Абдылдажан Акматалиев, академик: «Манас», Айтматов десе эле каражат табылып калбайт

2002-жылдан бери 10-ноябрь илим күнү деп белгиленип келет. Окумуштуу, илимпоздорду жок дегенде даталуу күндөрү эске алып турууну көздөп Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев менен гуманитардык илим жаатындагы саамалыктар, ийгиликтер менен кошо көйгөйлүү маселелерден тарта жөн гана турмуш, адамдык баалуулуктар, аруулук менен ичи тардык, улуулук менен көрпенделик тууралуу да баарлаштык. Албетте, анын баарын гезит бетине сыйдыруу мүмкүн эмес.

– «Тарых жана маданият» жылы да аяктап бара жатат, Улуттук илимдер академиясынын салымы кандай болгондугу менен маегибизди баштасак, Абдылдажан агай?

– Жакшы болот. Бул жылы биздин Гуманитардык багыттагы институттар үчүн чоң сыноо болду. Өкмөттүк Программа боюнча бир топ милдеттер тагылган. Алардын ичинде башка мекемелер менен бирдикте Эгемендүүлүктүн 25, 1916-жылдагы окуянын 100, Баласагындын 1000 жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган конференцияларды уюштурдук, өткөрдүк. Ошону менен бирге Жусуп Баласагындын «Куттуу билиминин» академиялык басылышы толукталып, такталып 3 томдук болуп жарык көрдү. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган Ташкенттен, Москвадан ж.б. шаарлардан алынып келинген жаңы архивдик материалдардын толуктоосу менен көркөм чыгармалар кошулуп 4 томдук да окурмандарга жеткирилди. Археологиялык казуулар жүргүзүлдү. «Кыргыз тарыхынын» 3 томдугунун бир тому басмага берилип, эки томунун кол жазмалары бүтүп калды. Бул ишти көптөн бери айтып келе жатам, биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көрмөкчү жана мында жаңы көз караштар, пикирлер өтө көп.

– Каражат жагы кандай болду?

– Өкмөттүк Программа боюнча тендердин 50%ы басмаларга бөлүнүп берилген. Бирок 50% каражат бөлүнө элек.

– Мамлекеттик тил программасына да, менимче, Академия активдүү катышып жатса керек?

– Ооба. Былтыр 63 китеп чыгарганга катыштык элек, быйыл 31 китепти окурмандарга жеткирдик.

– Ишке ичи тарыгандар да болсо керек?.. Бул китептерди дүкөндөрдөн таппайбыз го? Нускасы азбы?

– Болбой койчу беле! «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей, айрым сын таккандар да бар. Алардын ойлору боюнча биз бай фольклорубузду, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын бастырып, «күнөө» кылып жаткан экенбиз. «Жаңы нерселерди чыгарбайсыңарбы» деген суроону тикеден-тике бере алышпай, «жумурткандан кыр издешип» «күңк-мыңк» эте ушакташып калганын кулагыбыз чалып калат. Макул. Бирок кайсы жаңы чыгармалар? «Курманбектин», «Эр Төштүктүн», «Олжобай менен Кишимжандын», «Жаныш-Байыштын» жаңы варианттарын бизге сын таккандар айтып береби?! Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Жеңижоктун, Токтогулдун, Барпынын ж.б. жаңы ырларын бизге ошол көрө албастар ырдап береби?! К.Тыныстановдун, А.Токомбаевдин, М.Элебаевдин, К.Жантөшевдин, Т.Сыдыкбековдун, А.Осмоновдун, Т.Үмөталиевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, Ж.Турусбековдун, К.Маликовдун ж.б. жаңы чыгармаларын бизге ниети каралар тиги дүйнөдөн алып келип беришеби?! Көркөм дөөлөттөр улам-улам миңдеген нускалар менен басылып турушу керек, алардын бүгүнкү күндө да билим, илим, таалим-тарбия берүүдө мааниси өтө зор. Азыр чыгып жаткан китептердин нускасы 500, ал эми республикада 2500дөн ашуун мектеп, 1800 китепкана бар. Булардын баарына жетпейт, ошондуктан электрондук варианттары таратылып жатат, китептер болсо бекер берилүүдө. Анын үстүнө биз президенттин Жарлыгы, өкмөттүн Токтому менен бекитилген эмгектерди чыгарып жатабыз. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет тарабынан биринчи жолу чоң камкордук көрүлүп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, бул программа боюнча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттан 6 миллион сом үнөмдөлүп, кайра мамлекетке толук кайтарылып берилди.

Учурдан пайдаланып, комиссиянын төрагасы, Эл жазуучусу Эгемберди Эрматовго жана Президенттик аппараттын өкүлү Азат Абдысаттар уулуна ыраазычылык билдирип кетейин, кеңешип бирдиктүү иштеп келе жатабыз. Ал эми жарык көргөн китептердин электрондук көчүрмөлөрү сайттарга коюлуп жатат, окурмандар китептердин бардыгын тапса болот. Кызматкерлер Монголияга, Алтайга, Тувага жана республикабыздын бардык аймактарына фольклордук-диалектологиялык экспедицияларга чыгып келишти.

– Программаларды аткарууда илимий кыйынчылыктар болдубу?

– Албетте! Программада көрсөтүлгөн бир топ иш-чаралар аткарылбай калды. Анын себеби биринчиден, бир жылда бүткөрө албаган иштер кирип калган, экинчиден, мамлекеттик тилге анчалык зарыл болбогондор, үчүнчүдөн, кызматкерлердин даярдыгы жетишпегендиктен. Ошолордун ичинен котормо боюнча бир кыйынчылык жараткан эмгектерди баса белгилегим келет, мисалы, «Мукаддамад аль-араб», Сыма Цзяндын «Тарыхый жазмалар», В.Тизенгаузендин «Алтын ордонун тарыхына тиешелүү материалдардын жыйнагы», Хайдар Мирза Мухаммаддын «Тарих-и-Рашиди», Ф.Фиельструптун «Кыргыздардын ХХ кылымдын башындагы каада-салттарынан» жана башкалар. Буларды араб, кытай тилдеринен которуу процессинде татаалдыктар бар.

– Абдылдажан агай, Сиз китептерге демөөрчү издеп чыгаруу жагынан тажрыйбалуусуз. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт, убакыт кетет, ошентсе да өзүңүздүн жеке иштериңиз калып жатпайбы?

– Мага кайрылышкандардын көбү ушундай суроолорду беришет. Чынында ар бир убакыт алтынга тете эмеспи. Эгерде ар кимибиз жеке өзүбүздү эле ойлой берсек, анда коомчулуктун ишин ким кылат? Мени деле муну жаса деген эч ким жок, жасабай койду деп мага деле эч ким милдет тага албайт. Бирок мен бала кезимде «Эгерде керек болсо көтөрөйүн, Энеке, жонума артчы элдин жүгүн» деп ыр жазган элем. Бул позицияда өмүр бою кала берем. Ал эми өзүмө келсем, Чыңгыз Айтматовдун жаңы табылган «Чоор жана жер» повести, «Манас», Айтматов жана эмбрион», «Ак булуттун өзөгү кайда?» деген сыяктуу макалаларды жакында эле жаздым, көбүнчө маектерде илимий пикиримди билдирип жүрөм. Бул ыкма бүгүнкү күндө өтө ыңгайлуу экен, биринчиден, илимий макалаларды газеталарда бастыруу өтө кыйын, экинчиден, маектерди окурмандардын кабыл алуусу оңой.

– Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго байланыштуу кеп кезеги келип жетти көрүнөт. Туулган күнү да жакындап калды. Кандай даярдыктар болуп жатат?

– Айта кетейин, Чыңгыз агай кайтыш болгондон бери жыл сайын эки жолу – 12-декабрь жана 10-июнда конференция жана эскерүү кечесин өткөрөбүз. Быйыл да «Айтматовдук окуу» уланат, кудай буюрса! Макалалар жыйналып жатат, «Айтматовдун асыл ойлору» («Айтматовдун учкул сөздөрү») деген китеп чыгарсак деген тилегим бар. Калганын көрө жатаарбыз.

– Айтматов сыйлыгы жаштар үчүн түзүлүп калды, эки жылдан бери берилип келе жатат, буга кандай карайсыз?

– Сыйлыкка Айтматовдун атын коюу чечими туура эмес болуп калгандай, башкачараак болсо дурус болмок. Чындыгында бул мурдагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы эмеспи! 12 сыйлык берилет экен, ар түрдүү кесиптегилерге, быйыл ал сыйлыкты берүү мөөнөтү өтүп да кетти, сыйлыкка эмнегедир кайдыгерлик болуп жатат. Менимче, кандай болсо да сыйлыкка олуттуу мамиле кылып, жаштарды моралдык жактан өз убагында кубаттоо зарыл.

– А парламент аралык Айтматов сыйлыгы жөнүндө эмне айтмакчысыз?

– Ал жөнүндө «Багыт» газетасында пикиримди билдиргем. Ал сыйлыкта элден алынган 30 миң АКШ долларын жөн жерден пайдасы жок таратуу болуп жаткандыгын дагы бир жолу баса белгилегим келет. Анткени азыр үч жылдыкты эсептегенде 90 миң доллар кумга сиңген суудай жок болду да калды. Ушул каражатка Айтматовдун миңдеген китептерин чыгарсак болмок да!

– Арийне?

– Айтып келебиз, бирок азыр ушундай экен, эч ким уккусу да келбейт. Мына бир мисал – Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул маселе боюнча чындыкты койсо, калгандары кайдыгер. Балким Жанар Акаев бул маселенин аягына чейин териштирип, чын эле сыйлык керекпи, жокпу, кандай пайда келтирди деп 120 депутаттын алдына коюп көрөөр…

– Сиз Айтматовду жакшы көрөсүз…

– Анын чыгармаларына кумарланып, кызыгып, дүйнө окурмандары жарым кылымдан бери окуп жатышат. Алардын ичинде ар түрдүү коомдук системадагы улуттар, элдер, кары-жаштар, ар кандай диндегилер, көз караштагылар бар. Аларга жаккан Айтматов мага эмне үчүн жакпашы керек. Жазуучунун бир-эки чыгармасы эмес, бүтүндөй чыгармачылыгы дүйнөнү руханий жактан «солк» эттирип келе жатат. Айтматовдун көркөм-эстетикасынан, философиясынан үйрөнүп, таалим-тарбия алып жатышат. Айтматовду мен эле эмес, дүйнө окурмандары жакшы көрөт. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн жогорку окуу жайларынын жана мектеп программаларына кирген. Россияда сөзсүз окула турган 100 китептин ичине эки романы сунушталган. Ал гана эмес мектеп программасына Ч.Айтматовду кошуу жөнүндө талкууда 90 %ы бир ооздон оң жооп беришкен. Алар мындай дешкен: «Я его читаю и люблю»; «человек, читающий Айтматова и понимающий никогда не будет ни фашистом, ни националистом…» Саясатчы, Германия Республикасынын тышкы иштер министри Фран-Вальтер Штайнмайер Айтматовдун сөздөрүнөн цитата алып сүйлөп, өлкөсүндө жазуучунун кадыр-баркы тууралуу айтып, Түркиянын экс-президенти Гүл Ата-Бейитке барып таазим этип, «Айтматовду жана футболду жакшы көрөм» деп жатпайбы! Анын чыгармаларын бир окуу менен таштап коюуга болбойт, улам-улам окугуң келет, окуган сайын жаңы-жаңы нерселерге учурай бересиң. Мен Чыңгыз агай менен тааныштырган тагдырыма ыраазымын. Анын адамгерчилиги, кеңпейилдиги, жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги бириккен касиеттер ар бир адамда эле боло бербейт. Кеп менин жакын жүргөнүмдөн эмес, аны менен тагдырымда кезикпесем деле Чыңгыз Айтматовду бүгүн кандай урматтасам, сыйласам, анда деле дал ушундай сыйламакмын.

– Чыңгыз Айтматов көп кишиден Сизди жактырып калгандыгынын себеби эмнеде болду экен? Балким бул жөнүндө ойлонуп көргөн чыгарсыз?

– Билгенге аракет кылып көрдүм, бирок бул суроо ар дайым мени түйшөлтүп келген жана азыр да суроого толук жооп табалбайм, балким таппастырмын, анын жообу Чыңгыз агайдын өзүнүн жан дүйнөсүндөгү сыр болсо керек. Ошентсе да мындайча божомолдочумун: мен башкалардай болуп тынчын алып, бийлик, байлык, үй-тиричилиги сыяктуу жана башка маселелер менен кайрылбадым, эч бир кызыкчылык көздөбөдүм, мен агайга таза жан дилим, абийирим менен мамиле кылдым, айрым бир тапшырмаларын өзүнүн каалоосундагыдай, өзүнүн убагында аткарууга аракеттендим. Мына ушундай сезимден улам «Өзүмө ишенгендей сага ишенем» деп таанышуубуздан он жылдан кийин баарын өлчөп, байкап, таразалап, мага кат жазса керек. Мындан артык эмне демекчимин?!

– Мындай баага ар ким эле татый бербейт да. Сиз улуу инсандан бата алган экенсиз. Батасы бүгүн да Сизге тийип келе жатат, азыркы мезгилде ошол «ишеним» жөнүндө эмне айта аласыз?

– Ишеним мен үчүн ар дайым кымбат. Ишеним – абийир, адамгерчилик, тазалык, кичи пейилдик. Чыңгыз агайдын ишенимин актоо – бул чоң жоопкерчилик. Ал менин өмүрүмдүн аягына чейинки жашоомдун маңызы.

– Чыңгыз Айтматовду жактырбагандар Сизди да жактырышпаса керек?

– Туура баамдадың. Эми аларга жакшы көрүнөлү дейт белек, «сенин Айтматовуң», «Сен эмнеге Айтматовго кызмат кылып жатасың?» ж.б. сөздөрдү айтып сөөмөйлөрүн чычайткандарды да турмушумда көргөм, а бирок ошолор эле Айтматов чет жактан келип калса, асмандатып мактап сүйлөгөн учурлары болгон. Ошол себептен «Адамга күн сайын адам болуу кыйын» деп жыйынтык чыгарса керек Чыңгыз агай.

– Сиз айткандай, улуу жазуучу тирүү кезинде баары эле анын айланасынан тегеренип чыкпаса керек, а азыр кимдер калды?

– Кимдер калды дейсиңби? Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Омор Султанов, Болот Шамшиев, Сатыбалды Далбаев, Геннадий Базаров, Кайыргүл Сартбаева, Дариха Жалгасынова, Анатай Өмүрканов, ошону менен чыгармачыл жаштар өтө көп. Анан жалпы окурмандар, сен жана мен.

– Коомубузда жакшылык жөнүндө айткандын ордуна жамандык издөө, чукуу арбып бараткандай… Ошондойдун бири – Айтматовдун эстелиги жөнүндө. Себеби кечээ бир окурман минтип жазыптыр: «Кыргыз элинин айкөлдүгүнөн манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги турчу жерге (Ала-Тоо аянтына) Айтматовдун эстелиги коюлду. Балким Ч.Айтматов бул орунду жылдардын бир жылдарында залкар манасчы Саякбай чоң атабызга бошотоор»,- деп. Дагы бир көрүнүш – мына бир жумадан бери интернетте Айтматовдун элеси түшүрүлгөн 300 сом жөнүндө сөз болуп жатат.

– «Алтынды дат баспайт» дегендей, туруп калган чаңдарды мезгил өзү сүртүп коёт. Эми өзүң ойлосоң, кандай болгондо да мында Айтматовдун арбагынын күнөөсү эмне? Күнөөнү Айтматовдун арбагынан эмес, тирүүлөрдөн издесек жакшы болбойбу?! Ооба, эстелик туура эмес коюлганын жазып жатышат. Бирок эмне үчүн коюлуп жатканда ошол документтер бар болсо көрсөтүшпөйт? Айтматовдун эстелигин башка жерге көчүрүү маселесин биз деле колдойбуз, бирок улуулардын арбактарын сөзсүз түрдө эле бири-бирине карама-каршы коюшубуз керекпи?!

Мындай көрүнүштөр демократиянын, сөз эркиндигинин, адам укугунун көрүнүшү эмес. Ооба, ар ким өз пикирин билдирүүгө укуктуу, бирок анын баары мыйзамга ылайык келиши керек. Улуттук дөөлөттөр жөнүндө жеке пикирлерге бир-эки адам чыгып жооп берип койсо эле иш бүтүп, токтоп калбайт, ал үчүн руханий байлыктарды сактоо, коргоо, жайылтуу боюнча мыйзам керек деп ойлойм.

– «Манас» эпосу боюнча деле мыйзам кабыл албадыкпы? Анын жыйынтыгы болбой жаткандай…

– Туура! Мыйзамды көзөмөлдөп туруу керек. Мыйзам формалдуу болбош керек.

– Ким көзөмөлдөйт?!

– Мамлекет, анын органдары. Болбосо кайым айтышуудан, бири-бирине жалаа жапкандан коомчулук түшүнө албай, аң-сезим бузула берет.

– Дагы эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

– «Манас» эпосу, Айтматовдун чыгармалары сыяктуу көркөм мурастарыбызды, дөөлөттөрүбүздү жайылтуу, алар жөнүндө иш-чараларды коомчулукта көбүрөөк, системалуу өткөрүп турушубуз зарыл. А чынында андай болбой жатпайбы? 2012–2017-жылдары «Манас» эпосун сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтомунун аткарылышы тууралуу иш-чаралардын жүзөгө ашпай жаткандыгын официалдуу да, басма сөздө да, мына азыр сени менен маектешүүдө да айтып жатам, билдирип келебиз. Бирок тыянак таптакыр жок. Ал эми Айтматовдун чыгармаларын басып чыгаруу боюнча жыйырма беш жылдан бери спонсор издеп, акыры эптеп спонсор таап, беш жана сегиз томдуктарын чыгарып, окурмандарга сунуш кылдык. Мындай караганда «Манас» же Айтматов бир-эки эле кишиге, же үй-бүлөсүнө эле керекпи (?) деген суроо туулат. Биз канчалык аларды коомчулукка жеткирсек, ошончолук таалим-тарбия беребиз. Аларды коргоонун, сактоонун бирден-бир жолу ушундай. Анан жөн эле «Манас», Айтматов» деп куру кыйкырык кыла берүүнүн кереги жок. Иштеш керек, эмгек кылуу керек. Жакында мага «Көйкашка» аттуу жаштар уюмунан студенттер келишти. Көрсө ар-намыстуу жаштарыбызы бар экен, алар улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун академиялык басылмаларынын экинчи басылышын чыгаралы, каражат топтойлу деп келишиптир. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова да мага телефон чалып кайрылды. Идеяларын толук колдойбуз! Ал эми «Манас» эпосунун үчилтигин чыгаруу боюнча демөөрчүлөр Тилек Мураталиев, Айнагүл Алымжанова жана Койчуман Момункуловдор чоң эрдик жасашкандарын айтып түгөтө албайбыз. Анан суроо туулуп жатпайбы, эмне үчүн өкмөттүк Улуттук программа аткарылбайт, көзөмөлгө алынбайт? деп. Жогоруда айткандай, «Манас», Айтматовдун чыгармалары айрым адамдарга гана керекпи деп жатканым ошондон. Дагы айтам, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн академиялык басылыштарына тендер жарыялап, каражат издеп жатканыбызга эки жыл өтүп баратат. «Манас» же Айтматов десе эле каражат табылып калбайт, убактыбыздын көбү көркөм дөөлөттөрүбүзгө каражат издөө менен кетет. А чынында «Манас» эпосу, Айтматовдун чыгармалары сыяктуу дөөлөттөргө каражаттарды издөө биздин илимий ишибизге кирбейт, академиянын кызматкерлери аз айлык алып, кылымдан-кылымга түбөлүк кала турган, жаштарды тарбиялай турган албан-албан иштерди жаратып жатышат.

– «Манас» орденине татыктуу болдуңуз, куттуктайбыз, «Башканы коюп «Манасты» айт» дегендей, «Манас» боюнча жасаган эмгегиңиздин айрымдарын жалпы коомчулукка айта кетсеңиз жакшы болоор эле?

– Рахмат! Бала кезден эпос аң-сезимибизге сиңип калган. Кийин тагдыр экен, колумдан келишинче эпосту чыгаруу, жайылтуу боюнча эмгек жасап жатам. Тактап айтканда, улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Багыш Сазанов, Ыса Жумабек уулу, Ыбрай Абдырахманов, Уркаш Мамбеталиевдердин тексттерин түзүүгө, демөөрчү издеп чыгарууга катыштым. Эпос жана манасчылар боюнча бери болгондо чет элде жана республикада жыйырмадан ашуун конференцияларды уюштурдум. Эң башкысы – «Сагымбай», «Саякбай» энциклопедиялары менин идеям, демилгем жана жетекчилигим менен жарык көрдү. Анан «Манас» темасы боюнча бир нече кандидаттык иштерге жетекчилик кылдым жана башкалар.

– Сыйлыкка келгенде да нааразычылыктар жаралбай койбойт эмеспи!..

– Пендечилик да! Мен жетекчи катары кең пейилдик менен институттун 30дан ашуун кызматкерлерин Мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылдым эле, кудайга шүгүр, баары алышты. Анын баркын билгендер да, билбегендер да болот экен. «Беш жыл жашадым, мага сыйлык бергиле» дегендер да кездешет. «Ошол беш жыл ичинде коомго эмне кызмат кылдым?» деп эч бир ойлошпойт. Менимче, ар бир адам жеке өз кызыкчылыгы үчүн эмес, коомчулук, мамлекет үчүн кызмат кылуу керек, ошондо сыйлык өзүнөн-өзү келет.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Нурзада ТАШБАЕВА, «Де-факто», 14.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.