Жети кило салмактагы “Манас” чыкты

2B4F8EBB-AE79-487B-AD75-69F1314DE593_mw800_mh600Бишкектеги “Хан Теңир” басмасынан манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 9 томдук “Манас” 7 кило салмак менен бир китеп болуп басылып чыкты. Азырынча сигналдык нускасы колго тийип, 1000 нуска менен чыгып жаткан “Манас” 163 миң саптан ашык болуп чыкты. Совет учурунда бул вариант 60 миң сап менен гана чыккан болчу.

Бишкекте жаңы ачылып жаткан “Хан Теңир” басмасы манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы 9 томдон турган “Манас” эпосун басып чыгарды. Бүгүнкү күндө аталган эмгектин сигналдык нускасы жана дагы 20 китеп басылып чыкты. Китептин бети 2 миң бетке чукулдап барып, салмагы 7 килограмм.

Китеп менин оюмча ойдогудай болуп чыкты. Сагынбай атанын варианты боюнча 84 жыл бою бир да китеп чыкпаган экен. Көлөмү да ат көтөргүс болду. Ички мазмуну жагынан да улуу рух кенчибиз мыкты болуп, “Манас” Манастай эле болуп чыкты,- деди “Хан-Теңир” басмасынын директору Айнагүл Алымжанова.

Адистердин айтуусунда 1995-жылдан бери “Манастын” 1000 жылдыгынан бери эпостун тексттери басылып чыга элек болчу. Ал эмес эпостун 1000 жылдыгына арналып даярдалган тогуз томдон турган академиялык басылмасынын кол жазмалары али да чыкпай турат.

Сигналдык нускасы жаңы колго тийген Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манастын” текстин Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас” бөлүмүнүн жетекчиси, белгилүү манастаануучу Самар Мусаев түзүп чыкты.

Аталган институттун директору профессор Абдылдажан Акматалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мындан 84 жыл илгери Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манас” 60 миң сап менен гана басылып чыкса, бул сапар 163 миң саптан ашып чыкты:

1924-жылы Сагынбай Орозбаковдун оозунан 180 миң сап жазылып калган. Андан традициялуу окуяларга байланышпаган окуялар, Сагынбай Орозбаковдун жеке фантазиясынан жаралган эпизоддор кирген жок.  Ошону менен бирге бул эмгекке мурда совет мезгилинде пантюркисттик, панисламисттик делинип кирбей калган көрүнүштөр, диндик түшүнүктөр толукталып кирди.

Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манас” азырынча бир миң нуска менен чыгып жатат. Айнагүл Алымжанованын илгери тилегинде  аталган эмгектин нускасы алдыда дагы элдин алышына жараша өсүшү мүмкүн.

“Азаттык”, 25.03.2010

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.