Ширин Сарыгулова, актриса, манасчы: Кудайга шүгүр бар нерсем менен бактылуумун

sh_sarygulova

Кыргыз эли алмустактан көп кырдуу өнөрпоз болгон калк. Бул жөрөлгөну бугунку илим, инновация, технология доорунун жаштары ааламдын өзгөргөнунө карабай аркалап келет. Сыягы “кыргыз кыйын калк болот” деп бекеринен айтылбаса керек. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда өз кесибин аркалап, анын оор туйшугунө чыдап, өздөштүрүп кетүү көпчүлүктүн колунан келе бербесе керек. Бүгүнкү күндө жылдызы жанып, көпчүлүктүн оозуна алынып калган Ширин кызыбыз кесиптештеринен өзгөчөлөнүп искусство дүйнөсүнө өз салымын кошуп келет. Бир гана чыгармачылыкта эмес негизи аялзатынын бактылуулугу эмнеде деген суроонун тегерегинде маек курдук. Кеп башынан болсун окурман.

– Алгачкы суроону аялзаты тууралуу узатсам. Айымдагы баалаган сапаттарын кайсы? Негизи бүгүнкү ааламдашуу доорундагы аялзаттын орду?

– Кыргыз айымдарынын баалаган сапатым бул ишмердүүлүк. Кыргыз айымдары эмгекчил келет. Замандын талабына ылайык коомдо өз ордун таап жатыат мен буга кубанам. Кыргыз айымдарынын канына синген акылдуулук,айкөлдүк, узчулук, жан дүйнө менен айкалышкан сулуулук албетте бийик деңгээлге көтөрөт. Кайсы гана тармакта болбосун иш билгилиги менен мени айрыкча таң калтырат жана таазим кылып баа берем. Аялзаттын орду коомдо чон роль ойнойт. Илгери аялдардын жашоо шарты болокчо эле. Аял үйдө отуруп, бала багып, короо жайга көз салып деген түшүнүктөр жашаган. Азыркы учур заманбапташкан өнүгүүгө алып келүүдө. Анын сыңары биз үчүн үй жумуштары жана жеке профессионалдык иштерибизди чогуу алып кетүү каныбызга сиңип калгандай.

– Чыгармачылыкта, жөнөкөй жашоодо бактылуумун деп ойлойсуңбу?

– Мен да өзүмдү келечекте бийик жерде көрүп, элге татыктуу кызмат кылгым келет. Кыргыздын чыгаан, тарыхий инсандарын, баатыр кыздарынын ролдорун, образдарын жаратып келем. Буюрса бул башталышы. Аманчылык болсо көптөгөн пландарым бар. Мунун баарын албетте жаштын тилегин берет дегендей ишке ашырам. Анан чыныгы аялзатынын бактылуу болушуна албетте түбөлүк жар керек. Жанымда арка жолок болчу түбөлүк мени бактылуу кыла турган сүйүктүүм болсо бул иштеримди эки эсе мыкты аткармакмын. Мен да бактылуу аялзаты болгум келет. Кудайга шүгүр бар нерсем менен бактылуумун.

– Бизде шоу бизнесте көбүнесе окшоштук. Сенин чыгармачылыгың кандайдыр бир жаңы нерсе алып келгендей. Заманбап жашоодо кыргыз кыздарынын ичинен Манас дастанын айтууну сен баштап аркалап келесиң? Негизи чыгармачыл адам көп кырдуу болушу шарт. Дагы кандай кесиптерди аркалап жүрөсүң? Шакирттериң барбы?

– Башкачалардан өзгөчөмүн деп деле мактангым келбейт. Эл тараза, эл сынчы. Менин өзгөчөлүгүмдү, талантымды көрөрмандарым, элим өзү талдап алат. Кесибим көп. Бардыгы актрисалык ишиме байланыштуу. Келечектеги актёрлорду театралдык окуу жайда, Искусство жана маданият университетинде тарбиялап, сахна тили сабагы боюнча мугалиммин. Жеке актрисамын. Буга чейин Чүй драма театрында көп жылдар бою иштеп,көптөгөн башкы каармандардын ролдорун аткардым. Кайыңдыда Маданият үйүндө солистка ырчымын. УТРКда “Таалимтай” теле журналынын актрисасымын. Кинолордо роль аткарып жүрөм жана УТРКнын “Сармерден” теле долбоорунун жылдызымын, Манас дастанын аткаруучумун. Убак сааты келгенде шакирт даярдайм, оюмда бар. Шакирттике өзүмө окшогон көп кырдуу, шыгы бар бала керек. Ошол адамды бир жакшы инсан кылып тарбиялоо зарыл азырынча мен кезиктире элекмин.

– Чыгармачылыктагы жашоондун максаты эмнеде?

– Албетте аялзаты үчүн негизги бакыт сүйүктүү жар анан эне болуу. Ал эми аркалап келе жаткан чыгармачылыктагы максатым талантымды тиги дүйнөгө өзүм менен кошо алып кетпестен (кулуп) эл журтума тартуулоо, маданияттын бир бурчун көтөрүү, салымымды кошуу жана жаштардын билим деңгээлин жогоруулатуу, агартуу! Анан албетте ШИРИН САРЫГУЛОВА деген ысымга татыктуу болуу!

Жылдыз Бек кызы, «КАБАР ОРДО», 27.02.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.