Обончу Рыспай Абдыкадыров бүгүн 69 жашка чыкмак

images_47Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январь күнү Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүтүрүп, эмгектенип жүргөн райондук маданият үйүнөн 1962-жылы Жалал-Абад театрына которулган.

1963-жылы Ош педогогикалык институтунун музыка факультетине кабыл алынган. Ошол  эле мезгилде Ош шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп дагы  иштеген.

1967-69-жылдары чыгармачылык изденүү багытын өркүндөтүү максатында Кыргыз филармонясына келип эмгектенген.

1959-жылдан баштап,  “Түгөйүм”, “Эсиңдеби”, “Ой бото көз”, “Алмашым”, “Өскөн жер”, “Суусамыр”, “Сагынам туулган жер сени”, “Чойт эркечим”, “Издейм сени” ж.б. кыргыз элине жагымдуу, мукам  обондорду  жараткан.

1971-жылы Ош педогогикалык институтун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенип, 1974-жылы доцент, 1981-жылы Ош областык кеңештин депутаты болууга жетишкен.

1985-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамга татыктуу болгон.

1989-жылы тунгуч “Ырларым-менин тагдырым”, “Жолугарым билгемин”, аттуу обондуу ыр жыйнактары чыккан.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличнигин алып, ошол эле жылдын 12-сентябрында дүйнө салган.

1994-жылы маркумдун ысымы  Ош филармониясына, Кара-Кулжа  музыкалык орто окуу жайына ыйгарылган. 1997-жылы Сулайман тоодогу бейитине, Ош филармониясынын астына эстелиги орнотулган. 2001-жылы Ош шаарындагы музыкалык орто окуу жайына жана Ош шаарынын көчөсүнө аты берилген.

Бүгүнкү күнгө чейин  Рыспай Абдыкадыровго арналган эскерүү кечелери, Республикалык деңгээлде фестивалдар болуп келгендигин  жана үстүбүздөгү жылы кыргыздын чыгаан композиторунун 70 жылдык юбилейине арналган фестивал өтмөкчү.

Ж.Жээналиева, «Кабар» МА, 12.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.