“Манас” кетсе, кыргыздын маданиятына гана эмес, жашоосуна да чоң жарака кетет”

“Айтыш” коомунун жетекчиси Садык Шернияз менен маек.

Садык мырза, өткөн жумада Кытай эли биздин улуттук руханий байлыгыбыздын туу чокусу болуп эсептелген “Манас” эпосун “ЮНЕСКО” уюму аркылуу өздөрүнүкү кылып менчиктеп алганы белгилүү болду. Ушул жөнүндө уккан- билгениңизди кенен айтып берсеңиз?
– 2-октябрь күнү Араб Эмиратынын борбору “Абу-Даби” шаарында “ЮНЕСКОнун” чоң кеңешме жыйыны өтүп, ошол кеңешмеде “Манас” эпосу-“ЮНЕСКОнун” руханий дүйнөсүнүн шедеври деп аталды. Албетте, биздин улуу мурасыбыз дүйнөлүк тизмеге киргени абдан сыймыктануучу нерсе. Бирок, бул иш-чаранын эң эле өкүнүчтүү жери, “Манас” эпосу биздин элдин атынан эмес, Кытай эл республикасынын атынан кирип калганы болду. Бул окуя биздин элди абдан ойлондура турган чоң маселе. Азыр бул маселеде биз күнөөлүүлөрдү издөөнү максат кылган жокпуз. Кытай эли “Манасты” Кызыл-Суу автономиялык областында жашаган кыргыздардын атынан киргизишиптир. Балким, алардын бул аракети маданиятты көтөрөйүн деген максаты болсо керек. Буга дагы жакшы көз караш менен караса деле болот. Бирок, мунун аягы келип биз үчүн кооптондуруучу чоң окуяга айланып олтурат. “Манасты” бүт дүйнө жүзү Кытай элине таандык экен”- деп ойлоп калуу коркунучу бар. Себеп дегенде, “ЮНЕСКОнун” расмий сайтында Кытай республикасынын атынан “Манас”-деп жазылып турат. Мындай тизмеге кээде көп өлкөлөр катары менен кирип калган учурлар болот. Мисалы, Нооруз майрамы Азербайжан элинин демилгеси менен “ЮНЕСКОнун” шедеврлеринин катарынан орун алган эле. Бирок, бул майрам жеке эле жогоруда аталган өлкөгө эле эмес, Индияга, Пакистанга, Түркияга, ж. б. өлкөлөр менен кошулуп биздин өлкөгө да таандык экени белгиленген. Ал эми “Манас” “ЮНЕСКОго” бир гана Кытай элинин атынан кирип жатпайбы.

Ошондуктан азыр бизге тезинен коомдук кеңири пикир жаратып, “Манас” эпосу биринчи кезекте биздин элге таандык экенин далилдеп көргөзүп, “ЮНЕСКОго” Кытай элинин атынан эмес, кыргыз элинин атынан кириши абзел. Кезинде биздин ата-бабаларыбыз жазган таш жазуулары азыр дүйнөгө байыркы Руникалык, Орхон Эне – Сай жазуулары деп таанылып кетти. Муну азыр кыргыз элинин байыркы жазуулары деп айтсак, дүйнө эли шылдың менен карашат. Чынында ал таш жазууларды биздин ата-бабаларыбыз жазган да. Мына ушул улуу байлыгыбызды башка элдерге тарттырып жибердик. Эми “Манасыбыз” калды. “Манасты” тарттырып жиберсек, кыргыздын руханий, маданиий дүйнөсүнө эле эмес, жашоосуна да чоң жарака кетет. Эбегейсиз жоготууга учурашыбыз мүмкүн.

Кытай өкмөтү “Манасты” биротоло менчиктөө аракетин көрүп жаткандыгын уккан элек. Бул жөнүндө биле алдыңызбы?
Чынында “Манас” Кытайга таандык деген түшүнүк күч алып баратат. Себеби, бүгүнкү күндө Кытайдын эң абройлуу, эң көп нускалуу басылмалары “Манас” кытай элине таандык деген пикирлерди байма-бай жазып жатышат. Биз мындай маалыматтарга тезинен бөгөт койбосок, кырдаал татаалдашып кетет. Кытай эли 1 миллиард, 350 млн. эл экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Жайылуу, сиңүү өтө бат болот.

Биздин жерде бир топ залкар манасчылар жашап өткөн жана учурда да манасчылардан уучубуз кур эмес. “Манастын” 1000 жылдык мааракеси бизде дүйнөгө даңазаланып белгиленген. Айтор, “Манаска” тиешелүү тарыхый жерлерибиз жана эпоско байланыштуу иш-чараларыбыздын баары жокко чыгарылып кетпейби?
– Бул маселелер жокко чыгарылбайт. Бирок, “ЮНЕСКО” дүйнө жүзү боюнча маданияттын эң кадыр-барктуу уюму. Эгер, бул уюм “Манасты” Кытай элиники деп таанып жатса, биздин “Манаска” байланыштуу иш-чараларыбыз бара-бара унутта калып кетет. Анткени, азыр маалыматтын заманы. Кийинки муундар бул жаңылыкты жеңил кабыл алып калышат.

2-октябрдан бери 20 күндөн ашуун убакыт өтүп кетти, биздин расмий бийлик бул жагымсыз окуя боюнча эч кандай чара көрбөгөнү байкалат. Же бийлик өкүлдөрүнө бул жаңылык жетелекпи?
– Биз, “Айтыш” коому жана “Манас мурас” уюму тез аранын ичинде бул маселе боюнча чара көрүүлөрүн өтүнүп, 22синде Президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кат жөнөттүк. “ЮНЕСКО” балким бул чечимди жаңылыш катары кабыл алып жүрбөсүн деп, бир жумадай күттүк. Эч кандай жаңылыштыгы жок эле, тактап койгон өңдүү болуп калды. Бул жаңылык дүйнөлүк басылмаларга жайылып жаткандан кийин гана түшүнүктүү болду. “Манасты” башка элге тарттырбай, сактап калыш үчүн мен кыргызмын деген атуулдун бири да калбай колдон келген аракетин аябашы зарыл.

“Манастын” Кытай элине таандык болуп калышына биздеги “ЮНЕСКО” бөлүмүнүн жетекчиси Ж. Жекшеевдин, Маданият министрлигинин кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экени айтылууда. Бул боюнча пикириңиз кандай?
– Мен азыр кимдир бирөөнү күнөөлөштөн алысмын. Азыр бир гана максатты көздөгөнүбүз туура болуп турат. Аныбыз тезинен “ЮНЕСКОнун” тизмесин оңдоо болуп саналат. Ал эми ким канчалык күнөө кетирди аны, кийин биздин тиешелүү органдарыбыз териштирип алат деп ойлойм. Жекшеевди депутаттар парламентте бул маселе боюнча кенен суракка алса болот. Азыр биздин ар бирибиздин ата мурасыбызга доо кетип жатат. Доо кетирбеш үчүн, бардык ишке даяр болушубуз зарыл.

Кыргыз эли эмнеси менен сыймыктанат? Экономикасы мененби? Биздин бюджетибиз Казакстандын бир областы Жамбылдын экономиксына жетпейт. Же Американын бир штатынын бир районунун эле экономикасы. Башка эмнебиз менен мактанабыз. Биздин эч нерсеге алмаштыргыс эки чоң байлыгыбыз бар. Бири тилибиз, экинчиси маданиятыбыз. Дагы кайталап айтарым, биз бүгүн тезинен таасирлүү коомдук пикирди жаратышыбыз керек.

Эми сиз башында турган “Айтыш” коому тууралуу учкай кеп кылалы. Маданияттын үч чоң багытын, биринчиси төкмөлүктү, экинчиси “Калемгер” адабий клубун жана “Айтыш” киностудияңыз аркылуу кино тармагын да көтөргөнгө аракет кылуудасыз. Бирок, эмнегедир акыркы убактарда “Айтыш” фильмге көп ыктап, Москвада ВГИКте да окуп жүрөсүз. Мунун сыры эмнеде?
– Төкмөлүк өнөрдү өстүрүүдө он жылдын ичинде бир топ зор иштерди аткардык. Бул убакыттын ичинде төкмө акындардын күчтүү бир агымы өсүп чыкты. Он жылдын ичинде 500 миллион сомдой каражат сарпталыптыр. Бирок, мынча каражат, көптөгөн демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып келди. Айтор, төкмөлүк жаатындагы иштерибиз аксаган жок. Эки жылдан бери президент өз кароосуна алып, жыл сайын президенттин кубогун өткөзүп келатат. Ал эми жаш акын-жазуучуларды колдоо, өстүрүү ниетинде түзүлгөн “Калемгер” адабий клубунун жүргүзгөн иштеринде андай деле көзгө жаркырап көрүнө турган ийгиликтер аз. “Калемгердин” атынан бир нече китептер чыкты. Учурда бул адабий клуб Жазуучулар союзу менен бирдикте иш алып барууга аракет кылып жатат. “Айтыш” фильминин түзүлгөнүнө 3 жылдай убакыт болуп калды. Негизи кино багыты чоң каражатты, акыркы үлгүдөгү техникаларды талап кылып турган татаал багыт экен. Балким, акыркы убактарда көбүрөөк көңүл бурууга себеп кылган да ушул маселелер деп айтсак болот.

Ушул кино багытында жүргүзүп жаткан иштериңиздин ийгиликтерин айта кетсеңиз?
– Кыска убакыттын ичинде эле онго жакын көркөм фильмдер, ондон ашуун документалдуу фильмдер тартылды. “Айтыш” фильм киностудиясында тартылган фильмдер 100дөн ашуун эл аралык фестивальдарга катышып келди. Жыйырмага жакын эл аралык фестивальдарда байгелүү орундарды ээлөөгө жетишти. Мисалы, “Кам санабаңыз” деген фильмибиз Тегеранда 15 миң доллар, “Парз” деген фильмибиз болсо Астанадан 3 миң доллар байге утуп алды.

Ал эми мен өзүм Москвада 2 жыл режиссерлук курсун окуп бүтүп, учурда ошол эле окуу жайда продюсерлик курсун окуп жатам.

Акыркы суроом, жакында эле агаңыз Болот Шерниязовго “Көк-Бөрү” федерациясына байланыштырып кылмыш ишин козгоп жибербедиби. Сиз бул боюнча кандай пикир айта аласыз?
– Чынында мен агамдын саясий көз караштарын толугу менен колдой бербейм. Бирок, Болот агам менен мен чексиз сыймыктанам. Анткени, ушул агамдын баскан жолунан таалим алып өстүк. Унутта калып бараткан кыргыздын “Көк-Бөрүсүн” жогорку деңгээлге көтөрүп чыккан адамдын эмгегин эске албай, өздөрү жасап жаткан иштин далилин көрсөтө албай туруп, бийликтин мындай кадамга баруусу, абдан күлкүлүү иш деп баалайм. Болот агамдын элге кылып жаткан кызматтары али алдыда. Кыргыз эли баалап алаарына терең ишенем.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.