“Алты бөлмөлүү үйүмдү китепканага жана медпунктка бердим”

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мырзабек ТОЙБАЕВ менен маек.

toibaevКыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаев кыргыз жазуучуларынын ичинде алгачкылардан болуп чыгармалар жыйнагынын 7 томдугун чыгаргандыгы жөнүндө Ысмайыл Кадыров түзгөн Кыргыздин Гиннес китебинде жазылган. Бул томдуктардагы автордун жыйналган чыгармалары аркылуу көп кырдуу талант экендигин айтуу жөндүү сөз.

Ал эми негизги багытын алып караганда Мырзабек Тойбаев кыргыз улуттук адабиятында драматургия жанрына өзгөчө салым кошкон талант. Союз учурунан азыркыга чейин анын бир жана көп актылуу болуп, жалпы 46 пьесасы көп театрларда коюлуп, миңдеген көрөрмандарды алакан чаптырган. Өткөн жыл дагы драматургдун чыгармачылыгында жемиштүү болду. Анткени, үч пьесасы республикалык театрларга чоң аброй менен коюлду.

– Мырзабек агай, бир жылда эле үч пьесаңыз сахнага коюлду, азыркы кыйын шартта буга кантип жетиштиңиз, театрлар мындайда жүз миң сомдон ашык каражатты сурашчу эле?
– Ооба, туура айтасың, мен өтө ыраазылык айта кетейин деп турам ушундан пайдаланып. Себеби азыркы базар экономикасынын шартында пьесаны жазгандан кийин сахнага койдуруш чоң акча болуп калган. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын директору Борис Воробьев “Жоронун жоруктары” деген жаштарга арналган комедиямы койгонго (режиссеру Лариса Любомудрова) бир тыйын да сураган жок. Пьесанын бүгүнкү күнгө абдан актуалдуулугун жактырып, бардык каражатты өзү көтөрдү. Чыныгы искусствонун адамы экен, чоң рахмат. Башка театрларда да ушундай жетекчиси болсо биздин театр искусствобуз өсөт эле.

– Экинчи пьесаңызды Балыкчы шаардык театры койгон экен, алар кандай шартта койду?
– Өздөрүнүн демилгеси менен коюшту. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык гезиттеринде чоң макалалар жарык көргөн. Менин авторлошум Жапарбек Жумагулов деген тажрыйбалуу журналист, койгон режиссер Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев болду.

– Пьесаңыз тууралуу айтсаңыз, эмне деп аталат?
– “Саякбай” деп аталат. Биринчи бөлүмдө улуу Манасчы Саякбай Каралаев кантип манасчы болгону берилди. Жаш кезинде аян көрүнүп, Бакай атанын образы менен келип, “Манас айт” деп далысын таптап жок болуп калып, кайра көрүнүп, Каныкей апанын боз үйүнүн ичине олтуруп калганы көркөмдөлүп ачылды. 1919-1922-жылдары Кыргызстанда Совет бийлигин бекемдөө максатында жаштарды аскерге алган. Саякбай Каралаев дагы Кызыл Армиянын катарына барып кызмат кылган. Ошол окуялары да көрсөтүлөт.

Кыякчы, чоорчу, ашкан куудул Адамкалый Байбатыров менен аскерде бирге жүрүп, экөөнүн өнөрү кызык, Адамкалый алты-жети тилде ырдай билген да, кыскасы, ошондой кызыктуу окуя көп.

– Республикалык жаштар театры койгон үчүнчү пьесаңыз тууралуу дагы уксак?
– Ал “Манап бий” деп аталат. Кубат Шаршенов авторлош болду. Манап бий XVI кылымдагы кыргыздардын кол башчысы болгон. Калмактар менен күрөштө эрдик көрсөткөн. Бул пьесамдын коюлушуна “Кыргызпатенттин” мурдагы иш билги директору Роман Оморовго чоң рахмат айтышым керек. Акчасын дароо эле театрга которушту. Таланттуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков коймок, мезгилсиз өтүп кетип, анын ордуна Камат Касенов койду. Эми спектаклди дагы дүйнөлүк масштабдагы фестивалдарга татыктуу кылалы деп кайрадан иштеп койчубуз, аныбыз ийгилик жаратууда.

– Эмне үчүн кайрадан иштеп, же купулуңузга толбой калучу беле?
– Н.В.Гоголдун “Текшерүүчү” деген белгилүү комедиясы XIХ кылымда коюлуп, айрым кемчилдиктери улам талкууланып, толукталып, он бешинчи жолку варианты дүйнөлүк классикага айланып калды. Театрга байланышкан драматургиянын чыгармачылык тагдыры ошондой болот.

– Сиз тарыхый темага көп кайрылып жүрөсүз, эмнеликтен?
– Бул баарыбызга керек деп ойлойм. Кыргыз драматургиясы жөнүндө мен диссертация жазгам. Мухтар Борбугулов менин жетекчим эле. Илимдер Академиясында мурун 3 жылдык аспирантура бар болчу. Мен күндүзгү бөлүмүндө окугам. Көптү үйрөнүп, изилдегем. Ошондо мен тарыхый теманы кантип жазуу керектигин абдан үйрөндүм. Дегеле тарыхты үйрөнүү кайсы заманда болсо дагы керек нерсе. Кыргыздардын дүйнөлүк элдер менен теңтайлаша турган улуу каада-салты, улуттук баалуулуктарын көрсөтүү милдетибиз.

Мисалы, мен жогоруда айтылган “Жоронун жоруктары” пьесамда дагы кыргыздашуу саясаты коюлду. Боз үй бар, очогу, сыртта комуз чертилгени, каармандардын улуттук кийимдерди кийгени бүт колдонулду. Жакын арада мага Якутиядан киши келди. Ал мамлекеттик саясый ишмер Максим Кирович Аммосов тууралуу драма жазып бер деп атайын келген экен. Эми ошону татыктуу жазышты ойлонуп жатам, ишке ашабы-жокпу, убакыт көрсөтөт…

– Комедия жанры татаалбы, сиз буга кайрылып жүрөсүз, “Жаңы келин” спектаклиңизди азыркыга чейин көрөрмандар айтып жүрүшөт?
– Албетте, драматургияда татаал жана керектүү нерсе – комедия жанры. Элди кантип күлдүрүү керек? Кыйын да. Бирок, муну да үйрөнө билүү керек. Улуу устаттардан да көптү окуп билгенбиз да.

– Өзүңүз да устат болчу ардактуу куракта эмессизби, шакирттериңизди атай кетсеңиз?
– Шакирттеримди айтсам бир топ эле. Илгери мен кандидаттыгымды коргогондон кийин мада-ният министрлигинде драматургия боюнча бириккен репертуардык редакциялык коллегиянын башкы редактору болуп иштегем. Ошондо жаш драматургдарды өстүрүүгө көп эле аракет кылдым. Ошондогу жаштардан Абдуганы Абдугафуров азыр профессор болуп калды. Абдыкахар Маннанов, Александр Балбекин, Султан Раев менин шакирттерим. Барчынбек Бугубаев менен бирге “Асыл адамдар” циклын чыгаралы деген планыбыз бар. “Устат” деп өздөрү да айтып жүрүшөт, шүгүрчүлүк, жаман чыгышкан жок.

– Сиздин айылыңыздагы алты бөлмөлүү үйүңүздү китепкана жана эмкана үчүн бергениңизди эрдик катары айтып жүрүшөт го?
– Эрдикпи, эрдик эмеспи, эл өзү баалаар, мен ошондой деп чечтим. Өздүк китепканамды кошуп бердим. Жакында ал үйдүн жарымына айылдык эмкана кылып пайдаланууга берүү үчүн үч жерге, атап айтканда: Ибраимов айыл өкмөтүнө, Маданият министрине, Саламаттыкты сактоо министрине арыз жаздым. Ошентип аталган үйүм элдин жашоо-шартынын жакшырышына көмөк болмой болду. Менин сүйүнгөнүм ошол.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.