Саргашка акын Амантай КУТМАНАЛИЕВ менен маек

– Амантай мырза, азыр сиз адабий китеп окуйсузбу?
– Окуйм. Кечээ жакында эле “Нуска” китеп дүкөнүнөн Мурза Гапаровдун “Экөөсү ээн бакта” жана Бейшебай Усубалиевдин “Түн” деген китебин сатып алып окуп чыктым. Азыр жаш жазуучу, иним Данияр Исановдун сыясы кургай элек эсселеринин жыйнагын окуп жатам. Чындыгында өзүмдү адабий чыгармаларды баса калган окурман деп эсептебейм. Бирок мурдатан көңүлүмө жагып келген жазуучулардын жаңы чыккан китептерин көз жаздымда калтырбайм. Албетте, мен алардын чыгармаларына сын деле бере албайм, бирок бала кезде окуп чоңойгон авторлордун кийинки чыгармаларын сагынат экенсиң.

– Сиз ырдап чыккандан башка терме, дастандарды жазасыз. Учурда сизди кайсыл тема толгонтуп келет?
– “Саргашканын санаты” деген китебим чыккандан бери терме деле жаза элек элем. Акыркы кездеги саясый окуялар кайрадан бул жанрга кайрылууга түрткү болду. Эми акын чалыш болуп жүргөндөн кийин “жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, бизди быйылкы кан төгүүлөр, коомчулуктагы башаламандык, элдин башын айланткан саясый алдамчылардын көбөйүп кеткени толгонтот экен. Акылым жеткендерди кагазга түшүрүп, быйыл үч терме жаздым. Аларды жаман компьютериме тыпыйтып терип, кагазга чыгарып, кечээ бир чети иним, бир чети мени менен үзөңгүлөш жүргөн төкмө акын Шекербек Адылов демөөрчү таап, өзүнүн чыгармаларын да кошуп, айтор экөөлөп атайын дискке жаздырдык. Демөөрчүлөр бул сиздердин акын катары акыркы окуяларга байланыштуу элге болгон кайрылууңуздар болсун дешти. Аталган дисктин көлөмү бир жарым сааттык болот го. Ал буюрса бир жуманын аралыгында колго тийип калат.

– Сиз жогоруда өзүңүздү акын чалыш деп айттыңыз. Бул өзүңүзгө берген бааңызбы? Деги эле сиз үчүн Амантай Кутманалиев ким? Акынбы, төкмөбү, жамакчыбы?
– Мен түз мааниде өзүмдү төкмөмүн же акынмын деп айта албайм. “Асаба” гезити чыгып турган жылдарда ошол кездеги журналист Каныбек Иманалиев менден интервью алып жатып төкмө акын Амантай Кутманалиев деп жазып жатканда мен ага төкмө деген ким, Алымкул Үсөнбаевдин убагында кандай төкмө болгонун айткам. Төкмө деп төрт тарабы төп келген ырчыны айтат. Төкмө деген кара күүлөрдү аткарып комуз да чертет. Бир жагынан үнү кубулжуп, обончу болот. Дастан ырдап, эпосторду айтат. Мына ошондой сапаты бар ырчыларды төкмө деш керек. А бизди жамакчы деп койсо болот. Эгер жамагыбыз түзүк чыкса анда мүмкүн бизди акын деп койсо болот чыгар. Биздей жамакчыларды илгери ырчы деп коюшчу. Союз учурунан бери кошуп ырдагандарды акын дей башташпадыбы. Азыр кээ бир жаш балдар гезиттерге төкмө деп эле чыгып жатышат. Ылайым эле алар келечекте өркөнү өсүп төкмө болушсун.

– Эч ким өз каалоосу менен акын же жамакчы боло албайт. Бирок ошентсе да кээде сиз айткан жамакчылар тууралуу сындар айтыла калат. Айтыш өнөрү майдаланып кетти, Жеңижок кана, Алымкул кана, Ысмайыл кана, Барпы кана дегендей. Сиз ушуга кандай карайсыз?
– Сын ар бир тармак боюнча айтылып туруш керек. Биз тууралуу да айтылып турганы жакшы. Анткен менен коомдо жашап туруп коомдон бөлүнүп калууга болбойт турбайбы. Ырас, азыр биздин деңгээл жогорудагы аты аталган төкмөлөргө жана Калыгул, Арстанбекке караандабайт. Бирок азыр коомчулук деле ошол Жеңижоктой акындардын чөйрөсүндөй эмес. Элдин сөз баалаган, нарк-насилди бийик туткан касиети кемип турган кез. Андыктан эшегине жараша тушагы дегендей ханы да, даанышманы да, акыны да учурдун өзүнө окшош болот турбайбы. Албетте, минтип күнөөнү бир гана мезгилге койгонго болбойт. Чыгармачылык дайым эле бир калыпта турбайт да. Биз деле кээде алактап кетебиз, бирде жамактап, бирде жарытылуу уйкаш таппай калабыз. Илхом келип турган учурда түзүк ырдайбыз дегендей. Анткен менен эл тарабынан айтылып турган сын жакшы. Ал бизге камчы болот.

– Быйыл филармонияга келип иштей баштаганыңызга 25 жылга аяк басып баратыптыр. Качантан баштап колуңузга комуз кармай баштадыңыз эле?
– Менин алгачкы устатым Эстебес Турсуналиев. 1986-жылы биздин айылга эмнегедир июль айында кар жаады. Талаадагы буудай комбайндын тишине илинбей калып эл чалгы менен чапкан. Ошол жылы Эстекем баштаган залкарлар айылыбыздын клубуна концерт коюп келип калышты. Эми ал учурда Эстебес Турсуналиевдин арааны жүрүп турган убагы. Аны келди деп уккан эл концертке түп көтөрүлө жөнөдү. Мен ал кезде комуз билчү эмесмин. Уялсам керек, көзүмдү чылк жумуп эле Барпы атабыздын стилинде колдорумду тиземе коюп алып жамактап кете берчүмүн. Талааларга чыгып кетип, эч ким жок жерлерде бугум чыккыча ырдачумун. Мындан улам тууган-уругум, коңшу-колоң мени апама ушул балаңыз акын болот деп койчу. Концертке Ташыбек деген байкем Эстекеме мени жолуктурам деп желкеден алып жетелеп барды. Теледен көрүп, радиодон угуп ал кезде Эстекем түшүмө кирип жүргөн учур. Анан ошол киши чукул эле келе калса, минтип жолугуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатса калтырап калат экенсиң. Ошентип кечинде клубга бардык. Ташыбек байкем алдын-ала сүйлөшүп койгон экен. Концерт бүткөндөн кийин мени сахнанын артына Эстекем отурган бөлмөгө жетелеп барды. Эми бул жолугушуунун мага тийгизген таасирин сүрөттөп бере албайм. Эстекем ырда деди, мен баягы адатыма салып көзүмдү чылк жумуп алып ырдап кирдим. Буга чейин акындардын амандашып жүргөнүн угуп жүргөм да. Ошол калыпка салып Эстекем менен каадалуу акындай учурашып, андан кийин жайдын күнү кар жаап салганын, мени бул жерге Ташыбек байкем алып келгенин, айтор эмне тууралуу ойлонсом ошонун баарын ырга салдым. Бир маалда Эстекем мени токтотуп, “бул баладан буюрса акын чыгат, айылда комуз билгендер болсо үйрөтүп койсоңор болмок экен” деп чекемен сылап, Ташыбек байкеме сентябрь айында филармониядагы эки жылдык курска жөнөткүлө деди. Мына ушундан кийин менин бул өнөргө болгон кызыгуум андан ары өркүндөп, бассам-турсам ыр курап, уй айдап келем деп үйгө келаткан уйубузду кайра талаага айдап барып алып таштын үстүнө Эстекемдей болуп отуруп, черимди жаза ырдап жүрдүм.

– Филармонияга келип окуп калдыңыз, анан…
– Кашайып, үйдөгү шартка байланыштуу мен филармонияга төрт ай кеч келдим. Ошол күндү зарыгып күткөнүмдү айтпа. Ал кезде Бишкекке келүү мага бейишке баруудай эле сезилген. Же бул шаарда туугандарыбыз жок. Өзүм жаш баламын. Бул ортодо туугандарыбыздын өлүм житими болуп кетти. Акыры эптеп Бишкекке жеттим. Келсем Эстекем гастролдоп кайсы бир мамлекетке кетип калыптыр. Мени ошол кезде филармонияга акын Шайлообек Дүйшеев баштаган комиссия кабыл алган. Окууга киришим дагы өзүнчө чоң жомок. Курска кабыл алуу сентябрда жүргүзүлсө, мен январда келип жатпайымбы. Анткен менен сынактан өтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Бул ыйык өнөр ордосуна ырчы Саламат Садыкова менен бир күндө келгем. Ал ырдап чыккандан кийин комиссия мени чакырып калды. Сыноо филармониянын сахнасында жүрүп жаткан экен. Ошондо мага бул имараттын сахнасына чыгуу космостук кораблге түшкөндөй эле сезилген. Ошондон бери филармонияда иштеп келем.

– Бул жерден алган айлык акыңыз үй-бүлө бакканга жетеби?
– Эми бул сурооңо жооп бербей эле коеюнчу…
– Филармонияда иштегениңизге 25 жыл болуптур. Кыргызга кызыл тилиңиз менен кызмат кылып келесиз. Сиздин эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы?
– Мен наамга кызыкпайм деле. Анткен менен бул нерсе деле моралдык колдоо болот экен. Мамлекеттин сыйлык бергени сени өкмөт акын катары расмий тааныды деген сөз да. Мен буга чейин мындай сыйга татыктуу боло элекмин. Баса… эч кимге айтпа, жакында документтерим жогор жакка жөнөтүлүптүр. Кандайдыр бир наамга же мактоо баракчасына көрсөтүшкөн го. Эми буйрук да, болсо жакшы, болбосо капа деле болбойм.

– Чоң сахнага биринчи жолу кайсыл жылы чыктыңыз эле?
– 1991-жылы биринчи жолу республикалык деңгээлде опера-белет театрында 60 акын катышкан чоң айтыш өткөн. Андан кийин айтыш көп эле өтүп жатат, бирок бул айтыш союз кулагандан кийин биринчи жолу өткөндүгү менен баалуу. Ошондо мен сахнага чыгып, эми кичинекей бала элге сүймөнчүк көрүнсө керек, ырдап аксакалдардан озунуп үчүнчү орунду алгам. Мен ушул жерден элдин көзүнө илиндим. Азыр ойлосом, ал учурда жүрөк курч экен. Ырдайт деген ушул экен деп эле эч кимдин көңүлүнө, аны-мунусуна карабай эле ырдай берген турбайбызбы.

– Сиз акын болом деп делөөрүп жүргөн кез союз учуру экен. Андан аз өтпөй эле союз кулап, маданият менен адабият каралбай калды. Башкача айтканда, сиз бала кезден көксөгөн тилегиңизге эми жеткенде ал баалуулуктун баркы кетти. Бул сизге кандай таасир этти?
– Ооба, бул кездер эми гана элге таанылып келаткан жаш таланттарды эле эмес, бүтүндөй өнөрдү аркалагандарды өксүттү. Бармактайыбыздан кыялданып келген максаттарыбыз көз алдыбызда талкаланды. Мен үчүн жалаң гана касиеттүү адамдар элге өз өнөрүн тартуулоочу жай деп эсептелген айылдагы клубдардын дээрлик көпчүлүгү ат сарай болуп кетти. Мындай абал өзүмдүн жеке турмушума да чоң таасир берди. Анын четин сен экөөбүз да чогуу көрүп калдык. Моралдык жактан да, материалдык жактан да катуу кыйналдык. Мен он алты жыл ижарада жашадым. Орустун, татардын, немистин алакандай болгон үйлөрүндө турдук. Бизди бирөө акын экен деп сыйлаганды мындай кой, көңүлүбүздү көтөрүп койбойт. Айтор, көрбөгөн азабыбыз деле калган жок. Менимче Садык Шер-Нияз болбосо айтыш өнөрү да, биз да жок болуп кетет белек, ким билет. Бул жагынан Сакенин эмгеги чоң.

– Сизге Саргашка деген ысымды ким берген?
– Мен Ашыкемден (Ашыраалы Айталиевден) көп сабак алдым. Бул киши деле мага Эстекем менен бирдей деңгээлде устат болду. Саргашка деген атты Ашыраалы атам мага кечээ жакында эле, мындан жети-сегиз жыл мурун берди. Ал мындайча болгон. Таласта Аманбаев деген айылда табият кырсыгы болуп, ырдап берүү үчүн Сакем (Садык Шер-Нияз) Ашыке, Тукаларды алып, биз кошо ээрчип ошол айылга барганбыз. Ошол жерде мен жыйырма мүнөттөй сабалап ырдагандай болгом. Анан Ашыке “акын деген мына, Саргашкам менин, Саргашкам” деп койду. Аны Сакем баштаган акындар илип кетип, ошондон кийин менин атым Саргашка болуп калды.

– Амантай мырза, Эстеке менен Ашыкени айтыш учурунда атаандаштары силердин эл ичинде аялдарыңар анан балдарыңар көп экен деп тамашалашчу. Сиздин канча жубайыңыз, канча балаңыз бар? Анүстүнө эки залкар менен эл аралап көп жүргөн экенсиз.
– Мен бул жагынан сакмын. Ала жипти аттаганым эсимде жок. Бир келинчегим, эки уулум бар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.