Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын Эл артисти: “Киного жүрөгү таза адамдар ишенет”

Дүйшөн Байдөбөтов кыргыз тасмаларында терс каармандардын образын жаратып, учурунда көрөрмандарды далай иренжитти эле. Көрсө киного Дүйшөн ага айткандай жүрөгү таза адамдар ишенет турбайбы. Ошол жүрөгү таза адамдардын катарында өзү турарын маегибизден байкадым. Терс каармандардын образын ачып берем деп, турмушунда далай кызыкка туш болгон. Табиятынан жөнөкөй, карапайым дүйнөнү жактырган актер менен күзгү бакта маек курдук. Адегенде эле бир окуя кылт деп эсине түшө калды окшойт, суроону күтпөй эле кеп баштады.

– Союз кези эле. Автобус менен Оштон Өзгөнгө бараткам. Автобустун ичинде бараткан бир кыз мени үтүрөйө карап, жүзүн улам буруп кетет. Анан мен: “Чоң кыз, кечирип кой, эмнеге минтип атасың”- десем,-“Мен сизди жаман көрөм, кинодо сиз аялыңызды, балдарыңызды таштап кеткенсиз” – деп аябай ачууланып алыптыр. Анан мен: “Айланайын, ал кино” – десем,-“Ошентсе деле” – деп тетири карайт. Киного кандай адам ишенет, жаш баладай жүрөгү таза адамдар ишенет экен. Өйдө-төмөндүн баарын билип, ачуу-таттууну иликтеп калган адамдар ишенбейт. Сахнада деле сен ыйлап роль аткарганыңды көрүп, тымпыйып олтургандар бар. Көрүүчүлөр да ар кандай болушат. Биздин турмуш, айрыкча актер менен артисттердики көрүүчүлөр менен тыгыз байланышта, бирге. Эгер ырчы болуп сахнада ырдап жатсаң көрүүчүлөр колдоп, коштоп турса, эреркеп жакшы ырдайт. Эгер актер ролду аткарып жаткан учурда эл тыптынч болуп, баары спектакль менен жуурулушуп турса актерго күч берип турат.

Артисттердин жашоосун жылдын төрт мезгилине кантип окшоштуруп, сүрөттөп бере аласыз?
Жыл мезгили кандай болсо, биздин чыгармачылык деле ошондой. Артисттин жайы, кышы, күзү, жазы болот экен. Өзүмдүн актерлук жолумда жазым болду, жаздай болуп жадырадым. Жайым болду, жайдын толуп, бышып турган данындай болдум. Анан күзүм келип, артисттин чыгармачылыгы жетилип, деңгээли бийиктеп дегендей. Кыш дегенди билесиңер, адам жылууланып, чулганып, акырын, жай жүргөн мезгил болот экен. Ошондуктан ар нерсенин өзүнүн убактысы келгенине сүйүнөм. Ошого каниет кылам.

Өмүрүңүздө бир жолу “Ушул роль мага жетпей калды” деген өкүт болгонбу?
Андай өкүтүм жок. Себеби турмушумда ошондой кишимин. Кандайдыр бир деңгээлдерге жетпей калдым деп кыжаалат да болгон эмесмин. Ар нерсенин өз убактысы, шарты келет. Көп убактарда кесиптештеримдин арасынан бийиктиктерге жетип, өзүн тасмалардан татыктуу көрсөтө алса, ошол адамдын ийгилигине сүйүнөм. Өз ишинин ээси, дыйканы катары эмгеги элге жетип жатканына кубанам.

– Наам сурап, наам үчүн үзүлө чуркаган артисттер арабызда аз эмес. Аларга кандай ойдосуз?
“Мен наамга жетпей калдым, мага берилбей калды” деген кээ бир артисттер да бар. Убагы келгенде эмгегиң үчүн алгансың, доор сеники болгон. Анан кечке эле наам сурай бергидей өкмөт артисттерге наам карыз беле? Учурунда ишиңе жараша грамотасынан бери берген. Союз кезинде 60, 70, 80 жылдык мааракесине байланыштуу, орден, сыйлыктарын берчү. Бирок “Күлүк күнүндө” дегендей эмгегине жараша баалап турган жакшы болот экен. Адам баласынын маңдайына жазылган тагдырына байланыштуу. Буюрганга жетесиң, андан ашып кете албайсың.

Сиз өңдүү Союз кезиндеги маданияттан бери эмгектенип келаткан инсандарыбыз ал кез менен азыркы кезди салыштырып, жомок сымал эстешет экен…
Ал мезгил эсимен такыр кетпейт. 1972-жылы окууну бүтүп келгем. Биз Ош драма театрын ачтык. Курулуш иштери аяктап калган экен. Союз кезинде райондук, облустук жетекчилер маданиятка ушунчалык көңүл бурчу. Театр күзүндө ачылса, кышы бою ар кайсыл район, айылдарга оюн көрсөтүп жүрдүк. Жазында үч бригадага бөлүнүп 4 ай гастролдо болдук. Жарым жыл үй-жайдан алыстап талаада жүргөндү элестетип көрүңүз. Анан 1 айга эс алууга келип, театрдагы кесиптештерди сагынып келип, ыйлагандар болгон. Ал кез өзүнчө керемет мезгил экен. Ал убактагы идеология, патриоттуулук башкача эле. Малчы, чабан, чөп чапкандарга барып оюн коюп, райондон районго барып кыдырып келчүбүз. Жатакана деген болгон эмес. Оюндан кийин жылуу үйлөргө жатып алчубуз. Ошентип иштегенбиз.

Өлкөбүз эгемендик алганы маданият тармагы эмес, бүт баарын талкалап албадыкпы. Дегеним, маданиятыбызды өркүндөтүү өз колубузда эле…
Жалаң маданият эмес, дегеле өлкөбүз эгемендүү болуп каалагандай жолго түштүк. Мал, кой чарбасы жоюлду, Койлорду 3-4төн бөлүп алдык. Өзүмдүн эле чабан агамдын бардык шарты бар сарайы бар болчу. Тим эле кызыл кирпичтен салынган. Азыр фундаменти да жок. Биздин эл ушундай бүлдүргүч болуп жаралганбы, билбейм. Эки жолку революцияда Ак үйдү талкалап жибердик, сарай эмне болуп калыптыр. Ушуларды көрүп туруп, кыргыз болуп жаралганыма кээде өкүнүп, уялып, намыстанып кетем. Ушунчалык жапайычылыкка барабызбы. Бардык тармакты жок кылбай сактап калсак болот эле. Жерибизди айдай албай, маң болуп калганбыз. Азыр эми элибиз үйрөндү, короосунда малы, кырманында буудайы болуп. Эгемендүүлүктө мындан да жакшы жашасак болмок. Эми мындан аркысына Кудайга тообо дейли. Мындан да жакшы жашаганга аракет кылалы. Эшикте күн сайын болуп жаткан митинг, пикеттерден эл чарчады. Мен өзүм да аябай тажадым. Чогулуп алып жол тосуп ызы-чуу чыгаргандын кимге кереги бар? Минте берсек кокту, сай-сай болуп бөлүнүп, ар кимибиз участкабызды коргоп калабызбы. Илгерки замандай сайышып, кырылышып калабызбы. Эл эсине келбесе болбойт, айрыкча жаштар. Бирдеме болсо эле жаштар “биз кылдык, биз жасадык” деп чыгышат. Кылганды эл көрүп турат. Макул, жаштар бийликке келсин, аларда тажрыйба барбы, иштей алабы муну ойлонушпайт. Дайым эле сокур боло бербей, көздү ача турган мезгил келди. Төрөлө элек балдарыбызга кандай жооп беребиз. Алар кийин бизге кандай заман орнотуп кеттиңер эле деп сурайт да.

Депутаттыкка аттанышкан талапкерлердин арасында артисттердин жүргөнү көптөгөн сын-пикирлерди жаратууда. Буга кандай ойдосуз?
Муну туура эле түшүндүм. Алар деле пайдалуу максаттарды көздөп, маданият тармагына жардам бергиси келип жаткандыр. Чыгармачыл адамдар парламентке барып калышса өздөрүнүн оюн айтышат деген ойдомун. Мен аларга ийгилик каалайм. Мага да өз убагында тигил-бул партияга өт деген телефон чалуулар болгон. Мен “Ленин атамдын партиясындамын, туура түшүнгүлө” дедим. СССР учурунда Коммунисттик партияга мүчө болгом. Ошол бойдон калышым керек. Эми коалиция эртерээк түзүлүп, парламентке келген жигиттер татыктуу иштеп, аксакалдардын сөзүн угуп, акыл калчап иш кылышса деген тилек. Тынчтыкты сактап жакшы жакка жылбасак, алдыбызда бир топ оор кырдаал жаралып калчудай.

Өзүңүздө кандай жаңылыктар бар?
Жаңы сезонубузду ачтык. Үч жылдан бери ремонт дей берип, ремонт деген сөздү оозума алгым келбей калды. Кичинекей залды оңдоп-түзөп, күн сайын жаңы спектаклдерибиз коюлуп жатат. Президентибиз бизге каражат бөлдү. Буюрса, чоң сахнабыз бүтүп калса, дагы спектаклдерди коебуз деген үмүтүм бар.

Дүйшөн агай, өнөр адамдарынын майрамына карата кандай каалоо-тилектериңиз бар?
2-ноябрь баарыбыз күткөн жакшы майрам. Сахналаштарыма, кесиптештериме ар дайым ден соолук каалайм. Ылайым чыгармачыл адамдар элибизге жакшы өнөрүн тартуулай беришсин. Бакубат жашоого жетишсин.

Сахиба Кадырова, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.