Этникалык музыканы аткаруучулар Бишкекке чогулушат

Бул жөнүндө 13-декабрда Бишкектеги басма сөз жыйынында “Кыргыз Аты” мекеменин жетекчиси Жаклин Рипар билдирди.

Анын маалыматы боюнча салтка айланган фольклордук образ- жылкыга байланышкан саясый репертуар менен этникалык музыканы кайра жаратуу жана сактоо үчүн улуттук семинар башталат. ”Илгертен бери бул жаныбар кыргыз көчмөн маданиятынын турмуштук булагы болуп келген, бирок азыркы учурда саясый социалдык жана экономикалык кырдаалдардан улам адамдар жылкыга байланышкан салт сыяктуу эле анын байыркы тукумун жоготууда”,- деп айтты Ж. Рипар.

Ал, семинар 4 жылдык долбоордун тыянагы экендигин белгиледи. “Биз этникалык музыканы аткарган адамдарды издеп, бүткүл өлкөнү кыдырып чыктык. Эми борборго Кыргызстандын бардык аймактарынан 25 адам чогулат, бир катышуучу Тажикистандан келет. Алар 25-30 композициядан турган диск жазышат. Ал дисктин көчүрмөсү улуттук архивке жөнөтүлмөкчү. Өлкөдө ар кайсы аймактардын өкүлдөрү менен ар кайсы муундагы адамдардын ортосунда байланышты күчөтүү зарылдагы өсүп жетти”, – деп тыянактады Жаклин Рипар.

Т. Мамбеткулов, «Кабар» МА, 13.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.