МАНАП БИЙ

Тарыхты жаратуучу эл экендиги талашсыз. Анын калыптанып өнүгүшүнө тигил же бул доордо эл башында турган инсандар да чоң роль ойноору белгилүү. Тилекке каршы, советтик мезгилде Кыргызстандын тарыхындагы чыгаан инсандардын ролу жана ээлеген орду кыргыз тарыхнаамесинде талапка ылайык деңгээлде изилденбей, тарыхтын бүктөмүндө калып, экинчи планга сүрүлүп, атүгүл реакциячыл күчтөр катары тескери мүнөздөлүп келген. Эгемендүүлүк доорунда гана кыргыз элин эл кылып сактап, анын кызыкчылыктарын коргоп, элди алдыга үндөп келген көптөгөн тарыхый инсандар тарыхтагы татыктуу орундарын таап, айрымдары жөнүндө эң кызыктуу китептер жазылып, эстеликтер орнотулууда.

Кыргыз элинин тарыхый инсандары өз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн кам көрүп, кыргыздардын түпкү кызыкчылыктарына ылайык кызмат кылып келишкен. Алар көз каранды эмес эгемендүү мамлекет түзүүгө жан үрөп аракет жасашкан, баскынчыларга каршы күрөштүн башында турушкан, чарбанын жана маданияттын өнүгүшү үчүн чараларды көрүшкөн. Ушундай кыргыздын чыгаан инсандарынын бири – Манап бий Дөөлөсбакты уулу болгон.

Жакында Токмок шаарында Манап бийдин эстелигинин ачылышы болуп өттү. 28-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарында болуп, Манап бийдин эстелигинин ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

– Биз бүгүн кыргыз элинин улуу инсаны Манап бийге эстелик тургузуу менен биздин элди, жерибизди коргоп келген, тарыхта өчпөс из калтырган ата-бабаларыбызга таазим кылып, өткөн тарыхтын дагы бир барагына кайрылып жатабыз, – деп айтты Курманбек Бакиев. – Заманыбыздын залкар жазуучусу жана ойчулу Чынгыз Айматов агабыздын «Атыңды унутпа! Тегиңди унутпа!» деген насааты ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жетип, элибиздин демине дем кошо турган акылман сөз. Манап бий сарыбагыш уурусунун башаты болгон Сарыбагыштын небереси, кыргыз менен казактын каны Эшимдин замандашы жана өнөктөшү болгон. XVI кылымда элибиздин ар түрдүү уруулары биригип бир мамлекет түзүүнү көздөшөт. Ошол мезгилде калмактардын баскынчылык саясатына каршы кыргыз элинин уулдары гана эмес, жалпы боордош казак эли менен биригүү зарыл болгон. Ушундай кырдаалда Манап бий кыргыз жана казак элинен куралган түмөндөгөн аскерди жетектеп, 1619-1625-жылдарда кыргыз менен казак жерлерин басып алууга аракеттенген калмактардын чабуулдарынын мизин кайтарып, аларды жергебизден сүрүп чыгарган. Тарыхый маалымат боюнча чечүүчү салгылашуу 1625-жылы Иле дарыясынын боюнда өтүп, бул согушта жеңилген калмактар Сибирге чегинген. Бул салгылашта оор жарадар болгон Манап бий дагы курман болгон. Президентибиз Манап бийдин элин-жерин коргоодо эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн чыгаан инсан болгондугуна мына ушундай баа берген.

Мамлекет башчысы андан аркы сөзүндө буларга токтолгон: – Ушундай өрнөктүү өмүр, Манап бийдин ысымы жана ишмердиги кийинки 300 жыл бою, Совет бийлиги орногонго чейин эл башчыларынын «манап» деп аталган титулу, башкаруунун «манапчылык» системасынын жаралышына себеп болгон. Маданияты, интеллектуалдык деңгээли жогору болгон эл башчыларын манап деп аташкан. Ушунун өзү анын коомдук аң-сезимге тийгизген таасири абдан күчтүү болгонун таасын көрсөтүп турат. Ушул мезгилде элибиздин ар түрдүү урууларынын чыгаандары, кыйындары өздөрүн манап деп аташып, коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошууга умтулганын белгилеп кетиш керек. Тарыхты жалпы эл жаратат, бирок ошол элди баштап барган инсандар жана башкаруу системасы болбосо тагдыр эл күткөндөй эмес, башкача болушу мүмкүн».

Президент сөзүн улап, Манап бийден тараган тарыхый инсандарды атаган: алар Жарбаң баатыр, Кудаяр хан, Маматкул бий, Черикчи бий, Эсенгул баатыр, Атаке баатыр, Ормон хан, Жантай хан, Калпак баатыр, Калыгул олуя, Молдо Кылыч, Шабдан баатыр, Чоко баатыр, Канат хан, Дүр Сооронбай уулу, Осмонаалы Сыдык улуу, Ажыйман Шабданов, Баялы Исакеев, Турдакун Усубалиев. Алардын ар бири жалпы элибизге белгилүү инсандар.

Манап бийдин Жарбаң, Сүтөй аттуу уулдарынан Үчүке, Түлкү алардан тараган Тынай бий, Маматкул бий, Болот, Эсенгул, Ниязбек, Абайылда, Атаке баатыр, Ормон хан, Жантай хан, Шабдан баатыр ж.б. урпактары Түндүк Кыргызстанды бийлеп келишкен жана кыргыз коомуна башкаруунун жаңы институту – манапчылыкты биротоло киргизген.

Ал эми эстеликтин ачылышына катышкан Кыргыз Улуттук академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов Манап бийдин, ал негиздеген «манапчылык» башкаруу системасы жана улуу инсандын ысымы менен калыптанып, орустардын «дворяндар» деп аталган ак сөөк катмарына барабар – «манаптар» деп аталган социалдык катмары жөнүндө далилдүү баяндап берди. Биз сыймыктана турган дагы бир жагдай – Манап бийге эстеликтин орнотулушу Президентибиз сунуш кылган ата-бабалардын улуу мурастарын терең изилдөө, ал мурастарды кеңири жайылтуу максатын көздөгөн «Кыргыздардын мурасы жана келечек» аттуу улуттук долбоордун идеяларына төп келиши бизди шыктандырат – деп белгилейт профессор.

Жыйынтыктап айтканда, Манап бий өз заманынын эң мыкты саясий ишмери, кыргыз урууларынын биримдигин, ич ара ынтымагын чыңдоого салым кошкон чыгаан инсан болгон. Анын айкели кыргыз элинин эркиндиги, жаркыраган келечеги үчүн күрөшкөн улуу бабаларыбыздын баарына тургузулган эстелик катары элибиздин сыймыктануу сезимин көкөлөтүп, сүйүктүү Токмок шаарынын ажарын ачып турат.

А.Бектемирова,
Нарын мамлекеттик универститинин ага окутуучусу,
тарых илимдеринин кандидаты,
“Те
ңир-Тоо“, №79-80,01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.