Элмира Ажыканова: Сырты муздай жалтырак, ичинде жылуулугу жок китептер көп

AjikanovaЭлмира Ажыканова – 1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Таластагы Иоганнесдорф орто мектебин аяктаган. 1991-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1993-жылдан тартып Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргыз Радиосунда эмгектенет. КТРдин отличниги.

«Көгүш гүлдөр» (2007-ж.) аттуу ыр жыйнагы менен адабият астанасын аттаган таланттуу калемгер. Республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү. Махмуд Кашкари атындагы Эларалык сыйлыктын лауреаты. О.э. маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасы менен сыйланган.

– Сиздин чыгармачылык процесс кайсы убакта кайнайт? Көңүл чөккөн учурдабы же ар кандай аңдоосуз убактарда элеби?

– Чыгармачылык процесс дегидей жалаң эле жазмакерлик эргүү менен жашабайт экенсиң. Мен көңүл чөккөн учурда эч нерсе жаза албайм. Жазмак тургай жөн гана тирүү сөлөкөт болуп басып жүрө берем. Кийинки убакта ошондой абалдан тез чыгуунун жолун жанталашып издечү болдум. Ал эми көңүлүң көтөрүлүп турган чакта – жакшы ойлор келе баштайт. Бир нерсе жазгың келип, оюңа даяр-даяр саптар түшө калып, эргийсиң. Мисалы, мага жаңы чыгарманын идеясы көп учурда күтүүсүз келет. Ушуга өзүм да таңгалам. Бирок ошо идеяны көмүскөдө көпкө-көпкө «багууга» туура келет. Ошол нерсе акыры бир убакта кагазга түшөрүн билем, сезем. Мен акын-жазуучулар менен радиомаектерди эфирге берип келем. Ошондо бир акын «Бир ырымды 14 жыл бою жаздым» деген эле. Анын сыңарындай кээ бир «түйүлдүк» чыгармалар айлап-жылдап көкүрөгүңдө жүрө берген учурлар болот. Кыскасы, чыгармачылыктын табиятын сөз менен айтуу кыйын. Муну сен өзүң да жакшы түшүнөсүң…

– Атайын чыгынып олтургандагы чыгармаларыңыз купулга толобу же күтүүсүз учурларда келгендериби?

– Бирдеме жазайын деп атайын планташтырып үстөлгө олтурбайм. Анткени көкүрөктө даяр эч нерсе жок болсо бир сап да, бир сүйлөм да жаза албайсың. Жылт эткен ойлор көбүнчө күтүүсүз келет экен. Кээде ошол ойлоруңду жоготуп да аласың. Мисалы, мен бир ой жоготтум. Аялдамада турсам мага бир сонун идея келген. «Эврика» деп ичимден кыйкырып сүйүнгөм. Аңгыча троллейбуска түшүп алаксып кеттим. Үйгө келсем, баягы ой жок. Ошону көптөн бери эстей албай жүрөм. Бирок мен аны акыры эстейм, табам…

Дегеле чыгармачылык кызык дүйнө. Мисалы, «Карт аял менен жаш аял» деген аңгемемди бир олтуруп жазып бүттүм. Менин оюмда, карт аял гана жүрчү. Ошонун гана образын ойлоп жүргөм. Анан эле жазуу процессинде кайдан-жайдан жаш аял «келди». Алардын арасына үчүнчү бир эркек киши аралашты. Анан алардын ичара мамилелери өзүнөн-өзү келип чыкты. Кыскасы, тез жана оңой жазылганына өзүм да таңгалдым. Мага бирөө кулагыма айтып берип жаздыргандай эле болду. Дагы бир жолу радио программам даяр болбой, эфир кыстап турганда олтуруп алып ыр жазсам болобу. «Келесоо болуп калгамын го…» деп коём өзүмө. Бу эргүү деген нерсе кысталыш жерлерде жүрөт окшойт өзү.

Дагы бир нерсени айткым келет. Кыргызда «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» деген сөз бар эмеспи. Мага жакшылардын шарапаты көп тиет. Мен ишиме байланыштуу жакшы кишелер менен көп жолугушам. Кээде өтө оригиналдуу ойлорду угасың алардан. Ошол мамилелер бир нерсе жазууга түрткү болот.

– Жылдын кайсы мезгилдинде өндүрүмдүү иштейсиз?

– Чо-оң жазуучуларга суроо бергендей бердиң го. Мага азыр жазбы, күзбү, ба-ары бир. Жаз келсе делбиреген, күз келсе жалбырак терген, жамгырга чачты жайып жылаңбаш чыккан жаш күндөр өттү. Кубанганда так секирип, капа болгондо ыйлап ийген солкулдак сезимдер жок азыр. Менде ички жандүйнөнүн мезгилдери алмашып турат. Кээде өзүмдү тилдейм. Эч нерсеге кайгырбай да, кубанбай да, таңгалбай да кайдыгер, мерез болуп калгандаймын. Көптөн бери эч нерсе жаза албай жүрөм. Көкүрөк аңгырап бош. Мындайда өзүңдү мокоп, түгөнүп калгансып айыптуу сезет экенсиң. Анын үстүнө радио деген тегирмен күч-кубатыңды алып, сыгылган лимондой кылып коет. Ошентсе да көкүрөктө быша элек ойлордун үрөөнү бар.

– Учур адабиятынын ал-абалын кандай мүнөздөөр элеңиз? Соңку адабият өкүлдөрү майда чөмөлө үйүп алып эле ошонун айланасында уу-дуу жаратып жатышкандай. Же чоң чөмөлө үйгөндөрү да барбы?

«Элдин баары ырчы экен,

Мындайда Кудай урчу экен» – дегендей, азыр баарыбыз эле жазмакер болуп кеттик. «Муз китептер» (Асанбек Стамовдун сөзү) жайнап чыгууда. Б.а. сырты муздай жалтырак, ичинде жылуулугу жок. Анан да биртоптору адабияттын босогосун аттаганда эле роман жазып киришүүдө (Кибиреп, майдаланып аңгеме жазып олтурамбы дешсе керек да). Дагы бир көрүнүш пайда болду – кээ бир адамдар алтымыштан өткөндө (Пенсияга чыгып, колу-жолу бошогондо) жаза башташты. Бизге (радиого) ошондой деңгээлдеги калемгерлер көп келишет. Кирпичтей калың китептерин таштап кетишет. Эки күндөн кийин телефон чалып, «Менин китебимди окуп бүттүңбү? » дешет. Анан ошондойлор Чыңгыз Айтматовго сын тагып сүйлөгөндө күйөсүң да. Кыскасы, «Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» болуп жатабыз да.

Балким мен жакшы жазарман эместирмин, бирок жакшы окурманмын. Адабияттын кийинки муунунда таланттуулар аз эмес. Жыпар Исабаева, Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Назгүл Осмонова, Аида Эгембердиева, Элдар Аттокуров, Жазгүл Жамангулова, Нарсулуу Гургубаева, Зайырбек Ажыматов – эмне булар азбы? Кийинки адабиятты мына ушулар жана ушул сыяктуу таланттар түзөт. Мен буга ишенем. Ошондой эле табити мыкты окурмандар да бар. Элдин баары эле Айгүл Шаршенди (ылакап болуп кетти го) окуп жаткан жери жок да. «Таланттуу жазуучунун таланттуу окурманы болот» деген сөз айтылып жүрөт. Ошол эң туура. Мен адабиятка калемгер катары эмес, ириде окурман катары күйөрманмын.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 12.12.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.