Борбордук Азиядан көркөм адабият боюнча чакан чыгармаларга сынак

novellasiaEng

«NewEurasia» порталы Орто Азия үчүн жаңы көркөм адабиятынын кичине формасындагы «Новеллазия» деген конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – региондогу таланттуу авторлорду эл аралык деңгээлде таанылуусуна жардам берүү. Конкурска Казакстан, Кыргызстан, Таджикстан, Түркменстан, жана Өзбекстандын атуулдары катыша алышыт. Мурун чыгармаларын эч жерде басып чыгара элек адабият сүйүүчүлөрү, жаңы баштап келе жаткан жазуучулар, профессионал жазуучулар, ошондой эле блоггерлер, кабарчылар жана башкалар катыша алышат. Конкурста жашына, жынысына, улутуна жана башка критерияларга чек коюлбайт, бирок катышуучулар жогоруда көрсөтүлгөн республикалардын биринин атуулу экени тууралуу аныктап бериши керек. Катышуучулар өздөрүнүн ар жанрдагы чыгармаларын: повесть, новелла (кыска аңгеме), аңгемелер жыйнагы, жана ушул сыяктуу чыгармаларын тапшыра алышат. Бирок жазылгын чыгармалар көркөм адабиятка тиешелүү болушу зарыл. Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү сайтка сапар тарткыла: http://neweurasia.net/ or http://www.novellasia.net

Конкурстун жыйынтыгында 5 жеңүүчүү тандалып алынат. Жеңүүчүүлөрдүн ар бири 300 Евро суммасындагы акчалай байгелер менен сыйланышат, ошондой эле алардын чыгармалары Англис тилине которулуп жана NewEurasiaнын электрондук баракчасына «блог-повести» катары жарыкка чыгат (тексттер мазмунуна карата бир нече бөлүктөргө бөлүнүп өзүнчө пост болуп чыгат). Андан сырткары жеңүүчүүлөрдүн чыгармалары баштапкы жазылган тилде жана англис тилинде электрондук китеп болуп басылып чыгат. Калган бардык катышуучулардын чыгармалары да конкурстун аягында жарыкка чыгат бирок жазылган тилинде гана.

Эрежелери  Конкурска бир гана өздук көркөм чыгармалар кабыл алынат. Чыгармалар конкурска чейин башка эч бир булактарда басылбоосу керек. Тапшырыла турган чыгармалар компьютерге терилген А4 форматында 30 баракчадан кем эмес жана А4 форматында 100 баракчадан ашпоо керек. Ошондой эле бул чыгармалар MS Word docs форматында гана жөнөтүүлүгө тийиш, pdfs же rtfs форматындагылар жарабайт.  Жазылган чыгармалар 2014- жылдын 1-апренине чейин competition@neweurasia.net

дарегине жөнөтүлүшү керек. Конкурс боюнча кошумча маалымат алуу үчүн дагы ушул дарекке жазып кайрылсаңыздар болот. Жеңүүчүүлөр 2014- жылдын 1-инчи майында жарыяланат. «Новеллазия» конкурсу «HIVOS» фонду аркылуу колго алынды (Нидерландия)

http://www.novellasia.net

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.