Улуулар унутулбайт…

Өлүм түбөлүк, өмүр барактары өлчөлүү дегендей, ак менен карасы, жакшылык жана жамандыгы, кайгы-шаттыгы аралаш өтүп кетип жаткан уй жылында шум ажалга биз төкмө акыныбыз Майра Керим кызын, Эл артисти Шамшыбек Өтөбаевди, композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаевди алдыртып ийдик. Жыл тогошоор алдында көзү өтүп кеткен өнөр адамдарын эскербей коюу мүмкүн эмес эле.

Өлүмгө кыйбас жан эле…
Көөдөнүнөн ар дайым ыр төгүлүп, шаңкылдаган кайталангыс үнү бар төкмө акын ооруп жүргөн мезгилде атайын кабарчыбыз барып, маектешип, көкүрөк сырын жазып келген эле. Ошондо “Дартым рак болгону менен, өнөрүм брак эмес. Дартты жеңем, өмүрдүн калган бөлүгүндө түмөндөгөн ийгиликтерди жаратам деген сезим менен күн кечирип жатам” деген үмүтү акталбай, акыркы аманат-керээзи аткарылбай, жакындарын, өнөрүн сыйлап-баалап, айтыштарда санын чаап каткырып “Ии, бали!” деп коштоп, кол чаап уккан күйөрмандарын кейишке салып кете берген эжени эскерип берген, Кыргыз Эл БаатырыТөлөгөн Касымбековдун жубайы Элмира Касымбекова болду.

Элмира Касымбекова: “Кечирим сурашып ыйладык…”
– Аялдан чыккан төкмө акын Майра Керим кызы менен 2004-жылы таанышкан элем. Ага чейин сыртынан угуп-билип жүргөнүм эле болбосо,бет-маңдай кезигише элек болчубуз. Ошол жылы Төлөгөн Касымбековдун “Кыргын” романынын бет -ачаары менен кошо уулубуз Асылбекке элден бата алалы деген ниет менен тойго киши чакырдык. Караколдон Майра Керим кызын чакыралы дешкенде, “ушул кыш күрөөдө бала-бакырасын таштап, тээ Караколдон келээр бекен?” дегем. “Төкөмдүн тоюнда төкпөгөн качан төгөм?!” деп сүйүнүчүн билдирип келип берген. Бетме-бет ошондо жакын таанышып сүйлөштүк. Бир күнү ырдаганын экинчи күнү кайталабай жети күн бою төгүп турду. Кетээринде ыраазычылыгымды билдирип “Мадонна” деп аталган идиш-аяк тартууладым. “Бул идишти сандыкка салып сактап, кийин кызыма берем” деп жетине албай кубанып турганы дале көз алдымда.

“Бул өнөрдү өчүрбөй улантып, аздектеш керек, талантыңызга таазим! Эми, жашоо-турмуш кандай?” деп калдым сөз арасында.

“Ала-Тоо жаңы конушунда жерибиз бар, үй тургуза элекпиз. Жолдошум айдоочу эле, азыр бош. Домбраны каккылап мен беш Кыдыкты багып жатам, – деп тамашалап айтып калды. – Шаарда убактылуу жайгаша турган жерибиз болсо тамды салып алсак жакшы болмок” дегенин угуп, “Мен аксакалга кеңешип көрөйүнчү” деп айттым. Аял катары жардам көрсөткүм келди. Ошондо Касымбековго айтып, ары чыгып,бери чыгып жатып, “Сары-Челек” мейманканасынан эки бөлмөлүү люкстан орун бердик. Жашап турушту. Улам бир чакырган тойго барып,өнөрүн элге тартуулап жүрүп үйүн баштаган. Үйүнүн пайдубалын биз түптөтүп бердик.

2005-жылы Алматыдагы Жазуучулар союзунан биздин акын-жазуучуларга чакырык келиптир. Он эки кишиден турган топ түзүлүп, башында Касымбеков болуп калды.Ошондо бул киши Эстебес Турсуналиевге кайрылып “Эстеке, жүрү сен казак калкынын да акынысың” деп болбой топко кошуп алды. Анан “төркүнүңө төркүлөтүп келейин” -деп Майраны да ээрчитти. “Оо, Төкө! Рахмат!” -деп маңдайы жарыла сүйүнүп, жолду ката Эстеке экөө ырдап барышкан.

– Эстеке, мени алыңызчы?- деп Майра айтса, анда ал киши:
– А мен Раямды кантем?! Аны эч кимге алмаштырбайм! – десе, кыраан-каткырык, күлкү аралап кетти.
Майра болсо чочуп:
– Жо-ок, андай эмес, менин да күйөөм бар,-деп актанып жатат. “Эл шайырлар” тобуна алыңыз деп жатканын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Болгону Эстеке бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы деп тамашалап, бизди күлдүрүп жаткандагысы да. Ошол күндөрү Майра агынан жарыла ырдап, чындап кубанганына күбө болгон жакшы күндөр өттү эле.

Анан кырсыкты кайдан дегендей Караколго калыс катары барып, тез жардам менен ооруканага жатып калыптыр. Угуп эле жөнөдүм. Операциясы болуп бүтүп, шакирти Жыпар Кожоева үстүндө карап , багып туруптур. “Төкөм мага байбичесин жөнөтүптүр” деп ыраазы болуп жатты.

Анан мен кырсыктап калган учурда келбей койду. Кийин келген экен, “Майра, мен сени аябай күттүм эле! Мен жакшы сөзгө муктаж болуп турганда кайда жүрдүң?!” деп катуу таарыныч кылдым. Кечирим сурады, мен жазыла албай жүрдүм.

Бир күнү чалып калды. “Элмира, мен Мамакеевге түшүп калдым” деп. Көңүлү көтөрүлсүн деп гүл көтөрүп алып барып, Касымбеков Мамакеевге кирсе ал киши “Колдон келгенин аябайбыз, бирок кеч келип калды. Эми бир Кудайдын колунда” деди. Карасам кызыл-ала шейшепте жатат. “Сендей акын буралып, ак шейшепте жатыш керек!” деп апакай сүлгү, шейшеп бердирсем, “Сен айткандай жүзүмдү аарчып, буралып жатып жүрбөдүмбү” деп айтып жүрдү. Ошол ооруп калганында экөөбүз ыйлап кечирим сураштык. “Көңүлүмдө эле жүрдүң. Балдарды багам, үйдү бүтүрөм деп эле чыгынып чыга албай, келе албай калдым” деп ыйлады. “Элмир дос, Төкөмдү сөзгө, эпке келтирген сенсиң. Сага аманат, көзүм өтүп кетсе Торгунду сага тапшырдым” дегенин угуп, коркуп чочуп кеттим да “Кой антип айтпа, ага-тууганы, атасы турат. Сөзүңдү кайра ал!” дедим. Анткени аманат дегенди аткарыш кыйын да. “Анан экинчи өтүнүчүм, аз эле убактым калды, көзүм өтүп кетсе сөөгүм өзүм биринчи босогосун аттап, ырдап чыккан жерим Опера жана Балет театрынан чыксын! Элим менен коштошуу расмиси ошол жерден өтсүн. Келген элдин баарынан эле министрликке айттырып жатам. Төкөм Баатыр, анын сөзүн угушат” десе кучактап алып ыйладым.

Айла жок, баарыбыз Кудайдын колунда экенбиз. Көзү өтүп кете берди. Керээзи деп Опера жана Балетти суранып, министрликке көп жолу чалдык. Бирок, эмнегедир катчы кыздары “министр жок” деп байланыштырбай коюшту. “Касымбеков суранып жатат” десем, Касымбековдун ким экенин билбеген катчы кыздар бар экен. Телефондорубузду да калтырып жүрдүк. Сөзүбүздү жеткире албай калдык… Кийин “Титулу жок экен” деген жооп айтышканын уктук. Көрсө наамы жок экен. Ал наам эмне?! Элдин жүрөгүндө калганы, артында ырлары ырдалып, жүргөнү эле чоң наам да! Эркектер менен тең тайлаша ырдап, жаман-жакшы сөздөрдү угуп, айтышка түшүп жүргөн таланттын сөөгүн жерге коёрдо көп нерсеге нааразы болдум. Жалпы Республикалык деңгээлде узатыла турган адам эле баасын таппай кетти. Жада калса, Тоң райондук маданият үйүндө “Көкөй Кестинин” музыкасы табылбай, айла жоктон өзүнүн айтыштагы ырлары кайталанып турбадыбы. Күйөөсү Канатка эле күч келди. Баарын өзү көтөрдү. Жок дегенде облустук деңгээлде көңүл бурулуп койсо болмок болчу.

“Аялдын калтарысың!” деп арноо ырларын арнады эле, жүрөгүмдө калды, жазылып калды. Шаңкылдаган үнүн уккан керемет күндөр көп болгон. “Башыңдагы суусар тебетейиң, улуттук сайма көйнөгүң менен кийип жүрсөң бутуңа куп жарашат” деп үстүндө оймосу бар туфли белек кылдым эле. Кийбей калды. Эми эмне дейин, арбагы ыраазы болсун!

Сагынганда келбес…
2009-жылдын 8-сентябрь күнү КРнын Эл артисти, коомдук ишмер Шамшыбек Өтөбаев жүрөк оорусунан ооруканада көз жумду. Көзү тирүү болгондо үлгүлүү жар, ардактуу ата болгон Шамшыбек Өтөбаев декабрда 60 жашка толмок.

Кыргыз эстрадасынын түптөлүп-өсүш жолунда зор эмгек жасаган ырчы, обончу, композитордун калк арасына кеңири тараган “Атама”, “Ата Журт”, “Сага”, “Сагынганда бир келээрсиң” аттуу ырлары ооздон түшпөй ырдалып турганда Шамшыбек аганын аты өчпөйт.

Жигит өлбөс болсочу!..
Белгилүү композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаевдин кырктын кырына чыкпай оо дүйнө салганы үй-бүлөсү, ага-тууганын гана эмес ыр жандуу кыргыз элин, күйөрмандарын да “Аттиң!..” дедиртип аза күттүрдү.

2009-жылдын 9-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн өткөн улуу таланттын кыргыз музыкасына кошкон салымы менен көптөгөн эстрада ырчыларынын жылдызын Кыргызстандан сырткары да жандырып, тааныткан эмгегин өлчөп болбос!

Кадырбаевдин чыгармачылык жолундагы жылдызы жаркырап жанган күн деп 2004-жылдын 31-августун баса белгилеп айтсак болот. Анткени, бир жыл талыкпай эмгектенген музыканттын “Махабат жылдызы” аттуу биринчи улуттук “мюзиклинин” бет ачары “Туңгуч” театрында болуп өтөт.

Жубайы, композитор Райхан Бейшеналиева: “тамашасына канча кабылдым”
– Көп жыл эриш-аркак жашаган жакын адамыңызды жоктоп эскерүү сиз үчүн оор болсо да, окурмандар үчүн сиздин маек маанилүү деп кайрылдык?
– Эрик экөөбүз студент кезибизде таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Үйлөнүп жатканда ал менин атама сөз берген, “Ата, кызыңыздын окуусун бүтүртөм. Иштейт, мага көз каранды болбойт” деп. Кийин мен окуумду бүтүп, КТРде редактор болуп иштеп калганда атам “Рахмат балам! Сөзүңө туруп, убадаңды аткардың” деп аябай ыраазычылыгын билдирген эле. Раматылык атам Болот Бейшеналиев да музыкант эле, Эриктин жетишкендиктерине кубанып “Мына, менин балам! Көрдүңөрбү кандай жасаган!” деп мактаныч кылып айтып калаар эле.

Эриктин мүнөзү жоош, абдан сылык, дипломатиясы күчтүү адам болчу. Ким менен болбосун тил табыша билчү. Канчалык ачуусу келбесин, акырын гана айтып койчу. А менин тескерисинче, ачуум тез келип, тез таркайм. Ошондой учурда “Райка, сен ушул мүнөзүңдү бир түздөчү…” деп айтып калчу. Өтө боорукер жан эле.

Үй-бүлөлүк турмушта албетте, өйдө-төмөн болот да. Өйдө болгонуна сүйүнүп, төмөн болгондо чөкчү эмес. Мен аял киши, ашкана ээси болгондон кийин “ал жок, бул жок…” деп калсам, акырын гана “мяушка, – мени ушинтип эркелетчү, – жашоодо бар болот, жок болот. Барга көппөйлү, жокко чөкпөйлү. Болот!..” деп коёр эле.

Манты, оромону аябай жакшы көрчү, ошон үчүн көп жасаар элек. Андайда балдарга “кана, ким биринчи?” деп жарыштырып, өзү да түйүшүп жиберчү.

Улуу балабыз Нурсултан менен Аруукенин аралыгы өтө алыс. Кызын аябай күткөн. “Баламдын атын атам койгон, кызымдыкын өзүм коём” деп Арууке деген атты өзү тандаган. Кызын скрипкага берем деп жүрчү, буюрса эмдиги жылы барат. Уулубуз “Ата, сиздей болуп чыга албайм!” деп башка кесипти тандаганда макул болду, жактырды. Анткени, өзү “Музыкант кишинин аты чыгыш керек. Бар болсоң бол, болбосоң жок бол. Орто заар болуп жүргөндүн кереги эмне?!” деп айтаар эле. Балабызга “Мен ооруп калдым, бирок турам. Биз түбөлүк жашабайбыз. Кезеги келгенде акыр бир күн кетебиз. Айткандарымды эсиңе түйүп кал” деп көп насаат айтып кетти эле. Уулубуз да ата сөзүн актап, жакшы окуп жатат.

– Тамашалап, кимдир бирөөлөрдүн үндөрүн туурап көп сүйлөчү дешет?
– Ооба, мен өзүм тамашасына канча кабылдым.

2008-жылы Астанада өткөн Эл аралык композиторлордун конкурсуна Эрик өзүнүн ырын койгон. Ал ооруп калгандыктан конкурска мен барып калдым, ырчы Гүлзинат Суранчиева менен. Мейманкананын бөлмөсүндө олтурсак телефон чырылдады. “Силер Кыргызстандан келдиңер да?” “Ооба”. “Биз бул жактагы Кыргыз диаспорасынан болобуз. Сиздерди астында ресторанда күтүп турабыз. Шампан, банан алдык, бирок ананасыбыз жок” деди. Мен таң калып “Бул жерде ананастын кандай тиешеси бар, кереги эмне?” деп ойлоп, биз бош эмес экенибизди айттым. Телефондун ары жагындагы адам таарыныч кылып “Биз атайын Кыргызстандан келишти, жаңылыктарды угуп, бир аз сүйлөшүп олтуралы деп келсек” дегенинен кыйбай, чын эле атайын келишсе деп макул болдум. Түшсөк ресторанда да, кафесинде да бизди күткөн эч ким жок. Кайра бөлмөгө көтөрүлсөк телефондон “Биз сиздерди күтүп жатпайбызбы?” дегенинен ачуум келип “Ким бул тамашалап жаткан?! Эч ким жок турбайбы?” десем эле, каткырык күлкү…

Эрик күлүп “Райка сен мени тааныган жоксуңбу? Мен тамашамды түшүнсүн деп ананасыбыз жок дебедимби” дейт. А менин оюм бир орунда эмес болсо. Оюмда “ооруп жатты эле, кантти экен?”- деп Эрик мененмин, өзүм болсо конкурста жүрсөм. Орустардын “Самая обаятельная и привлекательная” деген кинофильминде Муравьёва “Ну если у вас нету ананасов мы придём следующий раз, когда у вас будут ананаса” деген сөзүн экөөбүз үйдө көп айтып тамашалашаар элек да. Ошол учурда ал менин такыр эле оюмда жок. Карабайсыңбы, үнүнөн такыр тааныбай койгонумду. Артисттик чоң шыгы бар эле да.

Биз жыйырма жылдан ашуун чогуу жүрүптүрбүз. Ага аябай көнүп калыптырмын… Эрик кеткенде аябай кыйналдым. Өмүр бою мага ал адам жетишпей, жоктоп өтүү кандай оор! Эми-эми өзүмө келип, ой топтоп чыгармачылыгын дагы да болсо элге жеткирейин деп китеп үстүндө иштеп баштадым.

Маектешүү учурунда Райхан эженин ойго чөмүлгөн көздөрүнөн жан шериги, жакы-ы-н адамына болгон сагыныч-кусаны окуп, түшүнүп жүрөгүм ооруп узадым.

Гүлнара Тойгонбаева: “Эриксон” деп койчубуз”
Эрик менен мамилебиз абдан жакшы, дос элек. Биз аны “Эриксон” деп койчубуз. Менин чыгармачылыктагы көп ийгиликтериме Эриктин түздөн-түз чоң салымы бар. Алардын үйүндө менин кийимим, тапичкем ар дайым турат. Бараарым менен өз үйүмө келгендей кийинип алып, эркин басып иштечүбүз. Менин репертуарымдагы эң жакшы ырларды (“Асылзат”) Эриктин жубайы Райхан жазып берген. Эрик менен Райхан сонун чыгармачылык тандем эле. Баласына ата катары жакшы тарбия берип, жакшынакай, ыймандуу бала кылып өстүрдү. Кызы Аруукени бөтөнчө эркелетип “жөжөшкам” деп койчу. Эмне дейбиз, Эрикти жоготуу биз үчүн оор эле болду. Эми Жаңы жылда Райханга, балдарына бул жыл жакшы жылдардан болушун каалайм!

М. Молдобекова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.