Биримкул Алыбаев: Наам сурап, тааныш издөө менин жан-дүйнөмө туура келбейт экен

Биримкул Алыбаев он бешке жакын элге сиңген ыр жыйнактарынын автору. Бүгүн тажрыйбалуу, дүйнөлүк көп көп булактарга сугарылган акын. Негизинен лирик акын «Жолугаарым билгенмин», «Сагындым туулган жер сени», «Түшүмө түндө кирдиң сен» жана башка көптөгөн белгилүү обончулар жараткан обондуу ырлардын автору. Биримкул ага азыр жетимиштен ашып калса да чыгармачылыкта ар кыл темадагы эң сонун чыгармаларды жаратып жаткан кези. Бирок даяр жыйнактары чыкпай турганы өкүндүрөт.

-Көпчүлүк жазуучулардай эле сиздин да балалыгыңыз жетимчиликтин азабын тартып жүрүп өтүптүр. Бул күндөр балким акын болуп калышыңызга түрткү болгондур?

-Менин жаш кезим, балалык кезим Талас районун Көпүрө-Базар айылында өттү. Атам мен мектепке бара элек кичинекей кезимде эле каза болуп калды. Апам жаш болчу. Согуштан кийинки жылдар. Ачарчылык. Апам турмушка чыгып Казакстанга кетип калды. Мен эки карындашым менен калдым. Карындаштарым бир жерде калды. Мен болсо бир Райымбек деген алысыраак туугандарыбыздын малын багып калдым. Мектепти деле жыргатып окуганым жок. Окуганга деле убакыт жок. Кышында карды жиреп бир топ жерди жөө басып мектепке келем. Коктудан ажылдап чабандардын иттери үрүп чыгат. Кайра кетип баратканда кайра жөө кетем. Мектепке баратканда тузак салып койчумун. Пырпырап чилдер түшүп калчу. Аны алып үйгө бараарым менен эле жеңем эчки кайтарганга кайра жөнөтчү. Сумкамды коюп эле эчкинин артынан кетем. Турмуш ушундай. Ошентип жетимчилик менен чоңойдум. 1951-жылы түштүккө кеттим. 4-класста окуган кезим болчу. Ошол жерде атамдын бир эжеси бар эле. Бул жактан эчкиден, койдон тажап барсам ал жакта пахта түйшүгү менен алышты. Тээ кар түшкөнчө пахтаны сабагынан ажыратып тазалайбыз. Бирок ошонун баары турмуштун мектеби болуп мени чыйралтты. Эжем башында мектеп директору болчу кийин районо жетекчиси болуп барды. Ошол эжемдер турган айылда социалистик эмгектин баатыры Өлмөсхан Атабекова жашачу. Дагы башка улуу адамдар эжемдикине келип кетип турушчу. Ошол адамдардын колуна суу куйуп баталардын алып чоңойдум. Борбордон жазуучулар, журналисттер командировкага келсе дайыма биздин үйгө келишчү. 1956-жылы эжем мени калаага жөнөттү. Эжем берген он үч сом менен шаарга келдим. Кара нан суу менен тамактанып жүрүп, кудайдын кудурети менен университеттин филфак факултетине өтүп кеттим. Анда азыркы белгилүү акын-жазуучулар Кеңеш Жусупов, Эсенгул Ибраев, Медетбек Сейталив, Төлөгөн Касымбеков жана башка элге төбөсү көрүнгөн таланттуулар менен чогуу окуп, студенттик жакшы күндөрдү өткөрдүк.

-Кичинекей кезиңиздерде апаңыз турмушка чыгып кетип бир топ жетимчиликтин азабын тартыпсыздар. Кийин жолугуштуңуздарбы?

-Кийин үйлөнгөндөн кийин Казакстанга барып апамды алып келдим. Барсам уй саап жатыптыр. Бир казак үйүн таап берип ээрчитип барды.Өзү аябай жоош момун киши болчу. Салкын эле келди. Менин деле үзүлүп түшкөн жерим жок. Жөн эле бир көрүп келейин деп издеп баргам. Каймак нанын койуп чай койду. Кичинекей кызы бар экен. Мени жакынсынып жанымдан чыкпай эркелеп калды. Кетесизби десем кетем деди. Шаарга өзүм жашаган квартирага алып келе бердим. 1964-жылы апам каза болуп калды. Казактан ошол карындашым бар эле. Өткөн жылы көзү өтүп кетти. Ошентип турмуштун азап тозогун да тарттым. Жакшы кишилер менен да жаман кишилер менен да жүрдүм.

-Есенин ак кайыңдарга таасирленип шумдук ырларды жаратчу. Көпүрө-Базар айылында да ак кайыңдар токойу бар эмеспи. Кайыңдарды сагынасызбы? «Сагындым туулган жер сени» деген ырыңызга Рыспай Абдыкадыров сонун обон жаратып кетпедиби?

-Ак кайың эле эмес тоо-ташына баарына таасирленем. Сагынам. Кайыңдар да бир керемет. Рыспек Айдаралиев тиктирген кайыңдар. Ошол Айдаралиев аксакал тууралуу да китеп жазгам. Жарыка чыкпай кармалып турат. Колдон келсе айылга тез-тез барып турсам гана.

-Рыспай Абдыкадыров обонун жараткан «Жолугаарым билгенмин», дагы башка обончулар жараткан «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Түшүмө түндө кирдиң сен» аттуу арзуу ырларыңыз кандайча жаралып калган?

-Рыспайды мурун сыртынан таанычумун. Обончуларга атайын деле кайрылганым жок. Өздөрү эле жыйнактарымдан таап, гезиттерден окуп калып чыгарып калчу. Рыспай менен кийин таанышып жакшы тааныш болуп, үй-бүлөбүз менен катташып кеттик. Ал өзү экөөбүз бир айылданбыз, мен Көпүрө-Базарлыкмын деп жүрдү. Убагында Айдаралиев айылга үй салып берип, бирок ал үйгө Рыспай жашаган деле жок. Мен арзуу ырларымды өз сүйгөнүмө арнап жазсам обончулар өз сүйгөндөрүн элестетип обон чыгарып салышчу. Кемпирим «Жолугаарым билгенмин» деген ырды мага арналып жазылган деп айтып калат. Түштүктө окуп жүргөндө бир кыз менен эки жылдай сүйлөштүм. Ыр менен кат жазчумун. Мен шаарда окуп жүргөндө ал кызды ата-энеси башкага кудалап койуп турмушка чыгып кетти. Ошол кызга арнап көп арзуу ырлары жазылды.

-Бир топ жыйнактарыңыз эл арасына сиңип, обондуулары классика болуп ырдалып жүрөт. Бирок такыр наам албаганыңыз өкүндүрөт экен?

-Мен жөнөкөй кишимин. Бакиевдин убагында 2007-жылы 70-жашка чыкканымда громата беришти. Жаш кезимде бир топ жакшы жумуштарда эмгектендим. Ошондо кичине эле аракет кылсам наамдарды алып коймокмун. Бирок эл бааласын наам сурап ар кимдин эшигин черткилеген, тааныш издеген менин жан-дүйнөмө туура келбейт экен.

-Азыр адабиятыбыз жетимсиреп унутта калып турат. Аксакал акын-жазуучулар жолугушуп турасыздарбы? Эмне тууралуу сүйлөшөсүздөр?

-Кээде кээде бирөөлөрдүн юбилейи болуп калат. Туулган күндөрү китептеринин бет ачаары болуп калат. Ошого чакырса чер жазыша сүйлөшүп калабыз. Бирок илгеркидей эл аралап ыр окуу деген жок. Азыр ким кандай чыгарма жазып жатат эч кимдин иши да жок. Жазуучулар союзу болсо аты калды заты жок. Жазуучулар союзуна жаңы төрага келип калса ошондо чогултуп калат. Мындай эч кимдин деле иши жок, өз арбайыбызды согуп келебиз. Мындай карасаң журт башчылары, эл ынтымакта болсо китептер деле чыгып, үйү жоктор үй алып баары оңолгону турат.

— Азыркы күндөрүңүз окурмандарды кызыктырып тургандыр. Азыр чыгармачылыгыңызды кандай жаңылыктар бар. Кандай чыгармаларды жазып жатасыз?

-Чыгармаларды жаратып жатам. «Афтограф» деген жыйнагым даяр турат. Жаш өткөн сайын элдин тагдыры турмушу ойлондуруп аларга кандай көмөк көрсөтсөм деген ойго тунасың. Жакынкы жылдар аралыгында элди ынтымакка, ыйманга чакырган «Катаал күндүн ырлары» деген жыйнагым жарыкка чыккан. Азыр жакшы заман. Бирок эл катаал күндөрдү баштан кечирди. Ошол замандан портрети чагылдырылды. Азыркы заманды жаман дебейм. Алтын доор келди. Бирок эл өзү ынтымакка келбей, бирикпей атка минерлер, саясатчылар элди бөлүп жарып эстерин оодарып жатат. Болбосо алакандай кыргыз кытайдын бир эле колхозундай. Бирибизди бирибиз тааныйбыз. Ынтымакка келип, бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарсак эле турмушубуз оңолгудай. Азыр мамлекетке карап, мамлекеттин камкордугунан жыргаган деле киши жок. Баары өз киндиктерин өздөрү кесип, тырпырап иштеп жүрүшөт. Кудай ушул элди аман койсун. Ушундай берекеси төгүлгөн жерде жашап жатып жок дегенибиз уят иш.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз. Балдарыңыз очор-бачар болуп калгандыр?

-Беш балам бар. Бир ууулум Москвада иштеп жатат. Университеттин философия факултетин Алматы шаарынан бүтүргөн. Азыр Москвада жеке ишканасы бар. Жери бар. Кудайга шүгүр. Кичүү кызым Стамбул шаарында. Жакында эле көз жарып байбичем ошол жака кеткен. Мени да чакырып жатат. Уулум да чакырып жатат. Бирок мекенимден бир аз алыстасам кыйналып кетем. Өткөн жылдары эки айдай Москвада жүрүп өз жеримди сагынганымды айтпа. Келип алып аябай шаарды аралап бастым. Көчөнүн селсаяктары да көзүмө жакшы көрүндү.

Акындын махабат ырларынан

Ыргалып желге гүл турса
Ырдабай аны, ким чыдаар?
Саламат менен Сонунбү –
Сагынган жазым – ушулар!

Бакытты тилейт эллине
Бак конгон бизде – жакшылар.
Саламат менен Сонунбү –
Санаамда менин – ушулар!

Окурман элге сунаарга
Ойлорго толо – куржунум.
Саламат менен Сонунбү –
Сайраган бакта – балбулум!

Жашырбай жакшы адамга
Жан сырын айтуу – адатым.
Саламат менен Сонунбү –
Экөө – эки канатым!

Өмүргө ушул суктанам
Өзүм да билбейм, неликтен?
Саламат менен Сонунбү–
Экөө – эки периштем!

Ызгаарды бойго жолотпой
Ыргалып эки гүл турат.
Жандүйнө жазым – ушулар
Жакында, демек, күн чыгат!

Жамиля Нурманбетова, «КАБАР ОРДО», 15.08.13-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий