Жаңгак атмай

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаңгактар.

Даярдануу. Оюнчулар бирден жаңгактарын, катарга тизишип, жаңгак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, белгиленген аралыктан бирден жаңгактарын коюп турушуп, тизилген жаңгактарга тийгизе атууга аракеттенишет, Эгерде атылган жаңгак, сызыктагы жаңгактардын бирөөсүнө тийсе, ал жаңгакты утуп алат, утулган жаңгактын ээси сызыкка кайрадан жаңгагын койгондон кийин, ошол эле оюнчу аракетин жыдыганча (жаңылгыча) улантат. Эгерде атылган жаңгак тийбесе, оюндун кезеги башкага өтөт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кеп сандагы жаңгактарды утуп алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү: сака атмай, чүкө атмай, таш атмай,

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин аракетти кайрадан көзексиз улантууга тыюу салынат.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза болушу керек. Ыргытылган жаңгак сызыктагы жаңгактарга таамай тийсе эсеп болот. Башка буюмдарга тийип, тоголонуп барып тийсе, эсепке кирбейт.

Оюндун педагогикалык мааниси, Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, туура болжолдоого, чындыкка, тартипти сактоого үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.