Нарын шаарында окуучулар жана студенттер арасында «Таза шаар- таза муун» сүрөт сынагы жарыяланды

Мындай аталыштагы сынакты «Жаш-Данакер» Нарындын жаш лидерлер жана патриоттор бирлиги жарыялады. Сынакка Нарын шаарындагы мектептердин 7-класстан 11-класска чейинки окуучулары, жогорку жана орто окуу жайларындагы 1-3-курстардын студенттери катыша алышат. Тартылган сүрөттөр эң мыкты көркөмдүүлүк, эң мыкты патриоттуулук жана эң мыкты оригиналдуулук үчүн номинациялары белгиленип авторлор бирден гана сурөт тартып, үстүбүздөгү жылдын 25-майына чейин, Нарын шаардык мэриясында жайгашкан аталган бирликтин  кеңсесине тапшырышат. Сынактын жыйынтыгы июнь айында Нарын шаарындагы «Жениш» гүл багында жарыяланып, дээрлик алтымыш орунга белектер ыйгарылат. Бул сынак ЕККУ тарабынан колдоого алынган «Нарын шаарындагы тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу» долбоорунун негизинде ишке ашууда, – деп билдирди аталган долбоордун координатору Рахат Асанов.

«Naryn.KG», 20.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.