Түгөлбай Казаков: «ЖАМГЫР ТӨКТҮ» «Курсташымдын ажалын күтүп жатып жаралган»

Белгилүү композитор Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” деген чыгармасын билбеген кыргыз жок болсо керек. Бул ырдын жаралуу тарыхы өзүнчө эле кызык. Анан да аталган чыгарманы учурда казактар которуп ырдап жүрүшөт.

“ЖАМГЫРГА БОЛГОН СҮЙҮҮМ БАЛА КЕЗДЕ ЭЛЕ БАШТАЛГАН”
– Мен бала кезимден эле жамгырга өтө жакынмын. “Жамгырдын суусу чачты карартат” деп коюшар эле биз бала кезде улуулар. Анан чачым кара болсун деп, жаан жааган сайын жайлоодо чуркап эле жүрчүмүн. Качан жамгыр мөндүргө айланып, жер агармайын үйгө кирмей жок. Кийин студент болуп калганда деле жаан жааган маалда жатакана менен университеттин ортосунда бир жакка бараткан өңдөнүп бир топко чейин басып жүрчүмүн. Шаарда жамгыр абадагы зыяндуу заттарды жууп түшөрүн билгенден кийин гана терезени ачып коюп тамчыларга суктанып карап отурчу болгом.

“ЫР БИР ЖАРЫМ ЖЫЛДА ЖАЗЫЛЫП БҮТКӨН”
– Бир күнү эле мени менен жатаканада чогуу жашаган курсташымдын сүйгөн кызы турмушка чыгып кеткенин угуп калдык. Анан баягы курсташым өлөм деп чыкса болобу. Өлгөндө да жөн өлбөй, Балыкчыга бараткан поезддин астына денесин таштамак болуп жулкунуп бөлмөдөн чыгып кетти. Анан адам өлөм деп жатса, үйдө кантип отуруп алмак элем? Артынан мен да жөнөдүм. Барсак, поезддин эң алгачкысы кечинде келет экен. Мен айттым, “эми сенин ажалың кечинде келет экен. Жүрү, ага чейин аз да болсо көңүл ачып, сүйлөшүп отуралы” деп. Анан дүкөндөн шарап алып келдим. Экөөбүз поезд жолдун жээгиндеги көк таштардын бирине отуруп алып шараптан ичип жаттык. Бир маалда күн аябай катуу күркүрөп, асман капкара болуп келди да, чакалап төккөндөй жаан жаай баштады. Улам келип күн төбөбүздөн жарылгандай күркүрөйт. Ошондогудай күндүн катуу күркүрөгөнүн ага чейин да, андан кийин да көрө элекмин. Өтмө катарыбыздан өтүп суу болдук.

Ошол маалда көкүрөгүм бир уйгу-туйгу болуп келди да, кайырмасындагы сөздөр обону менен чыгып кетип, “Күн күркүрөп, жамгыр төктү, ошол күндөр кайда кетти?” деп кыйкырып ырдап жибердим. Ошону менен эле тамагымдан муунтуп келип токтоп калды. Кулагым чуулдап, ар кандай сөздөр, обондор келди, бири дагы саптарды улап кете алган жок. Өлөм деп келген курсташым суу болгондон кийин өлгөнү келгенин деле унутуп калды көрүнөт, экөөбүз кучакташкан бойдон эки сапты кыйкыра ырдап кетип калдык. Ошондон кийин ырды улантайын десем эч бир кайрык келбейт. Жаан жааган күндөрү анын таасири астында эки саптан кошуп коём. Акыры бир жарым жыл дегенде ыр даяр болду. Ошентип, бул чыгарманын ар бир сабы менен ар бир кайрыгы жамгырга сугарылып жатып жаралды.

“КАЙРАТ НУРТАС ЫРДОО ҮЧҮН УРУКСАТ СУРАГАН ЭМЕС”
Коңшулаш казактардын Кайрат Нуртас аттуу белгилүү ырчысы да бул ырды ырдап жүрөт. Болгондо да обонун өзгөртпөгөнү менен, сөздөрүн таптакыр башкача кылып жазып чыгыптыр. Бул тууралуу ырдын автору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков: “Бул ырды ырдасам болобу?” деп Кайрат деген ырчы менден бир ооз сураган эмес. Өзүм да анын ырдаганын уккан эмесмин. Текстин өзгөртүп алганына, албетте, каршымын. Менден казактардын Каухар Каспакова деген ырчысы сурап, аткарып келет. Андан башкасын билбейт экенмин”,- деп нааразычылыгын айтты.

Айта кетчү нерсе, бул ырды кыргыз эстрадасында бир топ ырчылар ырдап жүрүшөт. Алардын арасында Гүлзада Рыскулова, Султан Садыралиев да бар.

КАЙРАТ НУРТАС ЖООПТОН КАЧТЫ
Ал эми казак ырчысы Кайрат Нуртаска “Жамгыр төктү” деген ырды кайдан угуп ага ашык болуп ырдап чыктыңыз? Кимден уруксат сурадыңыз? Казакча сөзүн ким жазып берди?” деген суроолорубуз менен кайрылып көрдүк.
– Алло, саламатсызбы, Кайрат!
– Салем. Бул ким?

Сизге Бишкектен, “Супер-Инфо” гезитинен чалып жатабыз. Эсиңизде болсо, мындан үч жыл мурун бизге кенен маек куруп, редакциябыздын коногу болуп кеткен элеңиз.
– Аа, ие, эсимде.

– Сиз учурда кыргыздын “Жамгыр төктү” деген ырын казакча которуп ырдап жүргөн экенсиз. Ошол тууралуу баарлашсак деген элем. Бул ырды кандайча тандап ырдап калдыңыз жана сөзүн эмнеге башкача жаздырдыңыз?
– Мен казыр бос эмеспын (тү-үт… тү-үт).

Телефонду коё салды. Андан кийин бошогон чыгар деп кайра-кайра чалсак, телефондун трубкасын алган жок.

Кайрат ырдын текстин төмөнкүчө өзгөртүп алган:

ЖАҢБЫР ТӨКТЫ
Жаңбыр төкты, эш басылмай,
Коштасуу да көз жасымдай.
Шыгарып сап, турдук быз де,
Эң соңгу рет кешти осылай.

Кайырма:
Күн күркүреп, жаңбыр жауды,
Жаска малып тагдырларды.
Нөсерледи, үстүн-үстүн,
Сезим далай жандырмады…

Чолпон Сүйүнбаева, “Супер инфо”, №468 21-27-октябрь, 2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.