Өнөр музейи керек

“Өлгөндөрдү барктабай, тирүүлөрдүн даңкы болбойт” дегендей бүгүнкү күндө кыргыздын элдик салттуу музыкасынын баштоочулары, профессионалдык көп жанрлуу, көп тармактуу театралдык, музыкалык өнөрүбүздүн түптөрүн түптөшкөн, оозеки, жазма адабиятыбыздын негиз салуучуларын баяндаган Өнөр музейинин жоктугунан арбактары ардакталбай, жылдан-жылга унуткарылып, зээнибизди кейитип келүүдө.

Бул бүгүнкү күндөгү маданий коомчулуктагы эң бир бышып жетилген бирден-бир актуалдуу масалелеринин биринен деп эсептейбиз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июндагы “Ачык саясат-Назар” гезитинин санына тунгуч музыка изилдөөчү, ардактуу профессор, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушевдун Кыргыз Республикасынын президенти К. Бакиевге “Качанга музей деп мунканабыз” деп жазган кайрылуусун басып, көпчүлүктүн талкуусуна койду.

Жарым кылымдан ашуун убакыттан бери мен драматург, акын, жазуучу, илимпоз катары Т.Абдумомунов атындагы Академиялык Улуттук драма театры жана Ч. Айтматов атындагы орус драма театры баш болгон областтык, шаардык, кала берсе райондук театрлар менен иштешип келе жатам. Академиялык драма театрынын кыштарын коюшкан, бүтүндөй өмүрлөрүн театрдын өсүп-өнүгүшүнө, жумурай-журттун руханий жан дүйнөсүнүн байышына арнашкан Эл артисттери: А. Боталиев, Ш. Түмөнбаев, А. Куттубаева, булардын жолун жолдогон Эл артисттери Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Күмүшалиева, К. Жанкорозова, Самак Алымкулов ж.б. менен бирге болуп алардын сөздөрүн угуп, оюндардагы аткарган ар кандай ролдорун көрүп өстүм. Алар үчүн да пьесаларды жаздым. Залкар актерлор , актрисалар о дүйнөгө кетишти. Булардын туулган, өлгөн күндөрү жыл өткөн сайын таптакыр белгиленбей, эстен чыгып, унутулуп келүүдө. Эң бир өкүнүчтүүсү бүтүндөй улуу шайырлардын өмүрлөрү менен чыгармачылыктарын камтыган өнөр-искусство музейи жок. Эгерде, музейибиз болсо Залкарлардын ар кандай ролдордо ойногон ролдорунун сүрөттөрүн көрүшсө, айрым оюндардагы үндөрүн бүгүнкү жаштарыбыз угушса, алардын өмүрлөрү менен чыгармачылыктарынан маалыматтарды алышса руханий жан-дүйнөлөрүн байытып, ырахаттануунун бешигине бөлөнүшөөр эле. Өзгөчө, драма театрдын алдындагы студияда окушкан, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун актердук факультетиндеги студенттер үчүн көөнөрбөс мурас болор эле. Бүтүндөй кыргыздын профессионалдык театрларынын төрөлүшүнө, өсүшүнө бирден-бир булак болгон Академиялык жана баардык театрларыбыздын басып өткөн чыгармачылык жолун, тарыхын баяндаган музейибиздин жоктугу, ачык айтканда, ичиңди туз куйгандай ачыштырат. 2006-жылы Эл артисттерибиз А. Боталиев, Ш. Түмөнбаев 100 жашка чыгышты. Бирок, залкарларды театрдын жетекчилери эмес бирге жүрүшкөн кесиптештеринин өнөрлөрүнө таазим этишкен замандаштарынын бири эстештиби? Жок. Биз болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, эскерүүлөрүбүздү жазганга да жарабадык. Ал эми музейибиз болсо залкарлардын туулган күндөрү белгиленип, аткарышкан ролдорунун сүрөттөрү илинип, газета-журналдарга чыккан макалалар тартууланмак. Маркумдар болсо тирилип келип, арбактары колдоп, биз менен бирге отургандай ойду туудурмак.

Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын өсүшүнө бүтүндөй күлгүн өмүрлөрүн, өнөрлөрүн арнашкан эл артисттери К. Эшимбеков, А. Малдыбаев, С. Кийизбаева, М. Мустаева, Б. Бейшеналиева, К. Чодронов, А. Мырзабаев, А. Жумабаев, композиторлор В. Власов, В. Фере, М. Раухвергер, К. Молдобасанов ж.б. дын көпчүлүгүнүн да туулган, өлгөн күндөрү белгиленбей унутта калып келет. Бир мисал. Эл артисттери Касымаалы Эшимбеков, тунгуч опера режиссеру Аманкул Куттубаев 2007-жылы 100 жашка толушту. Бул эки залкар да эстелбей унутта калды. “Айтса, арман көп” дегендей кыргыздын элдик салттуу музыкасынын негиз салуучулары Муратаалы, Саякбай, Карамолдо, Калык, Ыбырай, Осмонкул, Шаршен, Атай, Муса, Молдобасан, Шекербек, Мыскал, Ашыраалылардын үй музейлери жок. Ошондой эле жалпы эл шайырларынын өмүрү менен чыгармачылыгын камтыган музейибиз да жок. Кыргыздын чыгармачыл жамааттарынын ичинен филармониябыздын имаратынын алдында “Пекин” деген ресторан бар. Эмне үчүн ошол ресторанды Эл шайырларынын музейин жасоого болбосун? Болот, ал тургай, биздин ата-бабабыз айткандай: төрт тарабы төп келет! Азыркы күндө эмне көп? Кафе, ресторан, оюндук клубдар көп. Менимче, бул улутубуздун улуу уул-кыздарынын тарыхый эмгектерин маданият министрлиги менен филармониянын чыгармачылык жамааты, анын жетекчилери колдойт деп ойлойм.

Кыргызстандын коомдук, мамлекеттик ишмерлеринин айкелдери Маданият жана маалымат министрлигинин алдында каркырадай тизилип турат. А эмне үчүн “Ала-Тоо” аянтына улуу акындар Арстанбек, Калыгул, Жеңижок баштаган төкмө акындардын, комузчулар Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай, обончу-ырчылар: Атай, Муса, Боогачы, Мыскал, манасчылар : Саякбай, Модобасан , композиторлор: Абдылас, Калый, актерлор: Муратбек, Сайра, Даркүл, Бакен, Аманкул ж.б. айкелдерин коюуга болбосун? Болот. Анда өзүнчө бир ачык асман алдындагы музей болмок!

Мен кыргыздын тунгуч музыка изилдөөчүсү Балбай Алагушевдун урматтуу президентибиз К. Бакиевге жазган кайрылуусундагы экс-президент Аскар Акаевдин бүтпөй калган китепканасынын имаратын искусство музейин уюштуруп берсеңиз деген өтүнүчүн жүз пайызга колдоймун. Калемдештеримди жана дагы бүтүндөй маданият ишмерлерибизди Б. Алагушевдун президентке жазган кайрылуусуна үн кошууга чакырам. Бир сөз менен айтканда кыргыз эли үчүн көп тармактуу искусство музейи аба-суудай керек!

Мырзабек ТОЙБАЕВ,
Кыргыз Эл жазуучусу, филология илимдеринин
кандидаты, КР маданият ишмерлер Ассамблеясынын
Коомдук Бирикмесинин Президенти,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.