Интернетте Кыргызстандын Гиннес рекорду китеби жайгаштырылган

2008-жылы Энциклопедия жана мамлекеттик тил борбору тарабынан “Кыргыздын Гиннес китеби” кыргыз тилинде басмадан чыккан. Анын түзүүчүсү – Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Ысмайыл Кадыров. Китеп 500 нуска менен чыгарылып, ошол замат тарап кеткен; учурда аны дүкөндүн китеп текчелеринен табуу кыйын. Бардык каалоочуларга китеп менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында Ы.Кадыров китептин электрондук версиясын “Кыргызстандын жаңы адабияты” www.literatura.kg сайтына жайгаштыруу макулдугун берген.

“Кабар” МА, 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.