Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 “болбойт”

Кыргыздын салтында сакталып калган тыюулардын арасында кош бойлуу келиндерге карата айтылган, жасоого болбой турган шарттар бар. Бул тыюулар боюнда бар айымды жана ичиндеги ымыркайын ар түрдүү кырсыктан, жамандыктан сактап, коргоо максатында жана анын аман-эсен көз жарып алуусу үчүн айтылып калган.

Sputnik агенттигинин кезектеги “Болбойт” рубрикасында кош бойлуу келиндерге карата айтылган тыюулар тууралуу сөз болмокчу. Аларды тизмектеп, маанисин түшүндүрүүгө тарых илимдеринин доктору Айнагүл Жоошбекова көмөк көрсөттү.

Чачын кырктырбайт. Чач илгертен эле кыргызда өзгөчө касиетке ээ деп айтылып, негизи эле аялдар чачын кырккан эмес. Бирок ошол убакта калыптанып калган түшүнүккө караганда чачын кырккан айымдын ичиндеги ымыркайынын өмүрү кыска болуп калат деп божомолдошкон. Бул ырым азыр да колдонулуп келет.

Түймө түйбөйт. Боюнда бар кезинде аял ар түрдүү нерселерди түйбөшү керек. Анткени эненин ичиндеги түйүлдүктүн калыптанышына залакасын тийгизип, төрөт оор болуп калат деген ишеним жашайт.

Арыкты аттаганга болбойт. Илгертен калган ырым-жырымга ылайык арыкты, сууну аттап өткөнгө тыюу салынган. Эгер аттаса боюнан түшүп калышы ыктымал делген.

Төөнүн этин жебейт. Тарыхчылардын айтымында, төө аркы дүйнө менен байланышы бар деген түшүнүк илгертен калыптанып калган. Ошондуктан төөнүн этин жесе кош бойлуу айымды же ымыркайды жамандык ыроолошу ыктымал делген. Мындан сырткары, төөнүн этин жеген айым 9 айда эмес, андан көп убакытта төрөп калышы мүмкүн деп айтылып келет.

Өлүк коюлгучакты жамандык болгон жерге барбайт. Качан гана сөөк мүрзөгө коюлуп, жаназасы окулган соң гана барууга мүмкүн болгон.

Мүрзөгө барбайт. Кош бойлуу айым көп санааркабай, жамандык болгон жерлерге жана мүрзөгө барууга такыр эле тыюу салынган. Ошондой эле жамандыкка тигилген боз үйгө да көп кирбейт.

Караңгыда сыртка жалгыз чыкпайт. Сууга жалгыз барганга болбойт, барса дагы жанына бычак салып алышы керек деген ишеним жашайт.

Кош бойлуу айымды чочутпайт. Катуу коркуп кетсе, боюнан түшүп калышы мүмкүн.

Оор нерселерди көтөрбөйт. Салмагы оор нерселерди көтөргөн кош бойлуунун боюнан козголуп же түшүп калышы ыктымал. Андан тышкары, кош бойлуу кезинде жана жаңы төрөгөндөн кийин да казан көтөргөнгө болбойт. Бул илгертен калган ишеним болуп калыптанып калган.

Бийик такалуу бут кийим кийбейт. Мындан келиндин өзүнө ыңгайсыз болуп, экинчиден ичтеги баланы да кыйнап коюшу ыктамыл.

Көп убакытка чейин жатпайт. Кош бойлуу келин ичиндеги түйүлдүк 5-6 айдан ашкандан кийин көп жатпай, тескерисинче кыймылдап туруусу керек. Көп жатса төрөттөн да кыйналып калышы мүмкүн делген.

Кош бойлуу келин төрөөрдүн алдында шакек, сөйкө тагынбайт. Тескерисинче аларды чечип, чачын да байлабай жайып коюп төрөш керек. Бул ырымдардын баары анын төрөтүнүн жеңил болуусуна жардам берет.

Таалайгүл Усенбаева, Sputnik-Кыргызстан”, 02.03.2017-ж.,
© AFP / ROSLAN RAHMAN

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.