Саякбай жоголсо эмнебиз калат?

Учурунда кыргыз киносу дүйнөнү дүңгүрөтүп, элибизди эчен жерлерге таанытып турчу. Азыр деле уучубуз кур эместей. Таланттуу режиссерлор, мыкты тасмалар жаралып жаткандай. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков менен болгон маегибизди окурмандардын назарына сунуш кылабыз.

– Артыкпай Айталиевич, кыргыз киносу кыр ашчудайбы. Азыркы абалыңыздар жөнүндө эмне айталасыз?
– Кыргыз киносунун бүгүнкү абалы орто эле. Сыймыгыбыз да толтура, өкүнүчүбүз да арбын. Сыймыгыбызды айтсам, кезегинде дүйнөгө угулган кыргыз киносу ошол көрөңгөсүн улантып келет. Мына, коңшу Казакстанда жыл сайын аттуу-баштуу кинофестивалдар өтөт. Ага үзбөй катышабыз. Анан казактар айтып жатышат, фестивалды биз уюштурабыз, сыйлыкты кыргыз алат дешип. Дүйнөлүк кинодо деле ордубузду жоготкон жокпуз. Бир сөз менен келечегибиз кенен эле. Мына, таланттуу жаштардын жаңы мууну келатат. Болгон кемчилигибиз масштабдуу, тарыхый, чоң кинолорду тартканга каражатыбыз жок. Өкүнүчүбүз ушул.

– Манасты киного тартуу жөнүндө сөздөр чыгып калууда…
– Кинонун табияты башка. Мында жалгыз эч ким, эч нерсе жасай албайт. Ондогон, жүздөгөн чыгармачыл адамдардын, техникалык каражаттын натыйжасында бир нерсе жаратасың. Ал эми Манасты тартуу тамаша эмес. Бул үчүн кинодогу акыркы компьютерлик технологиялык жетишкендиктер, чоң каражат зарыл. Бизге ал азыр жете элек. Баасы да кымбат. Дүйнөлүк практикада, мисалы Америкада орто кинолор үчүн 70-100 млн. доллар жумшалат. Муну да аз деп жүрүшөт. Айталы, “Титаник” киносунун бюджети 300 млн. доллар турат. Бул эле казактарда 10-20 адам катышкан, тарыхый эмес орто кинонун бюджети 5-7 млн. доллар. Бизде болсо, бир жылда айлык-майлык, тарткан кинобуз болуп отуруп бюджетибиз 1 млн. долларга жетпейт. Бул бир жагы. Ал эми Манасты Манастай тартуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул үчүн өмүр бою даярдык керек. Бизде мындай адам бар болчу. Ал раматы Мелис Убукеев эле. Дагы жакшы “Манасчы” киносун тартып калды. Манасты бир тартса ушул киши тарта алмак. Экинчиден тарыхый фильмдерди тартуу үчүн чыгармачылык даярдыктан тышкары ири каражат керек. Бүгүнкү бюджетибиздин кейпин айтып өттүм. Кыргыз киностудиясынын техникалык базасы, аппаратуралары эскирген. Акча болгон күндө дагы баягы техникалык кызматкерлер чачырап кеткен. Айлыктын аздыгынан көбү Орусия, Казакстанга кетип калган. Соодага өтүп кеткендери да болду. Ошондуктан тарыхый кинолорду тарта салабыз деп азырынча ооз толтура айтыш кыйын. Мына, казактардын “Көчмөндөр” киносунун бюджети 40 млн. доллар. Президент Н.Назарбаев 2-3 айда бир “Казакфильмине” келип, кинолорун көрүп, акыбалын сурап турат. 5-6 жылда техникалык базасын жаңырттырат. Былтыр эле 25 млн. доллардык жаңы техника алдырып берди. Быйылкы бюджети 30 млн. доллар.

– Эми казакты карап кайгырып отура беребизби?
– Кеп ошондо. Жонубуз жука деп жол карап олтурган жерибиз жок. Акыркы 4-5 жылдын аралыгында ар кандай деңгээлдеги киносынактардан куру кол кайта элекпиз. Баарынан кубанычтуусу таланттуу жаштар келатат. Мисалы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери 3-4 жылдын ичинде 60га жакын эл аралык сыйлыктарды алды. Болгондо да жаштар арасында эмес, 80%ы профессионалдар менен ат салышып, жеңип алышты. Кийинки эле тартылган Алижан Насировдун “Кыштоо” деген фильми сентябрь айында Стамбул, Санкт-Петербург, Самара шаарларында өткөн эл аралык сынактардан гран-прини алып келди. Эми Дубайга баратат. Мындан тышкары техникалык базасы чың менчик студиялар да пайда болууда. Айталы, режиссер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияздын “Айтыш фильм” студиясы иштеп жатат. Мында мултьфильмдер, даректүү тасмалар жаралууда. Бул башкаларга үлгү болчу жөрөлгө. Айрымдар каражатын ушул өңдүү маданиятка салса жакшы болоор эле. Ошондой эле Актан Арым Кубаттын “Ой-арт” киностудиясы бар. Анын “Свет аке” киносунун ийгилигин көрүп жатасыздар. Бир-эки айдын ичинде 4-5 сыйлык алып, дүйнөлүк аренага чыга баштады. Булардын баарында жаштар иштеп жатат. Биздин таланттуу жаштарыбызды азгыргандар арбын. Мисалга кайрылсак оператор Хасан Кыдыралиев (оператор Кадыржан Кыдыралиевдин уулу) Казакстанда фильмден-фильмге кетип жатат. Режиссерлор кезекте турушат. Ошондой эле Бекболот Айдаралиев, Бакыт Ниязалиев, Марс Умаров өңдүү таланттуу операторлор, үн операторлор сыртка чыгып кетишкен. Аларга жакшы төлөйт. Ал эми биздин каскадерлордун дүйнөдө баркы чоң. Биздин киночулар азыр да, мурун да Кыргызстандын сыймыгын көтөрүп келүүдө. Алардын каражаттын тартыштыгына карабастан карандай талантка, чыгармачылык изденүүгө салып тарткан кинолору 100дөн ашык кинолор катышкан эл аралык сынактарда байге албай калган учурлары боло элек.

– Ушундан улам кыргыз киносунун башкаларга окшобогон, калыптанган мектеби бар деп айтсак жарашабы?
– Жарашат. Айталы Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат ВГИКти бүткөн эмес. Булар кыргыз киностудиясында режиссердун ассистенти, сүрөтчүсү катары иштеп жүрүп, чоң тажрыйба топтоп, мектебинен өткөн да. Негизи “Кыргызфильм” мурда да кыйын болчу, азыр да кыйын. Башкасын айтпайлы Дүйшөмбүдө, Алматыда өткөн фестивалдарда бизден кадимкидей сестенип турушат.

– Кыргызстанда кино кадрларын кайда даярдайт?
– Бизде Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда атайын режиссердук, оператордук, актердук факультеттеринде даярдалат.

– Бирок Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери катуу чыгып жатышат го?
– Бул университетте өзүм сабак берем. Бизде радио-теле журналисттерди даярдайт. Айырмасы ушул – тигилерде киноактер же кинорежиссер болгусу келгендер окушса, бизде кино деген түшүнүктөн алыс, алыскы айылдан келген, журналистикага ыктагандар окушат. Кызыгы, ушул айылдан келгендердин арасынан таланттуулар көп чыгат экен. Кичине эле багыт берип койсоң, жанагыдай элдин оозун ачырган кыска метраждуу тасмаларды жаратып жатышпайбы.

– Кыргыз киносуна туруктуу каражат бөлүнүп турабы?
– Өкмөт, Жогорку Кеңеш бекиткен кино боюнча мыйзамда Кыргызстандын бюджетинен 0,1% жыл сайын бөлүнүп турушу керек эле. Бирок КР финансы министрлиги ошону толук бербейт. Кино тартмак түгүл айлык акыларды бере албай калган учурларыбыз бар. Алган айлыктарын айткандан да уяласың. Бизде киносуз жашай албаган фанаттар эле калды. Бөлүнгөн акчаны айлыкка берсең кино тарталбай каласың. Киностудиянын кармоо үчүн да каражат керек. Учурда төбөсүнөн тамчы таап, ишпалдасы чыгып баратат.

– Кыргыз киночулары канчалык таланттуу болбосун каржы маселеси чечилбесе алыска бара албайсыздар го?
– Киноискусствосуна көңүл бөлбөгөндүк, менимче мезгилдин, бүтүндөй доордун көз ирмемин жоготкондук болуп эсептелет. Бүгүнкү күндүн тарыхын келечекке калтыра албай калабыз. Азыркы учурдагы глобализация аталган массалык маданият алакандай кыргыз эли үчүн коркунучтуу. Өзүбүздүн улуттук идеологиябызды, уңгубузду издебесек, кылымдык маданиятыбызды ургаалдуу алып жүрүп отурбасак, келечекке эмнени калтырабыз? Бир эле мисал айтсам, 1939-жылы киного тартылып алынган Атай, Мусанын, Мыскалдын элестери бүгүнкү күндө улуттук байлыгыбыз болуп калбадыбы. Дагы тартылбай эмне деген маданиятыбыздын залкар өкүлдөрү өтүп кетти. Учурунда Калык, Осмонкул, Алымкул, Муратаалы ж.б.кайталангыс таланттар киного жакшы эле тартылып алынган. Бирок киностудиядан чыккан өрттөн улам алар жок болуп кеткен. Азыр киносун айтпайлы, сүрөттөрүн көзгө дары катары сүртүп отурбайбызбы. Кийинки муундарга кыргыздын турмушун, этнографиясын, музыкасын, кол өнөрчүлүгүн, элдик оюндарын, маданиятын, жаратылыш кереметтерин ушул кино аркылуу гана калтыра алабыз. Мени биздин чоңдорубуздун “бу киночуларга берип койбойлубу” деп колко кылгандары таң калтырат. Мына, акыркы 19 жылдык эгемендик күндөрүбүздө эмне деген гана окуялар болуп өтпөдү. Ушуларды келечек муунга сабак болгудай, үйрөнгүдөй кылып кинодо калтыра алдыкпы? Чындап келгенде Кыргызстанды дүйнөгө таанытчу нерсе бул маданият. Анын бир бутагы кино. Бирок кино тармагындагы таланттарыбызга мамлекет тарабынан кам көрүү, сыйлык, наамдарды берип, көтөрмөлөп туруу эбак унутулган. Быйыл гана кичине эстей баштады окшойт.

– Учурда кинотасмалар кандай шарттарда сакталууда?
– Бул жагынан абал оор. Ачык айтканда, бери болгондо 50 жылдык тарыхты жок кылуунун чегинде турабыз. Кыргыз кинолору, документалдуу тасмалар учурда Кыргызфильмфонд, Кыргызмамархив мекемелеринде сакталып турат. Алар эч кандай температура, эрежелер сакталбаган, шарт түзүлбөгөн жагдайларда кармалууда. Четинен бузула баштады. Алардын арасында мамлекетибиздин, маданиятыбыздын, өнөр-жай, айыл чарбасынын бай тарыхы, атын укса куту сүйүнгөн не бир мамлекеттик ишмерлер, искусство өкүлдөрүнүн элестери бар. Биз бир жылы кино тартпай эле коелу, ошол каражатты ушул жакка жумшап сактап калалы деп айтып жатабыз. Ал деле жыргаткан акча эмес. Тартылган кинолорубузду жоготсок анык маңкурттук ушул болот. Азыр акчасы жок, экономикасы солгун деген мамлекеттер деле биздикиндей кинолорун электрондук санарипке салып (оцифровка) жатат. Мисалга айтсам, бизде Мелис Убукеев тарткан Саякбай Каралаевдин 300 челек документалдуу киносу бар эле. Анын пленкасы катып, кургап баратканы аз келгенсип, четинен жоголуп жатат. Ал эми Саякбайды жоготсок кыргыздын эмнеси калат? Кыргызда “түгөнөөр уй түгүн жейт” дейт. Килейген Орусия тилибиз жоголмой болду деп кыйкырып жатса, кыргыздын кыймылдаар түрү жок. Кинолор кыргызча дубляж жасалбайт. Мына, Өзбекстанды жөн эле коелу, Казакстанды алсак орус тилиндеги теле көрсөтүүлөрүнүн алдында казакча котормосун берип жатышат. Биз болсок жаш-карыбыз дебей саясатчы болуп кеттик. Тилибизди, маданиятыбызды ойлогон жан жок. Тарыхта бизге окшоп ызы-чуусу басылбаган мамлекеттер орду-түбү менен жок болуп кеткен. Учурда муундар алмашууда. Эңсегени бийлик, байлык, соода, улуп-жулсам деген, маданиятыңа түкүрүп койбогон кандайдыр бир адамдардын мууну пайда болду. Кудум Манастагы тогузкамандардын заманы келгендей сезилет. Алар улуттун тарыхын, келечегин каман тиштери менен казып жаткандай таасир калтырат. Азыр эртерээк эсибизди жыйып, жаңы парламент, жаңы келчү өкмөт улуттун кызыкчылыгын ойлоп, элди алып кетпесе жардын кырынан алыс кетээрибизге аз эле калды.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.