Мелис Маматжанов, жаш акын: «…Тыншап уктайт чөбү да жамгыр ырын, Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын…»

Кыргыз эли талантка бай эл келет эмеспи. Эки кишинин бири эки сапты уйкаштыра алаары турган иш. Ал эми өзү жаш болсо да көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыккан, Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык Академиясынын мүчөсү, жаш акын Мелис Маматжановду сөзгө тарттык.

– Бала кезиңизден баштап ыр жазып жүргөнүңүздү билебиз. Ошол кездеги Мелис менен азыркы кездеги Мелистин өзгөчөлүгү барбы? Деги эле ырларыңыздан өзгөчөлүктүн байкайсызбы?

– Бала кездеги Мелис, бир орунда турбаган, өтө шок болчу. Бала кезде эле көчөдөгү өзүм теңдүү балдар – кыздарды топтоп ар кандай оюн – зоокторду өткөрөөр элем. Өзүнчө топ түзүп алып көчөлөрдү кыдырып «концерт» коёр элек. Афишаларды жазып аны шып, мамыларга илээр элек. Эсимде, бир жолу өзүбүздүн көчөбүздө «депутаттык шайлоо » өткөрүп мен жеңип чыккам. Ушунун баарын уюштураар элек.

Азыр болсо ушул сыяктуу эле жаным жай албайт. Бала кез менен азыркы кездин айырмасы бир аз токтоо болуп калганым менен тыным албаганым ошол бойдон эле. Ырларымдан өзгөчөлүктү өзүм байкабайм. Болгон ырларымда өзүм болсом, демек, менин өзгөчөлүгүм ошол болмок…

Ыр жазуу сиз үчүн?

Ыр жазуу мен үчүн – өзүмдү жазуу…

– Азыркы учурда жаш акындардан эмнеңиз менен айырмаланам деп ойлойсуз?

– Азыркы жаш акындардан айырмачылыгымды – окурмандар анализдейт чыгар. Негизи эле ар бир акындын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мен негизи эле табиятыман сүрөттөөгө, салыштырууга, сезимге жакынмын. Ушул сыпаттар ырларыма билинбей жуурулуп кетет…

– «Апакемдин алмасы» аттуу китебиңиз чыкканын көпчүлүгүбүз билебиз. Дагы китеп чыгарайын деген оюңуз барбы?

– Негизи, китеп чыгаргандан соң манжам жеткидей да ыр жаза албадым. Бул тыныгуу мен үчүн оор да, мен үчүн олуттуу да секирүүгө алгачкы кадам деп тушунуп турган убагым…

Азыркы учурда устат- шакирт деген түшүнүк кеңири колдонула баштады. Ыр жазууда кеп- кеңешин айткан устатыңыз барбы?

– Албетте, кыйшык чийсең түздөгөн бир адам керек да. Устатым – Нарсулуу Гургубаева. Шакирт болуу эки эсе жоопкерчиликтүү. Биринчи өзүңдү уят кылбоо болсо, ошол эле учурда устатыңды да уят кылбоо керек. Устат болгон соң ырга, өзүңө болгон жоопкерчилик артылат экен.

– Бирөөгө таасирленип ыр жазышыңыз мүмкүнбү?

– Ооба, жаш кезде Алыкулду туурап далай ыр жаздым. Атайылап ооругум келип, кемзеримди да желбегей жамынып жүрчүмүн… Бирок, кийин ырды түшүнө баштаган соң антпей калат экенсиң. Адабиятта эн коркунучтуу – бирөөнү туурап калуу. Бирөөнүн көлөкөсүндө калуу… Бул нерсе ыр жазбай калгандан да коркунучтуу. Бирок, муну азырынча көпчүлүгүбүз түшүнбөй жатабыз… Акын болгон соң баарын жүрөк менен өткөрүүгө туура келет.

– Сиз үчүн сүйүүнүн орду канчалык?

– Сүйүү мен үчүн – сүйүү!!! Жүрөктүн сырын ырга айландыруучу курал. Сүйүү жөнүндө көп жаздым, дагы жазарым бышык.

– Жыл өткөн сайын ырларды акылга салып жазып калам деп коркпойсузбу?

– Ошол нерседен корком да корком. Мурдагыдай сезим менен жазып жатып эле акыл менен жан дүйнөңдү башкарып калганыңды билбей каласың да. Көпчүлүк акындар акылга салуу менен токтоп калат. Сезим бул – мөмөнүн ширеси сыяктуу. Даамы таңдайдан кетпей калат. Акыл менен жазылган ырлар ширеси жок шабдаалы жегендей эле кеп да. Акыл менен жазган ырларды бир окуп «ох, атааа, укмуш экен » деп бүтүп эле кайра унутуп каласын да!

Маегиңизге рахмат!

 

КҮТҮҮ

Дүйнөмө айдап кирдиң булуттарды,
Оо тагдыр, үйрөт эми унутканды!
Келүүчү жолдун учун карай берип,
Күтүүнүн көз айнеги сынып калды…

Көркөмүң башкалардан бөлөк өндүү,
Карегим көрө албайт бөлөк өндү.
Капыстан булут тосуп калдыбы деп,
Күн издеп жүрөт сенин көлөкөндү.

Издериң айтчы кайсы жерде калган?
Издедим сезимдерди демде калган.
Сураныч жок дегенде кайтарып бер,
Сүйүүмдү, жаштыгымды сенде калган.

Ичтеги бар күчүмдү топтойм эми,
Илептей уланбастан токтойм эми!
Келбесең келбе мейли өзүң билгин,
Күтүүнү сүйүп калат окшойм эми…
Күтүүнү сүйүп калат окшойм эми…

 

ТАТТЫБҮБҮ

Гүлдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берген экен туруштук.

Табиятка назиктиги жуурулуп,
Толуктаган жан – дүйнөсүн улуулук.
Таттыбүбү жаралбаса дүйнөгө,
Сулуу болбой калат беле сулуулук.

Жебе сымал эки кашы тартылуу,
Жүрөктөргө сиңип талант аркылуу.
Колу анын тийген үчүн, эх чиркин,
«Кызыл алма » болсо керек бактылуу.

Буйругуна бул тагдырдын көндү да,
Булут басып нур жаркыган өңүн да.
Жарыктык ай, жапжаш бойдон калсын деп,
Картаюсун каалабаптыр өлүм да…

Жалбырак да убактылуу термелет,
Жылдар өтөт ар бир күндү термелеп.
Жердин өзү ашык болуп, а балким
Бизден бөлүп кетсе керек эртерээк.

Гүлдөн алып жараткандай кубултуп,
Ай жүзүнөн чагылышып тунуктук.
Каранганда сынып кетпей бырчалап,
Кантип күзгү берди экен туруштук…
Кантип күзгү берген экен туруштук…

 

АДЫРЫМ

Азыр кечтим жыңайлак турпагын, ай,
Амансыңбы, төрөлгөн кыштагым ай….
Мандайында үйүмдүн дөңчө турат,
Боюнда бар аялдын курсагындай.

Тыңшап уктайт чөбү да жамгыр ырын,
Төлгөөсүндөй таштары тагдырымдын.
Кыйма-чийме жолдору түшүп турат,
Бырыш болуп бетине адырымдын

Куч-кубаты жуурулуп демге бүткөн,
Калдай болуп сезилет жерге бүткөн.
Койлор оттойт алыстан караганда,
Кайналыдай күбүлүп жерге түшкөн.

Мезгил — шамал токтобойт жарышам, ээ
Бала кезге баралбай алышам, ээ.
Кусаланып жүргөнчө бөтөн жерде,
Кучагында адырдын карысам, не?..

Ырларыма түшүрүп саймаларын,
Тирүүлүктө көркүнө байланамын.
Сендигимди далилдеп көз жумганда,
Сенин да бир дөңчөңө айланамын.
Сенин да бир дөңчөңө айланамын…

Даярдаган: Рыскүл Изатова, Каганат, 06.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.