Калдым

Оюнчулардын саны 6—10 киши.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.

Оюнга даярдануу. Оюнчулардын кезегин аныктоо үчүн арадан чыгат да баарынан бирден чүкө чогултат, алаканына тизгенден кийин аларды жерге чачып таштайт. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал оюнчунун кезеги биринчи болот, «таа» экинчи. Андан кийин калган оюнчулардын кезектерин аныктоо кайрадан чүкөлөр ташталат. Эгерде эки оюнчунун чүкөсү бирдей болуп түшсө, чүкөлөр кайрадан ташталат. Ошентип, бардык оюнчулардын кезектери аныктал» кандан кийин, чүкөлөрдү ыргытуу үчүн сызык сызылат. Ал сызык кийин чүкөлөрдү ыргытып тийгизе турган жер болот.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен бир бутун чүкө ыргытуу үчүн сызылган сызыкка коюп чүкөлөрүн (окторун) алысыраакка ыргытат. Көзектеги оюнчу мурдагы оюнчунун чүкөсүн уруп, анын ордун ээлегенге, сызылган сызыктан дагы алыс жылдырса болот. Көзектеги оюнчуларга мурдагы оюнчулардын чүкөлөрүн уруп жылдырбаса да болот. Андан кийин чүкөнү ыргытуу үчүн сызылган сызык «казына» болуп калат. «Казынага» оюнчулар бир катар кылып чүкөлөрүн тизип коюшуп, чүкөлөрү турган жерден атышып, «казынадагы» чүкөлөргө тийгизүүгө аракеттенишет. Биринчи көзекти алыстагы ашыктын ээси болот, акыркы жакындагы ашыктын ээси.

«Казынадагы» чүкөлөргө тийгизген оюнчу, чүкөлөрдү утуп алгандан кийин оюн кайрадан башталат.

Мурдагы оюнчулардын ыргытышкан чүкөлөрү «казынадагы» чүкөлөргө тийбесе жана үч тапан аралыктан алыс жатса, акыркы оюнчу аракеттенбей туруп «калдыш» деп катуу айтса, ал оюндун жеңүүчүсү болот.

Андан кийин оюн каалаган убакытка чейин кайрадан уланышы мүмкүн. Көп сандагы чүкөлөрдү уткан ойгончу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Чүкө ыргытчу аралыкты кыскартууга, ашыктарды ордунан жылдырууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек. Оюнду экиден болуп ойносо болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ийилчектик тарбияланат, аралыкты аныктоого, кол менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.