Кожомкул атабыздын каза болгон күнү такталды

Тарых барактарында белгилүү бир датага тактык киргизилип, башка күнгө орун которду. Тактап айтсак, буга чейин өлгөн күнү 16-октябрь деп айтылып келген Суусамырдын айтылуу алп балбаны Кааба уулу Кожомкулдун 23-октябрда каза тапканы такталды. Бул тууралуу залкардын чөбөрөсү Орозалы келип кабарлады.

“16-октябрда чоң атам Муктар (Кожомкулдун уулу) өлүптүр. Чоң чоң атам Кожомкул 67 жаш курагында, 23-октябрда уулу Муктар менен бир айда көз жумгандыктан, экөөнүн өлгөн күнү алмашып кеткен”,- дейт. 16-октябрда улуу инсанга куран түшүрүүнү унуткан кыргыз жарандарына дагы бир мүмкүнчүлүк туулду десек болот.

“Супер инфо”, №468 21-27-октябрь, 2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.