Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты

Мындан 96 жыл илгери балдар жазуучусу, кыргыз адабиятындагы илимий-фантастикалык жанрдын баштоочусу Кусейин Эсенкожоев туулган. Бул сапар чыгармачылыгы жанар тоодой атылып, бирок, өмүрү кыска болуп, 25 жашка чыкпай согушта окко учкан офицер, жазуучу жана акын туурасындагы алты фактыны сунуштайбыз.

Молдонун идиректүү баласы. Балдар жазуучусу Кусейин Эсенкожоев Жети-Өгүз районунда 1920-жылы молдонун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, ошол эле жылы күзүндө Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырган. 1939-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Улуу Ата мекендик согушка экинчи курсту аяктаганда аттанган.

Кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири. 30-жылдардын аягында калыптана баштаган балдар адабиятынын өнүгүшүндө жаш жазуучу Кусейин Эсенкожоев негизги ролду ойногон. Ал кыргыз балдар адабиятынын баштоочуларынан болуп калды.

Өмүргө тете үч чыгарма же кыргыз адабиятындагы илимий-фантастикалык жанрдын баштоочусу. Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө “Саякатчы бала”, “Үчүнчү шар”, “Родинанын уулу” деп аталган балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган. Ал көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жазган, бирок, тилекке каршы, көбү бүтпөй калган.

Жыйырма төрт жашында согушта каза болгон. Алма-Атада шаарындагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилип, мектепти кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицер болуп фронтко аттанган. Ал Москва алдындагы катуу салгылашта, 1944-жылы жаз айларында 24 жашында курман болот.

Гимн. Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар.Тарыхый маалыматтарга таянсак, Эсенкожоевге Кыргызстан Жазуучулар союзу тарабынан Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнин түзүүгө кат барган. Тилекке каршы, кер мурут жигит, талантуу акын Эсенкожоев окуганга да, жооп бергенге да жетишпей калган. Анын ордуна Фрунзеге анын ордуна майдандаш-калемдеши Белорусь акыны Андрей Муравейкодон жооп келген. “Кусейин Эсенкожоев тирүү эмес. Тилекке каршы, сиздердин өлкөнүн гимнин түзүүгө катыша албайт. Душмандын огу минемоттук взводдун командири, гвардиянын лейтенанты Нижнеднепровск Кызыл-Туулу Гвардиялык дивизиясынын офицеринин өмүрүн алды. Полкто чогуу болуп, бир жарым жыл согушка бирге кирип жүргөн элек. Ал боорукер, камкор, талантуу жоокер-акын эле”,— деп жазган Муравейко. Бул туурасында кыргыз адабиятчылардын макалаларында айтылат.

Котормочулук жөндөмү күчтүү акын. Акындын мындай деңгээлге көтөрүлүшүнө 16-17 жаш курагынан эле орус жана дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүнүн чыгармалары менен тааныша баштагандыгы жардам берген. Эсенкожоевдин эмгегинин артында Жюль Верн, Даниель Дефо, Жонатан Свифт, Байрон, Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Владимир Маяковский, Корней Чуковскийдин эмгектери менен кыргыз окурмандары таанышкан.

Нургуль Максутова, Sputnik Кыргызстан, 26.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.