Алыкулдун акыркы он күнү

Алыкулдун өмүрү жана чыгармачылык жолун эки жылдан бери архивдик, библиографиялык, сейрек кездешүүчү сүрөттөрүн таап, ондон ашык мекемелерде болуп, нечендеген айлар убактымды коротуп издедим. Алыкулдунөмүрүнүн акыркы 10 күнүн жазууга туура келди. Алыкул өлөөрүнө он күн калаарда Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинин директору Дүйшөн Кулбатыровдунүйүндө болгон. Алыкулдун келгенин угушуп Балыкчы райкомунун экинчи секретары Көчөрбаев Курман, башкарма Мусапыр, орун басары Самүдүн, сельсовет Самтыр, бухгалтер Төлөй учурашканы келишет.

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык өспүрүмдөр жана жаштар китепканасынын искусство бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Дүйшөновна Кулбатырованы сураштырып таап, атасынын архивдик, библиографиялык материалдары менен таанышып, сүрөтүн таап чыктым.

d_kulbatyrovДүйшөн Кулбатыров Фрунзе областынын (ал убактагы) Кант районунун Социалчы айылында туулган.

1950-жылы Кыргыз педагогикалык институтунун кыргыз тил жана адабият факультетинен бүткөн.

Институтту бүткөндөн кийин Ысык-Көлдөгү Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинде мектептин директору болуп иштеген.

Россиянын Казань шаарында аспирантурада окуган. Филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз ССР илимдер академиясында иштеген «Орус-кыргыз адабий байланышы» — 1967, көркөм котормодогу чеберчилик маселелери -1974, Боордош Украинанын адабияты ж.б. илимий эмгектерди жазган. 1978-2003-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тил жана адабияты кафедрасынын доценти болгон.

Дүйшөн Кубатыровдун жолдошу Асанкулова Бүбүайша (1928-2010) Н.Г.Чернышевский атындагы Республикалык жаштар жана өспүрүмдөр китепканада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Дүйшөн Кубатыровдун балдары да тамыр жайылган теректей адамдардан болушкан.

Дүйшөн Кубатыровдун архивдик материалдары менен таанышып жана 18-октябрь 1990-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасында жазылган статьяны Алыкулдун өмүрүнүн акыркы 10 күнүн окурмандарга тартуулагым келди.

1950-жыл, 5 декабрь. Конституция күнү — майрам эле. Биз, Чоӊ-Сары-Ой орто мектебинин бир топ мугалимдери, Чолпон-Атадан ат чабышты көргөн соӊ ашканага кирип калдык. Ал кезде согуштун каары аздап унутулуп, эл арасына береке кирип, көӊүл ачуу, оюн-күлкү көбөйүп калган. Биз ат чабышты кызуу кеп кылып жаттык. Аӊгыча кире бериштеги четки үстөлдөн тааныш адам көзгө чалдыкты. Турпатына караганда Алыкул Осмонов. Абайласам, Алыкемдин өзү экен (мен аны дайыма Алыке дечүмүн). Жанында орто жашап калган бир аял, бир жигит бар. Барып учураштым.

Алыкул абдан эле арыктап, бетинде кан-сөл жок, калбагай эрини жукарып, теӊирекей мурдунун таноолору баштагыдан да кеӊири ачылгансып калыптыр. Күрс-күрс жөтөлүп, дем алышы оор. Ал Фрунзеге кайтып жатканын айтты.

— Качан келдиӊиз эле? — дедим.

Ал шаардан бүгүн эле келгенин айтты. Адатынча көлгө кыштаганы Курманбайдыкына барса, ал колхоздун коюн багып, кыштоого көчүп кетип, үйүндө боюнан жаӊы бошонгон келини менен уулу гана бар экен. Ошон үчүн кайра кетүүнү чечиптир.

…Алыкул айланасындагыларга өз оорусунун коркунучтуу экенин билип, аябай этият жүрчү. Тамак ичип жатканында идиш-аягын, кол аарчыларын аралаштыруучу эмес. Мен анын минтерин 1946-жылы байкагам. Ат-Башыда жүрүп, бир булакка кол жууп калдык. Мен төмөнүрөөк жагына олтуруп жууна баштаганымда, Алыкем: «Токто… жуунба!» — деди. Мен түшүнбөй карап калсам, астейдил айткан:

— Мени сыйла, илдетимди сыйлаба, колуӊдан келсе андан оолак жүр…

— Бүгүн үйгө барып, мейман болуп кетиӊиз, — деп өтүндүм. Алыкем унчукпай эки жолдошун карады. Аял улутунуп алды:

— Алыкулга эс алып жатар жер болсо конуп алып, эртеӊ кетсек жакшы эле болот, жеткенче катуу кыйналып келди.

Сыр бербей, кайрат кылганы менен Алыкулдун көрүнүшүнөн чарчаганы баамдалат. Алакандай айылга куш кабар алеки заматта тарайт эмеспи. «Алыкул Осмонов — «Жолборс терисин кийген баатырды» которгон акын мектептин директорунукуна келиптир» деген кеп бат эле элге жетиптир. А түгүл райондон келип, жыйналыш өткөрүп жаткан Көчөрбаев Курманга да угулуптур. Ал Балыкчы райкомпартиясынын экинчи катчысы болуп иштөөчү. Саат кечки сегиздерден өтүп калганда салам айтышып, төрт-беш киши кирип келишти: башкарма Мусапыр, орунбасары Самүдүн, сельсовет Самтыр, бухгалтер Төлөй жана Көчөрбаев Курман.

– Жолдош Кулбатыров, салтты бузуп, кичүү кишинин үйүнө чакыртпай келгенибизди кечирип кой. Үйүӊдө ардактуу мейман бар экен, ошо киши менен учурашууга келдик, — деп Көчөрбаев Курман кучагын жайып, төрдө олтурган Алыкулга умтулду. Көрсө алар Токмоктогу балдар үйүндө 1925-жылдан 1929-жылга чейин бирге болуптур. Сөздөрүнүн маанисине караганда экөө 37—38-жылдардан бери көрүшпөгөн окшоду.

Алыкул кичине козголду эле жөтөлү кармап, бир нече жолу күрс-күрс этип, анан чөнтөгүнөн оозу кенен, бурама тыгындуу күрөӊ шишени алып чыгып, оозуна такады (бул бөтөлкөсүн дайыма чөнтөгүнө салып жүрүп, сыртка чыккан сайын адамдан окчун жерге төгүп, шишесин жууп, кайра жанына салып алчу).

Курман сөзүн 1925-жылдан баштады. Алыкулду биринчи жолу Токмоктогу жетим балдар үйүндө көргөнүн айтып, «Мына бул эле силердин айылдагы Чоӊ-Сары-Ой жетим балдар үйүндөй балдарды чогултуп баккан жер болчу» деди.

— Ушул айылда жетим балдар үйү барбы? — деп Алыкул ичиркене түштү.

— Бар, бар, — дешип отургандар жапырт жооп беришти.

Курман сөзүн улады:

— Бул үйдүн, андагы балдардын жайы башкача. Алардын ата-энеси Ата Мекендик согушта гитлердик баскынчылардын курчоосунда калган, Ленинградда каза тапкан. Көл аймагында мындай дагы бир үй бар. Ал Сарууда.

Алыкул шыпшынып, акырын башын чайкады. Балким анын эсине жетимдиктин запкысын тартып, жетимдер үйүндөөткөн катаал турмушу түшкөндүр. Айтор, кабагы бүркөлө түштү.

Курман аӊгемесин улап, мурду теӊирекей, кичинекей арык кара баланын бат эле барабанчы болуп чыга келгенин кеп кылды: «Ал кезде окшош кийинип, кызыл жагоо тагынып, сурнай тартып, добулбас согуп, шаӊдуу ыр ырдап, Токмок шаарынын чоӊ көчөлөрүнөн кызыл тууну көтөрүп басканыбызда, өзүбүздү революцияны жасаган баатырлардай сезчүбүз. Ошондо сапты баштап бараткандардын бирөө ушул Алыкул. Ал өзү курдуулардан алда канча тыӊ эле. Колунан китеп түшчү эмес. Биз кыргызчаны араӊ окуп жүргөндө, Алыкул орусча китептерди окучу. Жетимдер үйүнө келгендин экинчи жылында болсо керек, дубал гезитке ырлары да чыга баштаган. Ошол ырыӊ эсиӊде калдыбы?» — Алыкул башын чайкады. Бул учурда эчакы жазылган ырын эмес, ал эс алууну эӊсеп турган. Жамбаштап жатканы менен кичине эле козголсо, жөтөлү кыстап, күрсүлдөтүп кирет.

— «Эрдин атын алыстан ук, жанына келсеӊ бир киши» дейт. «Жолборсуӊду» окуп, кандай таӊдайы жарылган акын болду экен деп таӊ калып жүрчү элек, кадимки эле биздин Бейшебектей узун жото кыргыздын уулу турбайсыӊбы, — деп Самүдүн күлгөндө, тургандар жапырт күлүштү.

Курман Алыкул жөнүндө сөздү андан ары улабады. Токмоктогу жетим балдар үйүндө тарбиялангандардын кээ бирөөлөрүн эстешти. Андагы Саткын менен Абдырасулдун жазуучу болгонун айтышты. Сөз бир кезде Мукай менен Жусупка да жетти.

— Фашисттерди бул экөө барбаса деле жеӊет элек. Айрым жетекчи жолдоштордун ичи тардыгы болуп кетти, — деп кыжырланып койду Алыкул. Анан ал оюн-чындан Курманга кайрылды: — Көлгө кыштайын деп келдим эле, Курманбай жок болуп калды. Сен секретарь экенсиӊ, мага жардамдаша аласыӊбы, ушул Чоӊ-Сары-Ойдо кыштайын?

— Колуман келгенин аябаймын. Мында колхоздун башкармасы баш болуп отурат, ал маселени азыр эле чечебиз, — деди Курман.

— Жок, мен сураган жардам булардын колунда эмес. Жетим балдар үйүнөн бир бөлмө таап бере аласыӊбы? Айылдагы үйлөрдүн полу жер, тактай төшөгөндөрү жок, болсо да өзүлөрү турушат. Нымдуулук мага жарабайт.

Курман бул маселени эртеӊ Дмитрий Иванович (жетим балдар үйүнүн директору) менен сүйлөшүп көрөйүн деди.

Тамак келгенде Алыкулга койдун башы коюлду эле, ал аны мага сунду.

— Мээсин алып, эздирип берчи.

Мен аны бүтүргөнүмчө Алыкул чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, өз кесесине жамбаштын майын туурады: Аны эзилген мээге кошуп аралаштырды. Анан мага карады:

— Дүйшеке, элге берип жаткан арагыӊдан мага да куй.

«Кичине ичип койбойсузбу» деп айта албай олтурган эл сүйүнүп кетти. Ал кезде арак кырдуу чоӊ стакандарга белинен өйдөрөөк куюлуп ичилчү. Башка айылдарда кандай экенин билбейм, биздин Чоӊ-Сары-Ойдо ошондой болучу. Алыкулга да ошондой стаканга сунулду.

— Курман, бала кезде, жаш чакта жоро-жолдош көп болот экен. Ал менде да, сенде да көп эле. Улам жыл өтүп, жаш улгайган сайын алар ылгана берет экен. Турмуш ар кимибизди аржакка алып кетти. Кээде гана көрүшөбүз. Чоочуркап калабызбы, көрүшкөндө да баягы ысыктык сезилбейт. Окуп жүргөндө экөөбүз ынак элек. Көрүшпөгөнүбүзгө он жылдан ашып кеткен экен. Окуп жүргөндө эле гезитти көп окуп, жыйналышта кур калбай сүйлөчү элеӊ. Ошолор өз жемишин берип, минтип саясы кызматчы болупсуӊ, — деп бир аз сүйлөп, удаа-удаа жөтөлө берген соӊ, сөзүн токтотту.

Жан кейиткен, өмүрүн көрүнөө талашкан оорусу канчалык күчтүү экенине, ушул азыр да аны көтөрүп урчудай абалда экенине карабастан Алыкул өзүн кайраттуу кармап олтурду. Көлдүн абасы ага доктурдун даарысынан да жакшыраак жардам берет деген ишеними бекем эле ушул келишинде да ошол жардамды алып, айланчыктаган ажал менен даты бир жолу таймашууга, өмүргө кубат алып, чыгармачылыгын улантууга келген.

Эртеси Курман убада боюнча саат ондо келди. Алыкулдун көк «Победасына» олтуруп жетим балдар үйүнө бардык. Дмитрий Иванович өзүндө экен, бирок иштин жайын уккандан кийин, ылайыктуу бош бөлмө жок экенин айтты. Алыкул да, калганыбыз да Дмитрий Ивановичтин эмнеге жок дегенине түшүндүк. «Победанын» жанына келгенде Алыкул көлдү карап туруп:

— Быйыл көлдү мага буюрган эмес окшойт, — деди.

Алыкулдун көлдү кыя албай, кеткиси келбей турганын сездим:

— Алыке, башка эле ылайыктуу үй тапсак болбойбу?

— Андай үй таап, өзүӊ шефке алсаӊ макулмун.

Мен үй караштырып көрүүгө бир-эки сааттык убакыт сурадым.

– Андан кечикпе, болбосо буюрбаптыр деп, Фрунзеге кетип калгандай болоюн, — деди Алыкем.

Мен мектепке келип, мугалимдерге болгон ишти айттым. Кызайбек деген мугалим «кимде үй бар экени азыр балдар танаписке чыкканда эле табабыз» деди, Коӊгуроо болоор менен ончакты окуучу бош үйлөрдүн дарегин айтышты. Алардын ичинен экөө айрыкча чоӊ жолдун боюндагы Жума деген кишинин үйү ылайыктуу көрүндү.

Көк «Победага» олтуруп Жуманыкына келдик. Ал үйүндө экен, иштин жайын уккандан кийин бош үйүн көрсөттү. Кичирээк эки бөлмө. Ошол жылы күздө бүтүрүптүр. Келин алып, уулун киргизмек экен. Үй чакан, таза, бир гана айыбы тактай төшөлбөптүр.

Үй Алыкулдун көӊүлүнө жаккандай болду: терезеси чоӊ, көлдү карап турат, бирок бар же жок дебей ойлонуп калды.

— Алыке, эгер үй көӊүлүӊүзгө жакса астанасына эки күндө тактай төшөтө коөюн, — дедим.

— Андай мүмкүнчүлүгүн болсо, ишке кириш, — деди.

Жума карыя бапыраӊдаган киши эле, адатынча барк этти:

— Чакырып келтире албай турган кишилер кудай айдап өзүлөрү келип калыптыр, үйгө киргиле.

Курмандын сыпайкерчилик менен айткан ыракматын дегеле жуутпай койду. Үй табылып, мен астанасына тактай төшөтүүнүн аракетинде жүрүп, кечинде келсем, Жуманын үйү толтура эл экен. Колхоздун активдери, кошуна карыялар… Ошол жылдарда чоӊ-сары-ойлуктарда үйүнө кадырлуу мейман келсе, активдерди, кадырман карыяларды чакырып, мейманы менен тааныштыруу жалпы салт эле.

Мен келип олтурар менен Алыкул:

– Иш кандай? — деп сурады.

— Тактай алып келинди. Уста эртеӊ менен ишке киришмек болду, — дедим.

— Мен үйүндө турган Абакир аксакалдын уулу Кадыр колу жөндөмдүү жигит болчу, ошол, анан мектепте иштеген Бондоренко деген экөө эки күндө бүтүрөбүз деп убада беришкен.

Алыкул айыл элинин тамаша сөзүн угуп, мен келгенче эле көӊүлү көтөрүӊкү отурган экен, үйдүн кабарын уккандан кийин ого бетер көӊүлү көтөрүлгөндөй болду. Эрини көгөрүп, бетине кичине кызыл жүгүргөндөй көрүндү.

— Алыкул көп сүйлөгөн жок, сөздү көбүрөөк тыӊшады. Ал дайым ошентчү. Сөзмөр карыялар сүйлөп жатканда сөзүн бузбай, суроо бербей олтуруп укчу. Мунусу айтылган сөздөрдүн сабын бузбай, ой сандыгына иреттеп жыйып, кийинки чыгармачылыгына ылайыктап жаткандай туюлчу.

— Көлдүн күӊгөй бетинин аба ырайынан Үч-Кой-Суу менен Чолпон-Атанын аба ырайы кеч күздөгү бөтөнчөлөр менен айырмаланат. Бул жерге көл башынан соккон шамал жетпейт. Көл аягынан соккон Кубакынын шамалы да көп жете бербейт. Айрым жылдарда гана Дөрөнүн белин аша коюп, Көк-Ойрок жактан келген шамал кар бүркүп кетет.

(Уландысы кийинки санда)

«Кутбилим», 18.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.