Белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков – акыркы могикан

sarlykbekov1Москва районундагы Төлөк айылындагы маданият үйүнө Кыргыз эл артисти, белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбековдун ысымы берилип, эстелик бюсту ачылды. Маданият жана маалымат министри Султан Раев режиссер А.Сарлыкбековдун ысмын түбөлүккө калтыруу максатында анын атындагы сыйлык уюштурула тургандыгын билдирди.

Кыргыз режиссурасындагы бирден-бир профессионал педогог-режиссер Алмаз Сарлыкбековдун кыргыз көркөм өнөрүнө, анын ичинен театр искусствосуна сиңирген кайталангыс чыгармачылык эмгектерине токтолгон маданият жана маалымат министри Султан Раев режиссердун ысымын түбөлүк калтыруу максатында Алмаз Сарлыкбеков атындагы сыйлык уюштурула тургандыгын билдирди.

Министрдин айтымында, сыйлык театр жана искусство тармагындагы чыгаан жаш режиссерлорго жылына бир жолу ыйгарылат. Султан Раев режиссердун ысымы берилген Төлөк айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине дагы Маданият министрлиги 300 миң сом каражат бере тургандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Бектен Абдылдаев театр өнөрү аркылуу дүйнөлүк маданиятты кыргыз элине жайылтууга Алмаз Сарлыкбековдун эмгеги эор экендигин белгиледи.

Алмаз дайыма койгон спектаклдерине өзүнүн өмүрүн, канын-жанын арнап жүрдү. Ушул элим дүйнөлүк маданият, дүйнөлүк искусство менен таанышып калсын, билип калсын деп жүрүп өттү.

Улуттук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов аталган театрдын сахнасында маркум Алмаз Сарлыкбеков көрүнүктүү спектаклдерди коюп, өмүрүнүн акыркы жылдарында иштегенин, Нарын, Ысык-Көл, Оштогу өзбек, “Учур”, “Тунгуч”, республикалык жаштар театрларында дагы мыкты спектаклдерди жаратканын белгилеп өттү. Анын устаттык сапаттарына токтолуп, Улуттук кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынан ондогон студенттерди тарбиялап, билим берип өстүргөнүн кошумчалады.

Алмаз Сарлыкбековду эскерген адамдар анын жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилигине, балалык кезинде эле ар нерселерди ойлоп табууга, уюштуруучулук жөндөмүнө дагы токтолушту. Бишкектеги №5 мектепте чогуу окуган классташы Тинатин Султанова маркумду мындайча эскерди:

Мындай таланттуу, адамга кири жок, жөнөкөй адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Алмаз бала кезинен эле билим алууга ынтызарлыгы күч, кыргыз эли үчүн көрүнүкүтүү, татыктуу иш кылууга кызыккан адам эле. Ал ак көңүл, эч кимди капа кылбаган, кичипейил жигит эле.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөн Иманалиев казактар менен чектеш тепкедей болгон Төлөк айылынан кыргызга белгилүү инсандар чыккандыгын, алардын бири Алмаз Сарлыкбеков экендигин баса белгиледи.

Советтик мезгилде мындай режиссер ондон бири болуп эсептелчү. Мындайды корифей деп коет. Мындайды, акыркы могикан деп коет. Эми айла жок, өмүрү кыска экен. Эгерде Алмаз тирүү болгондо далай-далай мыкты спектаклдерди коймок эле. Төлөк айлынын тургундары Алмаз менен сыймыктанат. Анын элесин түбөлүккө унутпайт.

Көп жылдар боюу чыгармачылык байланышта, достук мамиледе жүргөн обончу Жалил Сыдыков режиссер Сарлыкбеков өздүк көркөм чыгармачылыгынын, элдик театр, ыр-күү ансамблдеринин өсүшүнө дагы зор салым кошконун эскерди. Анын айтымында, Сарлыкбековдун эстелик бюстун ачуу салтанатында айтылган пикирлер-сунуштарды Маданият жана маалымат министрлиги колго алып, ишке ашырууга тйииш.

– Алмаз Сарлыкбековдун чыгармачылык эмгеги кыргыз элине нар көтөргүс эмгек. Анын ысымы айылдагы маданият үйү менен эле калып калбашы керек. Бул райондук масштабда, облустук, республикалык деңгээлде маданий мекемелерге, көчөлөргө Алмаз Сарлыкбековдун ысымы коюлуп, кандайдыр бир сыйлыктарды уюштуруу керек. Муну Маданият жана маалымат министрлиги колго алып, өкмөткө, мамлекетке маселе коюп, бул инсандын атын түбөлүк калтыруусу керек. Мындай учурларда айтылып-айтылып тим болбой министрлик ишке ашыруусу зарыл.

Төлөк айылындагы Алмаз Сарлыкбековдун эстелик бюстун анын бир тууганы Андаш Сарлыкбеков демилге көтөрүп, каражатты өздөрү таап бир туугандыры менен тургузушкан. Айыл өкмөтү болсо маданият үйүнө Алмаз Сарлыкбековдун ысымын берүү тууралуу чечим чыгарган.

Эстеликти ачуу салтанатына келишкен театр-кино ишмерлери, кесиптештеринин атынан Эл артисти Назира Мамбетова убагында Сарлыкбеков сахналаштырган Бакен Кыдыкеева жөнүндөгү спектаклден үзүндү аткарып, республикалык жаштар театры концерттик программа тартуулады.

Белгилүү педогог-режиссер Алмаз Сарлыкбеков Ленинграддагы маданият институтунун режиссердук бөлүмүн аяктап, Сокулук, Талас, Киров элдик театрларында иштеген. 1980-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайынан (ГИТИС) билимин улантып, орус театрынын реформатору Станиславскийдин шакирти Мария Кнебелден таалим алган.

М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык театрында башкы режиссер болуп 1992-жылга чейин эмгектенип, Ч. Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар”, «Кыямат», Ф.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза”, В. Шекспирдин «Макбет», “Король Лир”, Ж. Садыковдун “Жукеев-Пудовкин”, Т.Абдымомуновдун «Борбаш», С.Раевдин “Күн кармаган бала” жана башка ондогон спектаклдерди сахналаштырган. Анын жетекчилиги менен тоолуу театрдын 50 жылдык мааракеси Москвадагы кичи театрдын сахнасында белгиленип, Грузиянын баш калаасы Тбилисидеги эл аралык фестивалга катышып, экични байгеге татыктуу болушкан. Нукус шаарында Нарын театрынын чыгармачылык бир жумалыгын өткөргөн.

Алмаз Сарлыкбеков республикалык жаштар театрында башкы режиссер, Улуттук кыргыз драма театрында көркөм жетекчи болуп, театр искусствосуна 30 жылдан ашуун эмгегин арнап, жогорку деңгээлдеги ондогон сректаклдерди сахналаштырып, өзүнүн режиссерлук ыкмасын, «почеркин» жаратып кетти.

Эл аралык А. Попов атындагы сыйлыктын күмүш медалынын ээси, эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, М. Рыскулов, Ж. Абдыкадыров сыйлыктарынын лауреаты, Владикавказдагы эл аралык театралдык “Чексиз сахна” фестивалынын баш байгесинин ээси – Алмаз Сарлыкбеков 2008-жылы 12-июнь күнү 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Аманбек Жапаров, «Азаттык» радиосу, 19.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.