“Мен уулумун кыргыздын”

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, акын Шарыпкул Эсенгулов (мурда Эсенгулов Шакин деген ысым менен окурмандарга белгилүү) 70 жашка толуп отурат.

1963-жылы Кочкор райондук маданият бөлүмүндө инспектор, 1965-1977- Жумгал районунда директор жана элдик театрдын режиссеру болуп иштеп, ошол эле жылдары “Бекбекей” ыр-бий ансамблин түзгөн. Республикадагы алгачкы болуп эсептелген Жумгал райондук “Бекбекей” ыр-бий ансамбли Москвада, Германия, Түркияда өнөрүн көргөзүп, чет элге чыгуу оңойго турбаган кезде кыргыз жүзүн тааныткан.

Алгачкы ыры 1958-жылы Жалал-Абад облустук газитине “Гүлдөсүн мекен” деген ат менен басылган. “Кадам” (1972), “Ак шоола” (1974), “Из” (1976), “Ишеним” (1979) повесттери менен алгач өз окурмандарын тапкан болсо, 2002-жылы “Тазалыкка таазим”, 2003-жылы “Кожомкул”, 2008-жылы “Асыл” романдарын жана 2007-жылы “Жээктеги караан” ырлар жана поэмалар жыйнагын чыгарууга жетишти. 1995-жылдан бери Бүбү Мариам Муса кызы менен бирдикте Жайсаң Үмөт уулунун арбагынын айтуусундагы “Манас” дастанынын алты китебин чыгарышкан.

Көп кырдуу талант Ш.Эсенгулов “Бекбекей” менен иш алып барууда өзүн обончу катары да элге тааныткан. “Бекбекей” үчүн ар кандай сценарийлерди жазуу менен бирге,?аны музыкалык жактан шөкөттөөдө зор салымын кошкон. “Жумгал вальсы”, “Эркайым”, “Айым-күнүм – атам-энем” сыяктуу бир нече обондуу ырлардын автору. Кезинде эл ичинде кеңири белгилүү болгон “Мен уулумун кыргыздын ” аттуу ырын 70 жылдык торколуу тоюна арнап, отурабыз. Кутман курагыңыз кут болсун!

Түбөлүктүү түнөгүндөй көктө жылдыздын,
Түрлөнүшүң түспөлүндөй түнкү Нур кыздын.
Ала-Тоодо ат салышып,?бүркүт таптаган,
Мен уулумун – шамал жиреп өскөн кыргыздын.

Кайырма:

Сыймыктанам,?мактанам эй,
Бүт дүйнөгө жар салам эй,
Уулу болом Нурдан бүткөн асыл кыргыздын.

Уламалуу уясындай ыйык Нур-Куттун,
Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң.
Кыйындыкта оттой жанып,?белин чечпеген,
Мен уулумун – көз ирмебес баатыр кыргыздын.

Түпкүлүгүн түптөп бекем жашоо-турмуштун,
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын.
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган,
Мен уулумун – кут ширеткен чебер кыргыздын.

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.