Бакудагы фестивалда кыргызстандык режиссердун фильми эң мыкты даректүү фильм деп табылды

“Старт” жаш кино фестивалында кыргызстандык кинорежиссердун фильми эң мыкты даректүү фильм деп табылды. Бул туурасында бүгүн Кинематографисттер союзунун төрагасынын орун басары Гүлбара Төлөмүшева билдирди.

Анын айтымында Баку шаарында жаңы эле аяктаган фестивалга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү Алижан Носировдун “Конуш” (“Стойбище”) фильми катышкан жана ал мыкты даректүү тасма деп табылды.

Тасмада тоодо карышкырлар менен топоздордун арасында жашаган үй-бүлөнүн турмушу баяндалат. Алар заманбап турмуштан бөтөн калып, жаратылыш менен эриш-аркак жашашат.

Алижан Носиров 9-декабрда Турцияда өтө турган “Айдын Доган” жаш таланттар фестивалында өзүнүн ушул фильмин тартуулайт. Буга чейин ал ноябрдын ортосунда Өзбекстанда өткөн “Жаңыланган диалогдор” форумунда аталган фильми менен катышып келген.

Н.Жумалиева, “Кабар” МА, 02.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.