Төлгөбек Койчуманов: Алгачкы толук метраждуу анимация жакында экранга чыгат

t_koichumanov

Бүгүн технологиянын аябай өнүккөн учурунда “мультфильм” термини дээрлик колдонулбай калды. Азыр “анимация” түшүнүктөрү дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган. Деги өзү анимация деген эмне, анын Кыргызстандагы орду кандай экенин билүү үчүн аниматор Төлгөбек Койчумановго собол узатып көрдүк.

– Анимацияга кеңири түшүнүк бере кетсеңиз. Анын Кыргызстандагы абалы кандай?

– Негизи мультипликация “мульт” деген терминден келип чыккан. Бүгүнкү күндө анимация басымдуулук кылып, “аниме”- жан киргизүү деген сөз колдонулуп келатат. Азыр аниматорлорго мультик жасап жатасыңбы десең, таарынышат. Анимация тармагы Кыргызстанда өнүкпөстөн бир жерде кыймылдабай эле турат десем жаңылышпайм. Жакшы иштер жасалып келатып эле кайра жоголуп кетет. Мунун себебин биздин өлкөдө муктаждыктын жоктугу менен түшүндүрөөр элем, же балким заказдар түшпөйбү, аны айтуу кыйын. Киреше деген дээрлик жок.

– Кыргызстанда качан, кантип түптөлүп калды эле?

– Кыргызстандын анимациясын көтөрүүгө атабыз Чыңгыз Айтматов зор салымын кошкон. Балдар үчүн кыргыздын мультфильмин жасайлы, бул алардын тарбиясын, дүйнө таанымын кеңейтет деп, ВГИКте (Москвадагы кинематографтардын мамлекеттик окуу жайы) окуган мильтипликаторлорду чогултуп, Кыргызстанга алгачкы жолу Москванын Мосфильминен мульт-цехти алып келген. Муну укканда бир жагынан таң калып, экинчи жагынан аябай сүйүнгөм.

– Өзүңүз кантип бул иш менен алектенип калдыңыз? Буга эмне түрткү болду?

– Кичинемде мультфильмге таасирленип, кагаз бетине сүрөт тартып, аны кыймылга келтирээр элем. 2009-жылы “Айтыш фильмде” иштеп баштагам.

– Илгерки адамдар анимацияны колдонушканбы?

– Сынчылардын караваджолор (сүрөтчүлөр) жөнүндө: “Эгер ХХV кылымда сүрөтчүлөр анимация эмне экенин билгенде, алар картина эмес, анимация тартышмак”-деп эскергени бар. Себеби илгертен эле сүрөтчүлөр кыймыл көрсөтүүгө кызыгып келген.

-Анимация менен мульфильмдин айырмасы барбы?

-Айырмасы деле жок. Болгону убакыттын өтүшү менен терминдер алмашып, жасалуу техникасы да өзгөрүп калды. Мультфильмде 1 секунддун ичиндеги 1-сүрөттөн 25-сүрөткө чейинки аралыкты сүрөт менен толтуруп, аны көбөйтүп кыймыл жаратылса, анимацияда компьютердин жардамы менен сүрөттөр кыймылга келтирилет. Жапондор анимация жасоо боюнча өздөрүнүн дүйнөгү ордун табышкан. Мультфильмдеги секундасына 25 кадр колдонуудан айырмаланып, алардын “аниме-стиль” деген аталыштагы анимациялары секундасына 12-15 кадр менен чектелет. Классикалык анимация менен аниме-стилди салыштырганда, жапондордун стилиндеги”секирик” байкалат. Мага жапондордун стили аябай жагат.

– А биздин анимацияга кандай жаңылык киргизейин деп жатасыңар?

– Мен азыр чоң долбоордун үстүндө иштеп жатам. Буюрса жакында Кыргызкинематаграфиясынын тарыхында алгачкы жолу толук метраждуу анимациялык фильм жаратам. Бул ишти 2011-жылы баштаган элем, 2014-жылдын башында бүтүрүүнү пландап жатам.

-Буга чейинки эмгектериңиз жөнүндө айтсаңыз.

– Буга чейин 3 фильм жараттым. Мисалы “Жолугушпаган жолдор” деген 2,5 мүнөттүк анимацияны 6 ай тарткан элем. Себеби бир секундалык анимация жасоого бир айдан ашык убакыт кетип калат. Андан тышкары таштанды кутусу жөнүндө жасаган эмгектерим бар. Айтыш-фильмдин жигиттери менен 10 мүнөттүк “Ажыдаардын үңкүрү” деген анимация жасаганбыз. Баса, 9 мүнөттүк Каныбек Өмүрбековдун режиссерлугу алдында “Жалкоо” анимациясынын жасалышына 15 миң доллардан ашык короттук. Бирок өзүн актаган жок. Ушинтип эле кыргыз анимациясы өнүкпөй жатат да.

– Ушул эле көрүнүш европада кандай?

– Киного салыштырмалуу анимациянын баалары жогору турат. Анткени ар бир персонажды кыймылга келтирүү абдан оор. Мунун аниматорлор гана түшүнөт. Европада 1 секунддук анимация 150-500 долларга чейин турат. Ал эми Кыргызстанда 50-70 доллар десең качат. Өзүңүз эсептеп көрүңүз, 10 мүнөттүк анимация 42 миң доллар турса, ким жасатмак эле? Ошондон көрө ал суммага эки-үч кино фильм тартып алсам болот дегендер бар.

anime1anime2

Руфат Эргешов, «КАБАР ОРДО», 01.11.13-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.