абдыжапаров. Кинонун философиясы, идеясы, максаты тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Эрнест агай, «Махабат уурусу» деген кино тартып бүткөнүңүздү эшиттик. Угушубузга караганда криминал жөнүндө экен. Чын-бышыгын өзүңүздөн билсек?
– Бүгүнкү турмушка криминалдык аң-сезим батып кетпедиби. Ошого карата ой жүгүртүүдөн улам фильм жаралды десем болот. Бирок, «Махабат уурусу» кылмышты даңазалаган тасма эмес. Бул жерде мистика басымдуулук кылат. Адам жаны түбөлүктүү деген реинкарнация идеясы көбүрөөк чагылдырылган.

– Кызык экен, сюжети кандай?
– Байыркы бир заманда каракчы жашаган болот. Ал сулуу кызды сүйүп калат. Ошого жетем деген ойдо аны кокустан өлтүрүп алат. Кыз менен кошо анын жигити көз жумат. Кийин каракчынын жаны тиги дүйнөгө барганда кайра жаралуу мүмкүнчүлүгүн жоготот. Көрсө, жанагы кыз менен жигит келечекте анын ата-энеси болмок экен. Бирок ошол жаннатта тирүүлүккө жолдомо берген кемпир бар. Анын кызы каракчыга сыноо ирээтинде өзүнүн бир өмүрүн тартуулайт. Тиги болсо биздин заманга туш келип кайра эле «вор в законе» болуп төрөлөт. Дагы бир жаш кызды сүйүп калып, баягы тарых дагы кайталанат…

– Аны да өлтүрүп алабы?
– Жок. Кандайдыр ички туюм менен кыз жакшы көргөн жигитти ажалдан алып калат. Эгер ал өлсө кыз да артынан кетмек. Бирок, аны сактап жатып өзү курман болот. Тиги дүйнөгө барганда ал мурдагы күнөөсүн толук жууганы билинет. Жарык дүйнөгө келүү вазийпасына ээ болуп, кийинки жашоосунда аман калган кыз жигиттин тун уулу болуп төрөлөт.

– «Боз салкынды» Ронн Хаббарддын «Дианетика» илиминин негизинде тарттым дедиңиз эле, «Махабат уурусуна» индустардын философиясын колдонгон турбайсызбы?
– Мен өзүмдү мусулманмын деп эсептейм. Бирок, кайсы дин болбосун анын пайдалуу, керектүү жагын өз чыгармачылыгыма колдонгонду өөн көрбөйм. Индустардын философиясын деле ушул максатта алдым. Ар бир кыянатчылыгың үчүн жооп берүүгө тийишсиң деген ойду бергим келди. Адамда негизи эки өзөк болот да. Кудайлык жана айбандык. Бири жакшы нерсеге, экинчиси тескери багытка үндөйт. Бүгүнкү күндө айбандык өзөк үстөмдүк кылып жатат. Эркек эки-үч аял менен жашап, көңүлдөш күтүш керек деген түшүнүк аң-сезимге батып баратат. Азыр мен «төрт балам бар, кичүүсү төрткө чыгайын деп калды» десем «экинчи аялыңданбы?» деп сурагандар бар. Кыскасы, бир адам менен жашоо күлкүлүү нерсеге айлана баштады. Ыйман жоголуп, сазга батып баратабыз. Дианетикада ошол айбандык өзөктү кантип жок кылуунун жолдору бар. Ал дин агымы эмес, болгону илим менен диндин синтезделген жыйындысы. Турмушка керектүү нерсенин бүт ушундан тапса болот.

– Фильмди жаратууга дагы эмнелер түрткү болду?
– Мындан үч-төрт жыл мурда мен «Канат менен Зарина» тууралуу кино тартмакмын. Бирок, кандайдыр себептерден улам оюм ишке ашпай калган. Ошол эки жаштын кайгылуу окуясы кийин «Махабат уурусунун» өзөгү болуп берди.

– Актёрлорду кайдан таптыңыз?
– Баш каарманды ойной турган актёр Кыргызстанда жок экен. Казак актёрлорунун арасынан издедим. Бирөө купулума толуп, жакты. Ал Кубанычбек Адылов деген алматылык актёр болуп чыкты. Аны да араң таптык. Иштеген жеринен башка жакка которулган экен, ал жакка барсак Ысык-Көлгө апасыныкына кеткен дешти. Көрсө, Кубанычбек кыргыз жигити экен. Караколдо чоңоюп, өсүптүр. Мектепти аяктаган жылы Алматыга окууга кетип ошол бойдон орун-очок алып калыптыр. Аты чыгып, бир топ атакка жетишиптир. Кыскасы, биздин сунушту «менин тилегим орундалды» деп кубануу менен кабыл алды. Кыргыз тасмасына тартылсам деп эңсечү экен да. Дамир аттуу баш каармандын образын жаратты. Ал эми Барчындын ролун Элина Абай кызына бердик. Кемпирдин кызын Асем Токтобекова ойноду.

– Кинодо автордук жана коммерциялык фильм деген эки көз караш бар экен. «Махабат уурусун» кайсыга кошсок болот?
– Азыркы күндө ушул түшүнүк абдан бурмаланып кетти. Элге жаккан кино тартылса ал коммерциялык, бирин-серин кишиге түшүнүктүү фильм болсо аны автордук деп бөлүп салдык. Менимче, бул туура эмес. Эгер коммерциялык тасма деле адамды жакшы жакка жетелесе, айтайын деген ою ак болсо эмне үчүн биз аны жеришибиз керек? Ыпластыкты, канды, бузукулукту чагылдырган нерсеге күрөш жарыялаш керек, ага кошулам. Бирок, элге жаккан, элди бийиктикке үндөгөн нерсени биз колдошубуз керек го дейм. Экинчиден, «автор» деп кинематографияга өзүнчө чыйыр салган режиссёрду айтса жарашат. Мисалы, Эмир Кустурица. Анын кинолору бир жагынан өз элин даңазалап жатат, экинчи жагынан кайталангыс касиетке ээ. Коммерциялык жагынан да уттурбайт. Азыркы режиссёрдун көбү Андрей Тарковский салып кеткен нук менен баратышат да, автордук кино жараттык дей беришет. Булар жаңылык жасашкан жок да. Демек, алардын фильмин кайсы багытка кошсок болот?

– «Махабат уурусунун» орус тилинде тартылышына эмне себеп?
– Мындан мурда «Айыл өкмөтү», «Боз Салкын» тасмалары кыргыз тилинде тартылбадыбы. «Айыл өкмөтү» го чет жакка көрсөтүлүп, жакшы пикирлерди жаратты. Ал эми «Боз Салкынга» продюсерлер салкын мамиле жасап коюшту. Эл жакшы кабыл алган менен сыртка чыккан жок. Ушуну эске алып «Махабат уурусун» орус тилинде тарттым. Коммерциялык жагын да көздөдүк дегендей. Кино деген прокатка чыгыш керек экен. Буюрса, Казакстан, Россияга чейин көрсөтүүнү көздөп атабыз.

– Каражат маселеси кандай чечилди, актёрлорго гонорар төлөндүбү?
– Каражат, техника жагы жакшы эле болду. Киностудия да колдоду. Эл жардам берди. Азыр деле акча издеп жатабыз. Анткени, толук бүтүрүш керек. Гонорарга токтолсок, Россияда белгилүү актёр киного тартылганы үчүн күнүнө 10 миң долларга чейин алат. Биз болсо актёрлорго эптеп 500 сом төлөйбүз, аны да кармап жатып 400 сому колуна тийет. Ошону эске алып, бул ирээт гонарарды өтө жогору койдум. Бирок, аликүнчө төлөп бере албай жатам. Бул эми чечилчү нерсе дечи.

– Акыркы кезде жеңил-желпи тасмалар тартыла баштады. «Кыргыз керемети» өз касиетин жоготту деген сөздөрдү угуп калабыз. Ушундан улам кыргыз киносунун келечеги барбы деген суроо туулат?
– Бар эмей анан. 1994-жылы «Таранчы» деген тасмам эл аралык сыйлыкты жеңип алган. Ал ийгиликти биз «Кыргыз фильмде» жууганбыз. Ошондо бардык редакцияга чалып, чакырсак бир да журналист келбей койгон. Азыр болсо кичине тасма жаратып, диплом алсак да жазып атасыңар. Бул чоң жетишкендик эмей эмне? Мындан 10 жыл өткөн соң кыргыз киносуна чет элдик журналисттер кызыгышы мүмкүн. Балким, Голливуд менен биргеликте кино тарта баштайбыз. Мен келечекке ишенем, үмүтүм зор.

– Режиссёр катары кайсы сыйлыкты мээлеп жүрөсүз?
– Жеке режиссёр катары Канндан, Венециядан же Берлинден сыйлык алыш мен үчүн сыймыктуу болмок. Бул менин купуя тилегим десем болот. Ал эми продюсерлик көз караштан алганда албетте, «Оскар» алыш керек. Себеби белгилүү, бул сыйлыкты алган кино дүйнө жүзүнө бат таркайт. Режиссёр бир эле күндө миллионер болушу мүмкүн. Мен эми материалист эмесмин. Бирок, байый турган булактын көзүн ачууга мезгил жетти.

– Учурда дүйнөдө тарыхый чыгармалар көбүрөөк тартыла баштады. Кыргыз режиссёрлору ушуну колго алса кантет?
– Бул нерсеге көңүл бурууга чындап эле убакыт жетти. Биздин тарых орустардын же казактардын тарыхына караганда терең. Ой-жүгүртүү, аң-сезимибиз тамырлуу. Болгону ошону жайылтуу керек. Дүйнө азыр жаңы нерсеге суусап турат. Ушул келкелди кармап калсак чоң олжо. Көчмөндөрдүн цивилизациясы дүйнөнү дүңгүрөтчү маал келди.

– Жакында француз режиссёру Мари де Поншевилдин көчмөндөр тууралуу, тактап айтсак биз жөнүндө «Теңири» тасмасы жарык көрдү. Бирок, бул фильмге кыргыз интеллигенциясы сын жаадырганын кандай түшүнсөк болот?
– Мен ал сындарды туура деп эсептейм. Эгер биз ушул кинонун тартылышына кийлигишпесек ашмалтайы чыккан тасма жаралмак. Мари де Поншевиль бизге келип, кино тартам дегенде мени жардамчылыкка чакырган. Сценарийи азыркыдан да жаман болчу, оңдоого туура келди. Кийин тоскоол болот экенсиң деп чыгармачылыктан четтетип, уюштуруучулук гана милдетти аркалап калдым. «Теңириде» чыныгы көчмөн философиясы чет элдик көрүүчүгө жетпей калган. Кыргыз жаратылышы, жашоосу, актёрлору кызыл кулактык менен пайдаланылган. Ошол себептен сын жаадырып жатабыз да.

– Учурдагы саясий кырдаал тууралуу бир нерсе тартайын деген оюңуз барбы?
– Буга али эрте. Эгер ошондой көркөм тасма жаралса бир беткей болуп калышы мүмкүн. Биз керек болсо кечээги совет доорун да киного түшүрө албайбыз. Анткени, ал кездеги адамдардын көзү тирүү. Жеке пикиримде, азыркы саясат жөнүндө документалдуу фильм тартылса көбүрөөк утмак.

– Атактуу адамдардын сүйүүсүн баяндаган тасмалар көп чыга баштады. Айтымы «Чыңгыз менен Бүбүсара» аттуу фильм тартыла баштаптыр. Сиз буга кандай карайсыз?
– Даңазалуу сүйүү тууралуу бирдемке жаратайын деген ой мага такыр келген эмес. Экинчи жагынан Чыңгыз Төрөкулович улуу инсан эмеспи. Демек, анын махабаты да улуу. Аны көрүүчүгө жеткире алабызбы же көчөдөгү жеңил желпи бирдеме болуп калабы, кеп ошондо. Менимче, буга ашыкпай турганда болмок. Андан көрө, Манас атабыз менен Каныкей апабыздын сүйүүсү тууралуу кино жаратсак болоор беле. Бирок, аны Бүбүмариям Муса кызына аян аркылуу келген Жайсаң ырчынын варианты менен тартыш керек. Анда Манас менен Каныкей экөө бирин-бири түш аркылуу табышкан. Анан Манас Каныкейди издейт. Жолдо баратып адашып да кетет. Ошону Каныкей сезип, кудайга жалынат. Ал Аккулага энесинин кишенегени болуп угулуп, Манасты ээ-жаа бербей алакачып, Каныкей жашаган аймакка алпарат. Анан экөө жолугат. Эл көрбөгөн жерден таң аткыча сүйлөшүп, убадалашат. Мына ошол сюжет тартылса керемет кино жаралмак.

– А берки залкар манасчылардын варианты жарабайбы?
– Аны менен тартсак кичине осол, орой болуп калат. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас Каныкейге жолуккан күнү эле кол көтөрөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас менен Каныкейдин жолукканын:

«Оң колунан бир кармап, оң колтукка бир тепти,
Сол колунан бир кармап сол колтукка бир тепти» деп сүрөттөгөн жер бар. Муну Сагымбай атабыз куудулданып айтса керек. Биз аны кино кылып тартсак, дүйнөгө күлкү болобуз.

САНЖИ ТУЙТУНОВА, «Zaman-Кыргызстан», 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.