Адабиятчынын эрдиги

k_bobulov

Кайран Камбар аке көзү тирүү болгондо быйыл 15-майда экиси кем сексенге толмок эле. Ошондуктан а кишинин арбайына багыштап бүгүн эки ооз сөз айтып коюу парз болуп турат. Эсил киши чындык десе шамшардай шарт чабылып, кыргыз десе кынынан суурулган кылычтай жалаңдап турган көкжалдардын уркунан эле. Анын бу мүнөзү айрыкча «легендарлуу парламентте» депутат болуп жүргөндө, «Кыргыз тил» коомун жетектеп турганда күлдү журтка кеңири дайын болду, атүгүл аңызга айланды.

Айтмакчы, адабиятка деле Камбар аке кырчын курак маалында жалтанбас жаал, айныбас айбар менен кирген. Тээ элүүнчү жылдардын орто чендеринде, студент кезинде эле улуттук адабияттын «аталарына» (Аалы Токомбаевге ачык каты) тикенектей соболдор менен тике багып кайрылып, андан соң «Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө мүмкүнбү?» деген устарадай курч суроо коюп, адабият сымактанган көрүнүштөрдүн түндүгүн түшүрө чапкан макалалары менен таанылган. Дегеле адабий сындагы алгачкы жолун Камбар аке эрдик менен баштаган.

…1958-жылы күздө Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү (декадасы) өтөт. Анын «башкы каарманы» Чыңгыз Айтматов болот. Жазуучунун ошол жылы абройлуу «Новый мир», «Октябрь» журналдарында жарыяланган «Жамийла» жана «Бетме-бет» повесттери союздагы адабий алтандардын, көркөм сындагы көйкашка ысымдардын жакшы апаздарына арзыйт, Мухтар Ауэзовдун айтылуу «батасын» алат.

Он күндүктүн жүрүшүндөгү адабий талкуу-таңаштарга катуу таасирленип кайткан Камбар аке «Жамийланын» жаңычыл жактарын кенен-чонон териштирип, «Махабат баяны» деген ат менен көлөмдүү макала жазат, аны өзү иштеп жаткан «Ала-Тоо» журналына бас­тырмакчы болот. Аңгыча Айтматовдун эки повести тең биздин ошо кездеги адабий билермандарга, дөө-шааларга идеясы жагынан өтө эле өөн сезилип, өгөй-татай сөз чыгарат. Кай бирөөлөргө кан күйгөн майданда жүргөн күйөөсүн таштап, башка бирөөнү ээрчип кеткен Жамийладай жалп этек келиндер кыргыздын жолой-жосунунда эзели жолукпаган өрөскөлдүктөй көрүнөт, ал эми «Бетме-бетте» дезертир, мекен чыккынчысы баш каарман болуп алынганы адабий салтта жок жорук деп кабыл алынат.

Иши кылып, эки чыгармадан тең көңкү кыргызга көлөкө түшүргөн, ага кылапат келтирген идеялык кыяпат табышат. Айтматовду «төө бастыга» алган ошондой жыйындардын биринде жыйырмадан ашуун киши жалаң жер сабап, жекирме абазда сүйлөшөт. Болгону эки адам – айтылуу адабиятчы К.Асаналиев менен ушу Камбар аке гана – жалпы агымга каршы туруп, эки повесттен улуттук кесипкер көркөм адабият жаңы баскычка, жаңы деңгээлге чапчаң көтөрүлүп чыкканын көрсөткөн жаңы көрөңгө жөнүндө айтышат.

Ошо жыйындын капшабы тийип, Камбар акенин «Жамийла» жөнүндөгү жаңкы макаласы «Ала-Тоо» журналына чыгып жаткан жеринен алынып салынат. Аны редколлегия мүчөлөрүнө беришет, алардын баары аны тетири баалашат. Ошо менен макаланын кендири кесилет.

«Жеңишкерлер»эки ай өтпөй – 1959-жылы февралда – кайрадан «төөматек» жыйынга камына башташат. Камбар аке ошондо баягы жарабай калган макаласын кыскарта чаап, «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, маркум Суванбердиевдин тымызын тилин таап, бастырып жиберет. Ал кезде бу гезитке жарыяланган ар кандай макала партиялык ырасмий позиция катары карала турган, ага каяша кылуу кыйын болгон. Ошентип,отузга чыгып-чыкпай жатып адабий ооматы жүрө баштаган Айтматовду, ага кошуп адабият аксакалдары менен акыйлашып, аларга акыл үйрөткөн «чычкак улак» жаш сынчы Бобуловду торпок кезинде биротоло торойто чаап салгысы келгендер оозунан келмеси түшүп, шалпайып отуруп калышат.

Ошол эле жылы апрелде Москвада «Правда» басмасынан «Жамийла» өзүнчө китеп болуп чыгат. Анын алгачкы нускасын Айтматов Камбар акеге арнайы белек кылып берет. Анда: «Жамийла деген тентек келиндин азабын кошо тарткан калемдеш иним Камбарга келечегинен чоң үмүт этип, автор. 16-апрель 1959-жыл», – деп жазган экен. Камбар аке ошол китепти өмүрүндөгү эң кымбат, ыйык таберик катары сактап жүрдү. Анысын ар кимге эле көрсөтө берчү эмес, энеден энчиге калган бой тумардан бетер өзгөчө аспиеттейт эле.

Камбар аке улуу жазуучунун үмүтүн да актады. Бери эле дегенде биздеги үч алптын – Алыкул Осмоновдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, жалпы эле улуттук көркөм адабияттын тарыхына, анын өнүгүү жолдоруна абай салып, аңтарып көргүсү келген киши Камбар акенин макалаларын, илимий эмгектерин кыйгап өтө албайт. Айрыкча балапан түгү түшө элек кезде жазган «Оморчулук –турмуштук көрүнүш» (баштапкы аталышы – «Оморчулук деген эмне?»), «Ыманбай жана кээ бир зыяндуу ата салттар» аттуу макалалары адабий сынга социалдык маңыз берген кадыресе жаңылык болгон.

Камбар аке кезинде адабиятчы, сынчы катары жалпы союзда да жакшы бааланган, советтик адабий элитанын ортон колдой өкүлү болуп таанылган. Жыйырма төрт жашында СССР жазуучулар союзуна караштуу сын боюнча кеңешке алынып, адабий далай айкаш-чайкаштарга катышкан. 1963-жылы КПСС БКнын саясий органы, СССРдин эң башкы гезити эсептелген «Правданын» кабарчылык кызматын кыргыздар ичинен Чыңгыз Айтматовдон кийин эле Камбар акеге ишенип беришкен. Андан соң адабий сынчылардын эл аралык бирикмесине да бизден жападан жалгыз ушу Камбар аке мүчө болгон.

Мындай ыкыбал ал кезде ар кимге эле буйруй берген эмес. Болгондо да мунун баа­рына Камбар аке жеке өзүнүн интеллектуалдык идиреги менен жеткен. Анын сүйөп-таяр мансаптуу, аттуу-тондуу абагайы болгон эмес, өзү да туурамчыдан тууган, бөкөлчүдөн бөлө күткөндү билген эмес, болбосо кийин ошончо дарамети менен майда барат кызматтарда иштеп, атүгүл бир топ жыл жумушсуз калбайт эле.

Чыңгыз Айтматов кайсы бир макаласында Камбар акени «көп кырдуу таланттын ээси» деп атаган. Анын чыгармачылык өнөрүн чынында эле адабиятчы, сынчы, акын, котормочу, журналист деген демейки сөздөр менен мүнөздөө кыйын, анткени ушунун баары анын шыбагасына тийген, аларды айкалыштыра билген. Камбар акенин «Кыянат», «Түштүк кызы» сыяктуу аңгеме-повесттерин Айтматов жогору баалап, кокус кара сөздүн үстүнөн баса отуруп иштегенде, андан майнап чыгармак деп белгилеген.

Чыгаан калемгер ошондой эле Камбар акенин бизде анчейин барк алынбаган «Махабат аралы», «Акын кыялы» өңдүү поэтикалык жыйнактарын да жакшы мүнөздөгөн. «Алар көп жагынан поэзиядагы демейки көрүнүшкө окшобой турган көркөм туундудай көрүнөт. Бул жыйнактардын сыр жашырыбас ачыктыгы, лирикалык каармандын драмалуу тагдыры мага абдан жагат», – деп жазган Айтматов.

Жашырганда эмне, Камбар акенин жеке тагдыры драмалуу болгону ырас. Бир ырында ал:

«Тагдырдын эчен өттүм сыноосунан,
Тайманбай бекем кармап жылоосунан.
Эсим ооп, көз тунарган күндөрдө да,
Наалыган сөз чыкпады түк оозуман»
, – деп жазганы бар.

Камбар аке кээде өз башынан өткөргөн окуяларын, турмуштун ачуу-таттуу жактарын кантип татканын агынан жарылып айтып калар эле. Бирок өткөнгө өктөө кылган учурун чын эле бир ирет да уга албадык.

Камбар аке бу жагынан да кайраткер киши эле. Биздин эсибизде ал ушундай бойдон калды.

Эсенбай НУРУШЕВ, «Кыргыз туусу», 16.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.