Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасы тууралуу он факты

Төрт күндө жаралган чыгарма, эркек баланын образын жараткан кыздар, актерге ылайыкталып жазылган образ жана башкалар тууралуу кеп кылабыз.

Кыргызстандын адабият айдыңында мындан 60 жылга чукул илгери Акылбек аттуу карыянын тагдырын баяндаган драма жазылган. Театр сынчылары бул чыгарма кезегинде аншлаг менен коюлуп, ал эми театрдын кассасында билетке жетпей калгандардын аягы суубаган кездер көп болгондугун айтышат. Ал — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасы эле. Sputnik Кыргызстан азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек бул чыгарма туурасында кызыктуу 10 фактыны окурмандарына айтып берүүнү чечти.

Драма согуштан кайтпай калган Болотбек уулунун караанын күтүп, үмүт менен жашаган Акылбек карыянын тагдырын, толгонууларын, муңун баяндайт. Жесир калган келини, атасы али тааныбай калган небереси Жеңишбек чоң атасы үчүн өзүнчө медер, тирек эле…

Төрт күн. “Атанын тагдырын” Бексултан Жакиев төрт күндө жазып бүтүргөн. Аны автор студент кезинде, күнү-түнү уктабай жараткандыгын айтат.

21 жаш. Чыгарманы жазганда Бексултан Жакиев 21 жашта болгон. Пьеса биринчи коюлушу менен эле көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Театрларда аншлаг болуп, ал эми бул чыгарманын жаралышы кыргыз драматургиясындагы эң чоң окуя, ири бурулуш учурга айланган.

Прототиптер. Автор драмага киришкенден тарта, чоң атасы Абийирдин образын тарта баштагандыгын, анын бир катар сөздөрү чыгармага өзүнөн-өзү эле кирип кеткендигин айтат. Ал эми Жеңишбектин прототиби – иниси Имаш. Ал кадимки турмуштагы каарман, учурда жетимиштен ашып калды.

59 жыл илгери. “Атанын тагдыры” драмасы 1957-жылы жазылып, ал эми премьерасы 1960-жылдын 3-сентябрында болгон.

Актерге ылайыкталып жазылган образ. Жакиев бул чыгарманы жазып жатканда “Мукемдин (Муратбек Рыскулов – ред.) сахнада башка спектаклдерден көрүп жүргөн күркүрөгөн үнү, баскан-турганы менен көз алдымда турду”, — деп айтканы бар. Автор актердун Акылбектин ролун ойноосун көшөрүп талап кылып туруп алып, акырында Рыскулов эс алууга кетип бара жаткан жеринен жубайы Сабира Күмүшалиева экөө тең баш тартууга аргасыз болуптур.

Бирок, Акылбектин образын залкар актер бир топ толгонуп, түйшүктөнүп жатып чыгарган экен.

Эркек баланын образын жараткан кыздар. Ал эми башкы каармандын бири – Жеңишбектин ролун театрга жаңы кабыл алынган жаш артистка Искра Райымкулова менен Райма Абдубачаева ойногон.

Кыргызстандагы эң көп коюлган спектакль. 2003-жылы март айында 1000-жолу коюлган. Ал эми Казакстадагы театрларда 300дөн ашык ирет көрсөтүлгөн.

Залкарларды топтогон. Чыгарма алгач коюлганда, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Сайрагүл Балкыбекова сыяктуу ал кездеги дөө-шаалар, жаңыдан театр босогосун аттаган Искра Райымкулова, Райма Абдубачаева ойногон.

Кара сөздөн драмага айланган тагдыр. Алгач, автор согушта күйөөсү өлүп, аны кайрат менен көтөрүп, өзүнүн ар намысына шек келтирбей, энелик, келиндик милдетин татыктуу аткарган айылдык мугалимдин тагдырын жазууну көздөгөн. Бирок, пландалган повесттеги тилдик баяндоолорго ичи чыкпай, кийин драмалык чыгармага айланган.

Бир нече тилдерде сүйлөгөн “Атанын тагдыры”. Чыгарма казак, түркмөн, тажик жана корей тилдерине которулган. Ал тургай Казакстандагы Корей театры спектаклди Фрунзе шаарына да алып келип, коюп кеткен. Андан сырткары Казакстандын бардык театрларында коюлган. Ошондой эле, Түркмөнстан, Тажикстандагы театр сүйүүчүлөргө тартууланган. Ал эми орусча котормосу авторго жакпагандыктан, ошол боюнча бул тилде коюлбай калган.

Сүрөттөр Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драмтетардын музейдик архивинен алынган.

Sputnik Кыргызстан, 15.02.2016

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.