Искендер Ормон уулу: “Кыргыз баалуулуктары исламга каршы келбейт”

Ислам менен үрп адат же күнүмдүк жашоо образына дин карама-каршы келет деп айткандар бар. Динге туура келбеген айрым каада-салттарыбыз бар. Бирок ал адаттарыбыз мамлекеттик мыйзамга да туура келбейт.

2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттынын концепциясы кабыл алынды. Аталган документ 3 бөлүмдөн туруп, анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлүп, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин алдын алуу иш-чаралары каралган. Мына ушул теманын алкагында кененирээк “Ыйман” фондунун төрагасы Искендер Ормон уулу менен маектештик.

Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Анда 2014-2020-жылдар үчүн КРнын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды. Кабыл алынган концепцияда эмнелер камтылган, кыскача токтолуп өтсөңүз?

– Буга чейин концепция бар болчу. Мына ошол концепция кайрадан толукталып иштелип чыкты. Жыл өткөн сайын коом өзгөрүп, ар кандай жаңы окуялар чыгып жатат. Алардын эң башында радикалдашуу, экстремисттик топтор чыгууда. Булардын өлкөбүзгө, коомубузга кооптуу абалды туудурушу баарыбызды түйшөлтүүдө. Жаңы кабыл алынган концепцияда өлкөдөгү кооптуу жагдайлардын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан кандай иш аракеттер көрүүлүсү керектиги, анын аткарылыш ыкмалары, максаттары тагыраак көрсөтүлүптүр. 2006-жылкы концепцияда аткарыла турган иштердин так максаты, ыкмасы өтө айкын айтылган эмес. Ал эми жаңы концепцияда мамлекеттин формасы, мына ошол формасын коргошу керектиги белгиленген. Кандайдыр бир топтордун иш-аракети мамлекеттин, коомдун укугуна дал келбесе аны токтотууга мамлекет чара көрө тургандыгы көрсөтүлгөн.

Буга чейин мамлекет динге кийлигише албаса, эми кабыл алынган концепциянын негизинде динге мамлекет кийлигише алат. Мына ушул кадам менен диний коопсуздуктун, экстремизмдин алдын алууга болобу?

– Мамлекет буга чейин динге кайдыгер болгон. Бул күнгө чейин дин тармагын жокко эсептеп келген. Кайдыгер мамиле кылуу мүмкүн эмес. Мамлекет кандай мамиле кылбасын коомубузда динге ишенгендер, ага карата аракет кылгандар бар. Ошондуктан мамлекет бул чындыкты эске алып, дин тармагы менен алака түзөөрү, дин тармагына кайдыгер карабай тургандыгы, өлкөнүн бейпилдигине, тынчтыгына, келечегине, максаттарына бөгөт койбой тургандыгы айтылат. Өзгөчө диний билим берүү, анын ичинде диний мекемелер, уюмдардын ички реформалары, алардын заман менен бирге өнүгүүсү белгиленген.

Бүгүнкү жыйында, өлкө башчы А.Атамбаев өз сөзүндө, алгач улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге ислам динин эриш-аркак алып кетишибиз керек деп айтты. Биз канткенде улуттук баалуулуктар менен динди бирге алып кетебиз? Акыркы кездерде, биз биринчи кыргыз болушубуз керек, андан кийин мусулман болобуз дешсе, ага карама-каршы айткандар бар.

– Чындыгында мындай пикирлер айтылып жатат, мындан кийин да айтыла берет. Мындай пикирлер айтылган бойдон калса эч нерсе болбойт,. Ал эми айтылган сөздөр аткарылышы керек, менин айтканым ишкер ашуусу кажет десе анда бул радикализмге алып келет. Учурда Орто Чыгышты көрүп жатабыз. Радикализм агымдарынын иш-аракеттерине күбө болуудабыз. Мындайлар өзгөчө диний сабатсыздыктан, тажрыйбанын жоктугунан жана кыска ой жүргүртүүнүн натыйжасында бир тараптуу мамиле кылгандар болот. Дин менен үрп адат же күнүмдүк жашоо образына дин карама-каршы келет деп айткандар бар. Менимче, кыргыз баалуулуктары ислам динине карама-каршы келбейт. Айрым каада-салттарыбыз бар динге туура келбеген. Бирок ал адаттарыбыз мамлекеттик мыйзамга да туура келбейт. Мисалы, кыздарды ала качууну мыйзамыбыз колдобойт. Ошол эле жаныбарларды өтө кыйнап жарыштарга салып, оюн өткөрүүнү дин туура көрбөйт. Муну мыйзам да туура дебейт. Андыктан дин адамдары каада-салттарды жокко чыгарам, үрп адаттарды дин колдобойт дегени туура эмес. Мунун баары диний сабатсыздыктан чыгат. Ошондуктан мындай маселелер ортого чыккан убакта, маселени бири-бирине сый мамиледе, толеранттуулук менен чечиш керек. Эч качан каада-салтыбызды четке какпаган түшүнүк алдыга чыгышы кажет. Ислам динин негизги түркүктөрү ушуга багыттайт, ушундай болушун каалайт.

Ошондой эле президент Атамбаев, диний фанатизм менен күрөшүү керектигине токтолду. Мында кыргыздар арабдашып, алардын кийимин кийип, тилин сүйлөп калса, улутубуз жоголот деген пикирин айтты. Сиздин буга пикириңиз кандай?

– Албетте, мунун баары коопсуздукту туудурат. Коомдун чындыгына бир тараптуу мамиле кылып, бир тараптуу көз карашта болуу кооптуулукка алып келет. Мындай аракеттер жаштардын арасында жайылуусу коркунучтуу. Чындыгында улуттук баалуулуктарыбызды жок кылууга аракет кылгандар жок эмес. Андыктан мындан сактануунун, алдын алуунун жолдорун ар бир коом, мамлекет ойлонушу керек. Кабыл алынган концепцияда ушул максатта жазылып, ошого жараша аракеттерди, чараларды көрүүлөр керектиги айтылган.

Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Гүлназ Мамытова, “Марал радиосу”, 03.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.