Адабий сын макалаларга сынак

Адабий көчтү козгойлу, урматтуу, калемгерлер! Сын айтылбаган адабий турмушта өсүш болбостугу баарыга маалым. Сын бул – акын-жазуучуларды гана өстүрбөйт, ириде, жалпы окурмандардын көркөм табитин тарбиялоодо да түздөн-түз таасирин тийгизет. Сын айтуу жана аны кабыл алуу маданиятыбызды өстүрөр кезең келди…

Конкурстун максаты – адабияттын салттуу жолун калыптандыруу.

Чакан конкурсубуздун мүмкүнчүлүгү жана шарты:

Байге фондубуз – 50 000 (элүү миң) сом.

1-байге – 20 000 (жыйырма миң) сом.

2-байге – 15 000 (он беш миң) сом.

3-байге – 10 000 (он миң) сом.

О.э. кызыктыруучу эки байгеге 2 500 миң сомдон – 5 000 миң сом тапшырылат.

 

Конкурстун Жобосу:
  • Сынакка катышууну каалаган авторлордун жаш курагы чектелбейт. Мурда эч жерде жарыяланбаган гана сын макалалар, рецензиялар жана адабий изилдөөлөр кабыл алынат.
  • Материалдардын көлөмү 8 барактан ашпоого тийиш.
  • Конкурс жыйынтыгы чыгарылган мөөнөткө чейин калыстар курамы менен конкурстанттардын аты-жөндөрүн коомчулукка жарыялабайбыз.
  • Конкурстук материалдар ушул жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынат. Ал эми жыйынтыгы 12-декабрь, Кыргыз адабиятынын күнүнө карата жарыяланат. О.э. конкурстун жеңүүчүлөрү менен калыстар курамы коомчулукка тааныштырылат.
  • Конкурстук материалдарды oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтө аласыздар!

Аталган конкурстун демөөрчүсү – жеке ишкер, «РухЭш» сайтынын башкы менеджери Урматбек ЖАКШЫМБЕТОВ.

Эскертүү: агер демөөрчү табылып калса, байге фондубузду көтөрөбүз жана байге орундардын суммасы кошулат. Бул туурасында кошумча маалыматыбызды жарыялайбыз.

РухЭш

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.