Азамат СЫДЫКОВ: “Өз элимдин уулумун”

Уй жылынын он экинчи айы аяктап, жакшы менен жаманды тең салмактап, жыйынтык чыгарар мезгил келди. “Агым” жылдагы салтынан жазбай, жылдын мыкты адамы деп Москвада окуп жүргөн айтылуу музыкант мекендешибиз Азамат СЫДЫКОВду тапты. Эмне үчүн Азамат Сыдыковду тандадык? Себеби, алыста жүрсө да кыргыздын намысын коргоп, Кыргызстандын туусун көкөлөтүп жүрөт. Дегеле жаштардын көпчүлүгү Азамат баскан жолду басып өтүшсө, анда бизде мыктылар дагы көп болмок. Биздин оюбузча, быйылкы жылы олуттуу жетишкендиктерди багынткан бирден-бир адам Азамат Сыдыков болду. Аны менен интернет аркылуу байланышып, маектештик.

Азамат, өз курдаштарыңа караганда көп нерсеге жетиштиң. Өзүңдү жолдуумун деп эсептейсиңби?
Ар бир адам ар кандай аракет кылат да. Бүгүнкү күнгө чейин көп нерсеге жеттим деп ойлобойм. Ооба, менде ийгиликтер тез-тез болуп турат. Бирок алар жетериме жеттим деп токтоп калууга мүмкүндүк бербейт. Артка кылчактабай, алдыга кетиш керек деп ойлойм. Мен жөнөкөй эле адаммын. Ошон үчүн өзүмө сын көз менен карап, өтө катуу мактоолорду жактыра бербейм. Мактоолорго караганда аз болсо да чын ниеттен айтылган сөздү жактырам.

Өтүп бараткан жыл сен үчүн кандай болду?
Абдан жакшы жыл болду. Ийгиликтүү жана натыйжалуу. Бул жылы мен Москва мамлекеттик консерваториясын аяктадым. Андан кийин кайра эле консерваториянын аспирантурасына өттүм. Италияга эл аралык конкурска катышууга барып, андан гран-прини жеңип кайттым. Көптөгөн залдарда, түрдүү публика алдында концерт койдум. Германиянын Байройт жана Веймар шаарларында кызыктуу сапарда болдум. Аякта Ференц Листтин ысмындагы эл аралык конкурска өз өлкөмдүн атынан катыштым. Ушул эле жылы чыгармачылык боюнча Россиядагы эл аралык академиянын эң жаш мүчөсү болуп калдым. Жыл мен үчүн ушундай болду.

Өзүм Барс жылы туулгам. Карьерада да, жашоодо да жетишкендиктер болоруна үмүттөнөм.

Көптөн бери алыста жүрөсүң. Ата мекениң тараптан кандай колдоо көрүп жатасың?
13 жарым жашымда Москвага кеткем. Он жылдай үйдөн алыс жүрөм. Жылына эки эле жолу апама келип кете алам. Мен Москва консерваториясынын алдындагы атактуу борбордук музыкалык мектепте окудум, анан консерваторияга өттүм. Өзүмдү мыкты музыкалык билим алдым деп эсептейм.

Ата мекеним мени мүмкүн болушунча колдоп келатат. Президент Курманбек Бакиев да жардам берип келгенин ыраазы болуу менен белгилегим келет. Бирок, акыркы кезде кыйынчылыктар мага абдан сезиле баштады. Моралдык да, финансылык да колдоого муктаждыкты катуу сезип жатам. Менин көздөгөн максаттарымдын элүү пайызы каражаттын гана жетишсиздигинен ишке ашпай келет. Чет өлкөлөргө конкурстарга катышууларды жана башка иш-чаралардын көпчүлүгүн өзүм төлөп келатам. Бизде меценат болуу жакшы өнүккөн эмес. Канча чоң-чоң ишкерлер бар, эмне үчүн алар четте турушат? Эгер орус маданиятынын тарыхына кайрылсак, анда ири өнөр жайчылар орус искусствосун алдыга сүрөгөнүн көрөбүз. Виктор Третьяков, Савва Мамонтов, Савва Морозов тарыхта өз убагынын мыкты ишкерлери катары эмес, орус маданиятына чоң салым кошкон адамдар катары калышкан. Дагы бир мисал, Америкада Эндрю Карнеги деген болгон, ал жүздөгөн миллиард доллар иштеп таап, аны Американын маданиятынын өнүгүшүнө арнаганы үчүн азыркыга чейин маданиятты колдоо боюнча америкалык программа иштеп келет. Ошон үчүн анын аты дүйнөдөгү эң мыкты залга, Нью-Йорктогу Карнеги-Холлго берилген. Альфред Нобель да өзүнүн болгон байлыгын Нобель сыйлыгын негиздөөгө мурас калтырган.

Бирок аз да болсо биздин өлкөдө маданият тармагында жандануу бар экенин белгилегим келет. Маданиятты ар тараптан колдогон адамдар да, уюмдар да бар экени кубантат. Ошон үчүн адамдар бир кездегидей мыкты өнөргө болгон “ачкачылыкты” сезбей келишет. Мисалы, “Азияуниверсалбанктын” активдүү ишмердүүлүгүн карасаңар, бизге Чоң театрдын дүйнөнү кыдырган артисттери, дүйнөнүн менменсиген маданий борборлоруна коюла элек сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү да келе баштады. Мен буга абдан кубанам. Ушундай оор учурда да бизге чыныгы жылдыздар келгенине сыймыктанам. Жогоркудай демөөрчүлүктөн башка мекемелер да, жеке адамдар да үлгү алса дээр элем.

Биздин өлкөдө спортсмендерди кандай колдоп жатышса, мени да ошондой колдосо дээр элем. А бизде укмуштай таланттуу жаш музыканттар бар. Алар Германиянын, Американын, Австралиянын жана башка дүйнөлүк музыка борборлорунда. Биз бардыгыбыз мамлекеттик деңгээлдеги колдоого муктажбыз. Мага колдоо керек, азыр көкөлөп гана турган кезим. Мындан ары да канат байлатып, жаңы жеңиштер үчүн шарт түзүү керек. Ал жеңиштердин 20 пайызы гана мага тиешелүү, калган 80 пайызы элимдики. Бирок, кандай гана болбосун, мен искусствого кызмат кылам. Бардык күчүмдү жана тапканымды өз келечегиме жумшайм. Мени Кудай колдоп турат. Муну дайыма сезем жана ишенем. Анан мени колдоп, суук көздөн коргоп жүргөн алтындай апам бар. Мына, менин турмушумдагы эки таянычым. Башка менде эч нерсе жок.

Музыка сен үчүн эмне? Илхамбы, атак-даңкпы, байлыкпы же жашоодогу башкы максатыңбы?
Музыка – бул менин жашоом. Ансыз өзүмдү элестете албайм. Моцарт жана Шопенсиз, Галуппи жана Рахманиновсуз жашоо жок. Мен жакшы көргөн ишимди иштеп келатам. Эч ким мени мажбурлаган эмес. Бала кезимден эле жүрөгүмө ушу татаал кесип жаккан. Атак-даңк, байлык анын натыйжасы гана. Өзүңдү өзүң машыктырып, чеберчилигиңди өркүндөтө алсаң, ал татыктуу баасын алат. Атак-даңк да дайыма татыктууну табат.

Кыргызстан сага азыркы жеткениңден артык эч нерсе бере албасы түшүнүктүү. Бирок башкы максатыңа жеткенден кийин качандыр бир кезде мекениңе кайтасыңбы?
Мен өз мекенин жамандагандарды жактырбайм. Ата-энени жана мекенди тандабайт. Өлкөм мүмкүн болушунча мени дайыма колдоп жатканын баса айткым келет. Ошон үчүн мага көңүл бурбай, кам көрбөй жатышат деп айта албайм. Кыргызстан – менин мекеним, туулган жерим. Кыргызстан – биздин улуу ата-бабаларыбыз жаткан жер. Мен ар дайым өз элимдин уулумун. Өз өлкөмдү дүйнөгө таанытуу үчүн бүт күчүмдү жумшайм. Анан сөзсүз мекениме кайтып келем. Качан келерим гана татаал суроо. Бул жактан мен кандай пайда келтире алам? Азыр 23төмүн. Жаш кезимде Москвада же Европада өлкөбүздүн аброю үчүн иштегим келет. Маданий окуялардын чордонунда болуп, өз ишимден жаңы бийиктиктерди багындырсам дейм. Ал ийгиликтерди менден, демек, Кыргызстандан эч ким тартып алалбайт.

Жаңы жылды кайда, кимдер менен тососуң?
Башкалардай эле мен да жаңы жылды үйдө, апамдын жанында тоскум келээр эле. Бирок, Москвадан Бишкекке чейинки авиабилеттин наркы Москвадан Буэнос-Айреске жете турган авиабилет менен бирдей баада. Ошондуктан келүүгө мүмкүн болбой жатат. Москвада досторум көп. Тилекке жараша, Лондондо окуган эки жакын досум да жаңы жылды тосуу үчүн Москвага келишти. Ошон үчүн зериккенге убакыт жок. Эски жылды ыраазы кылып узатып, жаңы жылды сүйүнүп тосуу керек.

Бизде үмүт-кыялы ишке ашпаган жаштар бир топ. Аларга жаңы жылда эмне каалайт элең?
Биздин жаштар эң таланттуу! Балким, айрымдарынын каалаганы ишке ашпай калгандыр, кээ бири кыйынчылыктарды көтөрө алышпагандыр. Бирок, башты жерге салып отура берүүнүн кереги жок. Дүйнө чексиз. Адамдын мүмкүнчүлүктөрү да чексиз. Ошон үчүн жакшы көргөн ишиңерди кылып, артка карабай, алды жакты гана ойлогула. Мен жаштарга бакыт, ден соолук каалайм. Чыдамкай элибизге да жакшылык, ар бир үйгө тынчтык, токчулук тилейм. Биз баарыбыз бактылуу болууга татыктуубуз.

Аскер САКЫБАЕВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.