З.Пасаңова: “Жомогуңду укканы кайра келем, Паашакан”

(аңгеме)

Паашаны алыстан эле тааныдым. Эки колунун манжалары жок алты жашар кызга социалдык жөлөкпул алып келгенмин. Шаардын чок ортосунда эле өйдүк-сөйдүк болуп туташ салынган, кайсынысы үй, кайсынысы чаркар, кайсынысы даараткана экенин ажыраткыс жепирейген барак үйлөрдүн биринин жыгач тепкичинде олтуруптур. Жалгызсыраган түрү бар. Мен издеген кыздын өзү экенин жүрөгүм туйду. Ошентсе да «Пааша!» деп абайлап үн салдым. Ал «Мен!» дегенсип жалт карады.

Эң биринчи эле кызылы жок кубакай өңүнө жарашпас чоң көздөрүн көрдүм. Каректери көлөкө жапкан булак көзүндөй каралжын тартып, тереңинен жылт-жулт этип от күйөт. Чилдикиндей арык моюну жакасынан илмейиңки чыгып турат. Кыз турпатындагы бул ашык-кемдикке карабай ыманы ысык экен. Бирок, манжалары жок тумтуйган колун көзүм түшкөндө , көздөрүмдү ала качып жаттым.

– Апаң кайда? Атаңчы? Алар базардан качан келишет? Үйдө өзүң жалгыз эле калдыңбы? Жакшы кыз турбайсыңбы? – деп сөзгө алдым аны.

Пааша менен сүйлөшкөнчө көздөрүнүн нуру тынымсыз өзгөрүп турганына таң кала бердим. Бая эле жамгырга жуулган тоо карагатындай капкара болуп мөлтүрөгөн каректерин бир толкун жайпап өткөндөн кийин балыр түспөлдөнө түштү, кайра толкуганда чөлдөгү закымдай тунарыңкы жылуу нур каптады. Өзүнө кушум түшүп турганын сездиби, кыз көздөрүн жүлжүйтө жумуп, акырын сурады:

– Мен сизге жомок айтып берейинби?

– Айта гой, – дедим көп деле этибар албай. Жомокко жакын курагы эмеспи. Паашанын каректери эми жалбырттап күйгөн саргыч отторго толуп чыкты. Кыз апкаруусун баскысы келгендей көздөрүн сүзүлтө жумуп ачты эле, жайнаган оттор өчүп, тынч деңиздин бетиндей тунжурап калыптыр. Ал оюн кое тургансып, бир-эки тепкичке өйдөлөп чыгып туруп, тикесинен туруп турду. Ошондо экөөбүздүн боюбуз тепе-тең боло түштү. Баятан бери жүрөгүмдү заарканткан колдорун эми көрбөй коюшка аргам калган жок. Эки колунун манжаларынан бирден гана сөөмөйү бар экен. Алар да сөөмөйгө окшобойт, тумтуйган эле кызыл эт. Бул колдордун жаны бар экенине ишениш кыйын эле. Бирок, Пааша эки сөөмөйүн лыпылдатып кыймылдатып, мойнуна узун чоймо менен асылган тери баштыгынын сыдырмасын сыдырды да бир барак кагазды алып чыкты. Ошондон кийин гана жомогун баштады:

– Илгери-илгери… бар заманда, жок заманда бир томаяк жашаптыр. Анын алакандай гана кичине жери бар экен. (Кыз мага баягы баштыгынан алып чыккан кагазды көрсөтүп койду. Мен аны томаяктын жери деп түшүндүм). Коңшусу сук бай ошол жерге көз артып жүрүп жарымын зордукка салып тартып алат. (Пааша баракты бүктөдү). Дагы бир күнү бечара томаяк уктап калса калган жарымын дагы уурдап алат. (Кагаз дагы бүктөлдү). Аз гана жери калган кедей мукурап ойлонуп олтуруп: «Эми ушунчаны иштетип кандай пайда тапмак элем, андан көрө сатып жиберип, кийинип алайын», – дейт да бир бөлүгүн сатып, анын акчасына көйнөк, өтүк, чапан алат. (Кыз баракты нарыдан бери бүктөп-бүктөп, көйнөк, кайра аны бузуп узун этек чапан, андан кийин узун кончтуу өтүк жасап жиберди. Алардын баарын мага көрсөтүп бүткөндөн кийин жомогун андан ары улады). Акыры калган жерин бир кемеге баалап алмашып, ага олтуруп алып деңизге чыгат. (Кагаз кыргактары кайрылган, палубасы шоңкойгон кемеге айланды). Башы оогон жакка сүзүп баратса, деңиз каракчылары кол салат. Кемесин талкалашып, өзүн сууга ыргытып жиберишет. Өлдүм-талдым дегенде жээкке жетсе, кемесинин сыныктары кумда жатыптыр. Томаяк алардан олтургуч жасап олтуруп алат. (Пааша төрт бурчтуу, төрт буту бар кагаз олтургучту көз ачып жумгуча жасап койду). Олтура берип тажаганда аны бузуп, бир кишилик чакан кайык жасайт да, дагы деңизге жөнөйт. (Олтургуч кайыкка айланды). Томаяк кайыгын айдап кете берет, кете берет… Арып-чарчап өлөйүн дегенде суунун түбүнөн жылтыраган нерсени көрүп калат. Үч күн, үч түн чумкуп жатып, баягыны зорго алып чыгат. Караса сокудай болгон жакут таш экен. Аны сатып, аябай байып кетет. Ошентип, байлыкка жетишип жыргап-куунап жашап калат».

Кыз жомокту ушунчалык берилип айткандыктан мен да кызыгына батып кетипмин. Эки сөөмөйү менен жасаган кагаз оюнчуктарына жаш баладай таңыркаганым андан бетер. Эсимди зорго жыйып: «Азамат!», – деп чын ниетимден мактаганча шаштым. Пааша: «Али кызыгы алдыда», – дегенсип кебелген жок. Кагаз кайыкты бузуп дагы башканы жасап кирди. Анысы ичи чуңкур кутуча болуп чыкты. Кутучаны алаканына кондура мага сунуп: «Жомокту уктуңуз, көрдүңүз, эми акысын төлөңүз?», – деди.

Муну күтпөгөндүктөн оозумдан сөзүм түшүп, оюн-чынга айландыра күлүмүш болдум. Кыз көздөрүн көтөргөн жок. Каректерин жарым жартылай жапкан узун кирпиктери гана дир-дир этет. Кубакай бетинин оту алоолонуп жанып чыгыптыр. Ээгиндеги чуңкурчасын да азыр байкадым. Ал өтө чымырканып бир нерсени күтүп жаткансыды. Алакандары да көшөрө сунулуп турду. Шашып-бушуп чөнтөгүмдөгү 50 сомду алып чыгып кутучага акырын салып койдум. Кантээр экен деп үндөбөй турам. Пааша акчаны кызыга тиктеди. Анан бели сына элек жап-жаңы 50 сомдук купулуна толгондой көздөрүн балбылдатып мага ыраазы боло карап алды. Мойнуна чоймо менен илинген баштыгынын сыдырмасын сыдырып акчаны салмакчы боло, кайра сонуркап кармагылады. Баштыгы толо акча экен. Ушаланган, эскирген он тыйындык, элүү тыйындык, бир сомдук кагаздар жүрөт.

– Эмне кыласың аларды чогултуп? – деп сурадым.

Пааша кыйлага үндөгөн жок. Мен да кыстабадым. Баланын да сыры болот эмеспи. Кайра башка сөзгө бурганы жатсам кыз үн катып калды:

– Акчаны көп чогултуп жакшына-а кол сатып алам. Анан балдар «колуңдан коркобуз» деп качышпай оюнга кошуп калышат.

Жүрөгүмү чаян чагып алгансып «тыз» эте түштү. «А» дешке алым жок туруп калдым.

– Дагы жомогуңду айттыңбы?! – деген ачуулуу үн экөөбүздү тең селт эттирди. Чоң чүпүрөк баштык көтөргөн, кийими да, өңү да жүдөңкү аял жаныбызга жетип калган экен. Күйүгүп келип Паашанын колундагы акчаны жулуп алып мага сунду:

– Бала экен да… Сиз мунун айтканын чын көрбөңүз? – деди кейиштүү үн менен.

– Жо-ок! Жок! Ал өзүнүн акчасы, тим коюңуз! – деп мен да шашып кеттим.

Аял боз ала боло түшкөн кызды кайра аягандай бооруна тарта кучактап, көздөрү жашылданып баратты. Күн жеп карайып, чолоо жери жок терең бырыштарга тилинген өңүн кош кабаты бажырайган сурма көздөрү гана ажарлантып турат экен. Аны Паашага окшоштуруп апасы го деп ойлодум. Бул аялдын көздөрү да качандыр жаш чагында кызыныкына окшоп нурданып, толкун ойноп турса керек. Азыр да оту өчүп калган менен боорукердик жумшартып, жапакеч тиктейт. Аял бир-эки тамчы жашты сөөмөйүнүн учу менен сыдырып алды да аргасыздык менен күлө багып сүйлөдү.:

– Кызым жомогун айтып берер адам таппай эле турат.

– Мындай жомокту эч кимден уга элек элем, – дедим чыным менен. Паашанын апасынын өңү жылый түштү.

– Бул жомоктон айланайын, – деди делбирей сүйлөп. – Кызымдын колун кол кылган ушул жомок болду.

Пааша төрөлгөндө болгон эки манжасы да селейип кыймылдоочу эмес. Ыйлай берип бир жылда карып кеткем. Кызым төрт жашка чыкканда колдоруна операция жасаттык. Пайгамбардай ичи кенен орус киши экен хирург. Менден бетер айланып түшө калат кызыма. Операциядан кийин жанынан кетпей жүрүп ушул жомокту үйрөтүп койду. Сөөмөйүн ошентип кыймылдатканга эп келтирди. «Көп-көп акча чогултасың. Анан жаңы кол сатып берем» деп тамашалап койчу. Балам бечара ошол сөзгө алигиче ишенет. Кээде тыям. Кайра «мейличи» деп түтпөй кетем. Ким билет. Баланын тилегин берет дешет. Өзүңдүн балдарың барбы, сиңдим? – деди аял эми гана мага назар салып.- Эрге тие элексиңби? Мейли, үкам жаш турбайсыңбы. Акыры тиесиң да. Сага айтаарым мага окшоп калба? Ушул кызымдын майыптыгын өзүбүз тилеп алганбыз, Кудайдан. Боюмда бар кезде көр-тиригиликтин айынан төрөгүчө бензин саткам көчөдө олтуруп. Ошондон дешти го доктурлар. Пулу да курусун, кызымдын убалына калдым. Өзүм да төрөбөс болдум.

Сурма көздөрү дагы бат-бат ирмелип нымдалышып келаткан аялды жубатып, акчаны алышка зорго көндүрдүм да, кайыр айтыштым. Сөзүбүздү андан ары улантышка дарманым жетпей баратат. Бая жүрөгүмдү чагып алган чаяндын уусундай ачуу нерсе жан дүйнөмдү сыздатып кирди. Бар күчүмдү жыйнап: «Мен жомогуңду укканы дагы келем, Паашакан!», – дедим кызга. Ал мулуңдап сүйүнүп калды.

Келген жолум менен кайтып баратып Паашаны, анын жапакеч апасын, жомоктогу томаякты тынымсыз ойлоп жаттым. Айрыкча мойнуна минген кембагалчылык жерден алып сууга, суудан алып жерге урса да өлөрман-өжөрлүк менен тырмалаңдай берген томаяк бир туруп зээнимди кейитсе, бир туруп күлкүмдү келтирди. Ал мага тыржыйган арык, капкара кишидей болуп элестелди. А түгүл күн сайын көрүп- билип эле жүргөнсүйм. Бир гана жөндөн-жөн эле томаяктын деңизден таш таап алып, бир паста байып кеткенине гана ынана албай жаттым. «Жомок да» деп кайра ага ишенип алган өзүмө күлкүм келет.

Ушинтип өзүм менен өзүм болуп келатып жолумда олтурган баягы кемпирди элес албай өтүп кетипмин. Тар көчөнү шыпырып жүргөн бул кемпирден бая Пааша жашаган көчөнү сурадым эле. Анын «О-о, кызым!»-деген үнү артыма кайырды. Шыпыргысынын сабына көчүк басып, жоолугунун бир учу менен бешене терин сүргүлөп аарчып жаткан кемпир эски таанышымдай ылым тарта сурады: «Издеген кызыңды таптыңбы?». «Таптым, эне, рахмат Сизге!» «Табасың да.Таппай эмне карабашыл адамды»,-Кемпир беймарал үн катты.

Сыпайыгерчилик үчүн сөздү улай сүйлөдүм: «Чарчадыңызбы, эне? Көптөн бери иштейсизби?…» («…көчө шыпыргыч болуп…», – дей жаздап тилимди зорго тыйып калдым.)

Ал борсулдап күлдү: «Мен кайдан иштейин, кызым. Кудайга шүгүр элемин. Эки кызым, бир уулум бар. Баары ишчилер. Жолду соопчулук үчүн шыпырам, айланайын. Жер дагы бетин жууган адамга окшоп жаркырай түшсө ыраазы болот экен. Баарыбыздын акыры барар Маканибиз ушул жер да, балам».

Кемпирдин бул сөзү кулагыма өтө жылуу угулду. «Соопчулук…» Бул сөздү укпай калганыма көп болуптур. Ойдо жок жерден кенч таап алганымдай байый түштүм. Ушул сөз деңиздин тереңинде жүздөгөн, миңдеген жылдар бою томаякты күтүп жаткан жакут ташка окшоп «жарк» этти. Аны балапандай үлпүлдөгөн назик көңүл кемпир жаркыратып шыпырган жерден таап алгансыдым.

Жаз демине өрөпкүгөн таза сезим менен шаарга, көктөмгө ашыга бастым.

 

zinakanЗинакан Пасаңованын башка чыгармаларын бул жерден окуй аласыздар.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.