Санчы сынчы

(XVI-кылым)

Кой-кой десем болбойсуң,
Компоңдогон Кудаян,
Кордугуңду койбойсуң.
Көргөнүмдү айтамын,
Акыры түбү оңбойсуң.
Сен кара жолтой кандырсың,
Кадемиң каткан жандырсың.
Ушу сенин тушуңда,
Журт бузулат ушунда.
Калың кыргыз бузулат,
Качып, бозуп кысылат.
Калкка тиет кесириң,
Как талаада карайлап,
Какшап калат жесириң.
Каргашалуу Кудаян,
Каарданып эсирдиң.
Аз жыл калды карап тур,
Дүнүйөнү чачасың.
Жөөлүп алып токтобой,
Күн батыш карай качасың.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.