КЭР тарабынан “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине киришин кандай баалайсыз?

КЭР тарабынан “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине киришин кандай баалайсыз?

Садык Шер-Нияз – «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү:

– Бул одоно кетирилген ката жана аны жогорку деңгээлде кайра калыбына келтирүү керек. «Манастын» кыргыз мамлекетине тиешелүү экендигин танып болбойт.

Албетте, кытайлардын мындай демилгесине баа берүүгө болот, бирок «Манас» кыргыздын атынан Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине киргизилиши зарыл. Себеби, «Манас» дегенде дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды эмес, Кытай өлкөсүн түшүнүп, адашууга келиши мүмкүн. Ушундан улам бул катачылыкты калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти, өкмөтү жана Жогорку Кеңештин демилгеси, ошондой эле жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл.

ЮНЕСКО тизмени жарыялагандан кийин эле кытай массалык маалымат каражаттары бул багытта макалаларды жарыялап жиберген. Анда эпостун жаралган жери бурмаланып берилген. Алсак, кытайлык ММКлардын биринде мындай деген маалымат тараган: «Манас» «Гасэриада» жана «Жангар» менен бирге Кытай улутунун үч эпосу деп аталат. «Манас» негизинен Кызылсу-Кыргыз автономиялык округунда, Текес талаасы, кыргыздар көп отурукташкан Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Тажикистанда тараган». Демек, «Манас» кыргыз жеринде жаралбай эле, ал тараган жер гана болуп калууда”.

Жыпар Жекшеев – ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиянын башкы катчысы:

– «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине киргизүү демилгеси Кытай Эл Республикасынын (КЭР) расмий бийлиги тарабынан эмес, Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда (СУАР) жашаган кыргыздардын маданий борбору тарабынан көтөрүлгөн. Учурда КЭРдин бийлиги улуу эпостун Кыргызстандын атынан чыгышын колдоп гана жатышат.

«Манас» эпосунун ЮНЕСКОнун аталган тизмесине КЭРдин атынан киргизилиши боюнча маалымат чыкканда эле, ошол убактагы вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаеванын кабинетинде маданият министри Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү баш болгон топ маселени талкууга алганбыз. Бул маселени коомчулукка жеткирүүдөн мурун, анын себептерин толук тактоо зарылчылыгы белгиленген. Бүгүнкү күндө Кытай менен Кыргызстандын тышкы иштер боюнча ведомстволору жана ЮНЕСКОдогу өкүлдөрү маселени өз ордунда чечүү аракетинде иштешүүдө.

«Манастын» ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурас тиземесине кириши жаман жаңылыкпы, Нооруз деле Азербайжандын атынан көрсөтүлдү эле, эч ким нааразы болгон жок го… Ал эми айрым кытай басылмаларында тараган маалыматтар журналисттердин кезектеги “апыртмасы” десек болот.

Казак Акматов – Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу:

– “Сөзсүз түрдө “Манас” эпосун Кыргызстанга таандык кылып көрсөтүү керек. Бул жерде ЮНЕСКОго бир кезде биздин жерден үркүн убагында, ага чейин кеткен кыргыздар Кытайга ала барган “Манас” гана сунушталган. А чын-чынына келгенде “Манас” алар көрсөткөндөн кыйла зор. Мында ЮНЕСКОдо эмгектенген кызматкерлердин катачылыгы да болушу мүмкүн. Болбосо буга чейин “Манасты” аталган тизмеге киргизүү сунушу көрсөтүлгөн, анда иш токтоп калып, эми кайрадан эпосту көрсөтүү аракети жүрүп жатканда Кытай бизден озуп кетип отурат”.

Талантаалы Бакчиев – манасчы:

– “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас тизмесине “Кытайдын расмий бийлиги көрсөтпөй эле, ал жердеги аз сандуу калк болуп саналган кыргыздардын атынан көрсөтүлүдү”-дегендин артында Кытай бийлигинин өзү турушу мүмкүн. Кытай бийлиги аз сандагы улуттарга таянып, аларды түртмөлөп коюп, дүйнөдө зор салмагы бар тибеттердин, монгол менен калмактардын ”Гэсриада”, “Жангар” сыяктуу эпостору менен катар “Манаска” да ээлик кылуунун аракетинде. Биз Жыпар Жекшеевден “эмне үчүн Кытайдагы кайсы бир маданий борбор ЮНЕСКОдогу Кытай өкүлчүлүгүнө маалымдабай туруп, түз эле Париждеги Уюмдун штаб-квартирасына жөнөтүп жиберген жана алар кыргызга таандык эпосту тизмеге киргизүүдөн мурун Кыргызстанды кабардар кылып койгон эмес”, – деп сураганыбызда, уюм Кытай бийлиги аз сандуу калктуу басмырлап коёт деген ойдо шашылыш кабыл алган. Буга кошумча ЮНЕСКОнун жетекчилиги алмашып калган имиш. Мунун баарынан жыйынтык чыгара турган болсок, бул жерде белгисиз, көмүскө нерселер көп“.

Жоомарт Кадыралиев – КР эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

– Кыргыз эилинин атрибуту болгон “Манас” эпосун дүйнө элдери кеңири билгени мени кубандырат. Менимче, бул маселени эмоцияга алдырбай шашпай талдоо керек. “Манас” кытайдагы кыргыздардын деле чыгармасы, алар да бул эпос менен сыймыктанат. Жыпар Жекшеевдин айткандарына караганда “Манас” эпосу Кытай мамлекети эмес, ал жердеги ЮНЕСКОнун бөлүмү тарабынан сунушталып өткөн экен. Демек бул жерде ал мамлекетти күнөөлөш болбойт. Менин билишимче азыр аны оңдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Шашпай акыл калчап туралы.

«Кабар» МА, 27.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.