Ч.Айтматовго байланыштуу маданий иш-чаралар

10-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында “Чыңгыз Айтматов жана музыка” аттуу концерт болот, деп билдирет “Кабар” МА. Бул туурасында 7-июнда маалымат агенттигинде филармониянын PR-менеджери жана концерттик программалардын алпаруучусу Светлана Ситоленко маалымдаган.

Анын айтымында, концертке А.Жумакматов атындагы Чоң симфониялык оркестри, К.Орозов атындагы Эл аспаптар оркестри, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана филармониянын солисттери катышат.

“Кабар” МАнын билдирүүсүндө, ушул эле күнү (10-июнда) Бишкекте  Ч.Айтматовго байланыштуу дагы бир маданий иш-чара өтмөкчү. Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” повести боюнча тартылган россиялык режиссер Сергей Тарасовдун “Ак булут артында” аттуу фильми көрсөтүлөт.

Иш чараны уюштуруу комитетинин төрагасы, “Манас-Ата” коомдук бирикмесинин президенти Юруслан Тойчубековдин айтуусунда, аталган тасма борбор калаадагы “Ала-Тоо” кинотеатры менен Кыргызстан Кинематографисттер үйүндө көрсөтүлөт. Мындай иш чара Ч. Айтматовду эскерүү күнүнө жана анын элесин түбөлүк сактоого арналган.

Сергей Тарасов “Петерс”, “Басып алуу” (“Перехват”), “Рыцарь сарайы”, “Князь Юрий Долгорукий”, “Кенчтин баасы” жана башка тасмалары менен белгилүү, ал эми “Ак булут артында” тасмасын 2009-жылы тарткан, деп эскертет “Кабар” МА.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.